https://sputnik.kg/20260515/sadyr-zhaparov-kazakstanga-bardy-1101336900.html
Садыр Жапаров Казакстанга барды. Видео
Садыр Жапаров Казакстанга барды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапар менен Казакстанга барды. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты. 15.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-15T12:38+0600
2026-05-15T12:38+0600
2026-05-15T12:40+0600
казакстан
садыр жапаров
иш сапар
тажрыйба
тааныштыруу
түрк мамлекеттер уюму
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0f/1101336636_0:54:2560:1494_1920x0_80_0_0_bce073964d8a87403b5461da97492661.jpg
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапар менен Казакстанга барды. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты. Президент ал жакта өтө турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал саммитине катышат. Жапаровду аба майдандан коңшу өлкөнүн мамлекеттик катчысы Ерлан Карин жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Саммитке ТМУга мүчө мамлекеттер: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле ТМУга байкоочу мамлекеттердин башчылары жана уюмдун башкы катчысы бармакчы. Өзгөчө көңүл ТМУ алкагындагы биргелешкен долбоорго бурулмакчы. Анын ичинде санариптик транспорттук коридорду түзүү, эл аралык жүк ташуулар үчүн электрондук документтерди киргизүү, ошондой эле санариптик экономика жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү бар. Маалымат кызматынан бул саммит түрк мамлекеттеринин ортосундагы жасалма интеллект жана санариптик технологиялар тармагындагы кызматташууну бекемдөөнүн маанилүү этабы болуп каларын айтышты.
https://sputnik.kg/20260427/zhaparov-putin-menen-zholugushuu-1101006869.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0f/1101336636_9:0:2437:1821_1920x0_80_0_0_3f83a9d0217f5f995152b0b23c5ca512.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
казакстан, садыр жапаров, иш сапар, тажрыйба, тааныштыруу, түрк мамлекеттер уюму
казакстан, садыр жапаров, иш сапар, тажрыйба, тааныштыруу, түрк мамлекеттер уюму
Садыр Жапаров Казакстанга барды. Видео
12:38 15.05.2026 (Жаңыртылды: 12:40 15.05.2026) БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапар менен Казакстанга барды. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты.
Президент ал жакта өтө турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал саммитине катышат.
Жапаровду аба майдандан коңшу өлкөнүн мамлекеттик катчысы Ерлан Карин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Саммитке ТМУга мүчө мамлекеттер: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле ТМУга байкоочу мамлекеттердин башчылары жана уюмдун башкы катчысы бармакчы.
"Жасалма акыл жана санариптик өнүгүү" темасына арналган иш-чара болот. Анда президент Жапаров Кыргызстандын санариптик трансформацияны мыйзамдык жөнгө салуу, мамлекеттик санариптик платформаларды жана жарандарды электрондук тейлөө кызматтарын киргизүү, ошондой эле санариптик билим берүүнү өнүктүрүү тажрыйбасы менен тааныштырат", — дешти маалымат кызматтан.
Өзгөчө көңүл ТМУ алкагындагы биргелешкен долбоорго бурулмакчы. Анын ичинде санариптик транспорттук коридорду түзүү, эл аралык жүк ташуулар үчүн электрондук документтерди киргизүү, ошондой эле санариптик экономика жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү бар.
Маалымат кызматынан бул саммит түрк мамлекеттеринин ортосундагы жасалма интеллект жана санариптик технологиялар тармагындагы кызматташууну бекемдөөнүн маанилүү этабы болуп каларын айтышты.