https://sputnik.kg/20260515/zhaparovdun-kazakstanga-sapary-1101348652.html
Жапаров ТМУ жыйынында Кыргызстан санарип технологияны кантип өнүктүрүп жатканын айтты
Жапаров ТМУ жыйынында Кыргызстан санарип технологияны кантип өнүктүрүп жатканын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитинде сүйлөп... 15.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-15T18:36+0600
2026-05-15T18:36+0600
2026-05-15T18:36+0600
кыргызстан
казакстан
түрк мамлекеттер уюму
садыр жапаров
саммит
түндүк
санарип
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0f/1101348217_0:179:3006:1870_1920x0_80_0_0_b66aacdcf2d89a7577a7cab0c4854dca.jpg
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитинде сүйлөп, санарип жаатында Кыргызстандын жетишкендиктерин айтып берди. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Жыйын "Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү" темасы алдында өтүүдө. Жапаров дүйнө терең өзгөрүү баскычында турганын, ал эми технологиялардын ыкчам өнүгүүсү экономикага, билим берүүгө, саламаттык сактоого жана коомдук жашоонун бардык тармактарына таасир этип жатканын белгиледи. Анын айтымында, Бүгүнкү күндө атаандаштык ресурстар жана аймактар үчүн гана эмес, технология жана жасалма интеллект үчүн да жүрүп жатат. Мамлекет башчысы аталган тармакта Кыргызстан дагы маанилүү кадамдарды жасап, санариптик технологиялар менен жасалма интеллектини өнүктүрүүдө ийгиликтерге жетишкенине токтолду. Жапаров Кыргызстанда бардык мектептер жогорку ылдамдыктагы интернетке туташып, жогорку окуу жайларда заманбап билим берүү программалары ачылып, жасалма интеллект жаатында инфраструктураны жана ченемдик базаны өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтты. Өз сөзүндө президент өлкөдө жасалма интеллектти өнүктүрүүнү координациялоо үчүн атайын механизмдер, анын ичинде Бишкектеги Жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөнүн белгиледи. Мамлекет башчысы санариптик финансылык технологиялардын жана виртуалдык активдер рыногунун өнүгүшүнө көңүл бурду. Ал Кыргызстан жаңы финансылык ыкмаларды киргизүү, криптоиндустрияны өнүктүрүү жана тиешелүү укуктук базаны түзүүгө кадам шилтеп жатканын билдирди. Жапаров Кыргызстан эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана санариптик жана инновациялык технологиялар жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Мамлекет башчысы кыргыз тараптын демилгеси менен Бишкек шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун транспорт министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында эл аралык жүк ташуунун электрондук коштомо кагазын ишке киргизүү боюнча меморандумга кол коюлганын эске салды. Муну менен бирге Кыргызстан менен Түркиянын кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ТМУнун атайын кеңешин түзүү жөнүндө биргелешкен демилгеси тууралуу айтты, анын алкагында эл аралык издөө жана маалымат алмашуу боюнча санариптик системаны ишке киргизүү каралган. Мындан тышкары, президент электрондук кол тамгаларды өз ара таануу жөнүндөгү Келишим долбоорунун маанилүүлүгүн белгилеп, аны түрк мамлекеттеринин ортосунда бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү жолундагы маанилүү кадам деп атады. Сөзүнүн аягында Жапаров сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык коомчулуктун чоң кызыгуусун жаратып жатканын эске салып, мамлекет башчыларын жана өлкө делегацияларын алдыдагы оюндарга активдүү катышууга чакырды.
https://sputnik.kg/20260515/-bishkek-menen-moskva-kyzmattashtykty-keneytet-1101346292.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0f/1101348217_138:0:2869:2048_1920x0_80_0_0_39b97148efcac9fed37301a2603f0b0a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, казакстан, түрк мамлекеттер уюму, садыр жапаров, саммит, түндүк, санарип
кыргызстан, казакстан, түрк мамлекеттер уюму, садыр жапаров, саммит, түндүк, санарип
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитинде сүйлөп, санарип жаатында Кыргызстандын жетишкендиктерин айтып берди. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" кабарлашты.
Жыйын "Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү" темасы алдында өтүүдө. Жапаров дүйнө терең өзгөрүү баскычында турганын, ал эми технологиялардын ыкчам өнүгүүсү экономикага, билим берүүгө, саламаттык сактоого жана коомдук жашоонун бардык тармактарына таасир этип жатканын белгиледи. Анын айтымында, Бүгүнкү күндө атаандаштык ресурстар жана аймактар үчүн гана эмес, технология жана жасалма интеллект үчүн да жүрүп жатат.
Мамлекет башчысы аталган тармакта Кыргызстан дагы маанилүү кадамдарды жасап, санариптик технологиялар менен жасалма интеллектини өнүктүрүүдө ийгиликтерге жетишкенине токтолду.
"2026-жылы санариптик чөйрөнү өнүктүрүү, маалыматтарды жөнгө салуу жана жасалма интеллектти колдонуу үчүн укуктук базаны аныктаган Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси күчүнө кирди. Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдө олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Анын айкын далили – "Түндүк" порталы. Бул портал аркылуу жарандар 195 мамлекеттик кызматты онлайн режиминде ала алышат. Жарандарга электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы саны беш жыл ичинде 67 миллионду түзсө, анын ичинде соңку төрт айда гана 12 миллиондон ашты", — деди президент.
Жапаров Кыргызстанда бардык мектептер жогорку ылдамдыктагы интернетке туташып, жогорку окуу жайларда заманбап билим берүү программалары ачылып, жасалма интеллект жаатында инфраструктураны жана ченемдик базаны өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтты. Өз сөзүндө президент өлкөдө жасалма интеллектти өнүктүрүүнү координациялоо үчүн атайын механизмдер, анын ичинде Бишкектеги Жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөнүн белгиледи.
Мамлекет башчысы санариптик финансылык технологиялардын жана виртуалдык активдер рыногунун өнүгүшүнө көңүл бурду. Ал Кыргызстан жаңы финансылык ыкмаларды киргизүү, криптоиндустрияны өнүктүрүү жана тиешелүү укуктук базаны түзүүгө кадам шилтеп жатканын билдирди.
Жапаров Кыргызстан эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана санариптик жана инновациялык технологиялар жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Мамлекет башчысы кыргыз тараптын демилгеси менен Бишкек шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун транспорт министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында эл аралык жүк ташуунун электрондук коштомо кагазын ишке киргизүү боюнча меморандумга кол коюлганын эске салды.
Муну менен бирге Кыргызстан менен Түркиянын кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ТМУнун атайын кеңешин түзүү жөнүндө биргелешкен демилгеси тууралуу айтты, анын алкагында эл аралык издөө жана маалымат алмашуу боюнча санариптик системаны ишке киргизүү каралган.
Мындан тышкары, президент электрондук кол тамгаларды өз ара таануу жөнүндөгү Келишим долбоорунун маанилүүлүгүн белгилеп, аны түрк мамлекеттеринин ортосунда бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү жолундагы маанилүү кадам деп атады.
Сөзүнүн аягында Жапаров сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык коомчулуктун чоң кызыгуусун жаратып жатканын эске салып, мамлекет башчыларын жана өлкө делегацияларын алдыдагы оюндарга активдүү катышууга чакырды.