https://sputnik.kg/20260515/mushkerdin-kolgo-chokkonu-boyuncha-1101337769.html
"Куткарам деп чуркап, пирстен секирди". Мушкер Жээналиевдин айылдашы окуяны баяндады
"Куткарам деп чуркап, пирстен секирди". Мушкер Жээналиевдин айылдашы окуяны баяндады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ысык-Көлдө окуучу кызды куткарам деп сууга чөккөн эрежесиз эр уруш боюнча мушкер Медет Жээналиевдин жанында жүргөн айылдашы Темирлан... 15.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-15T13:48+0600
2026-05-15T13:48+0600
2026-05-15T14:44+0600
кыргызстан
кырсык
ысык-көл
мушкер
пирс
медет жээналиев
куткаруу
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0f/1101338486_0:323:960:863_1920x0_80_0_0_a5cc3e4fd283ffa9cbc9d6f494f7201f.jpg
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ысык-Көлдө окуучу кызды куткарам деп сууга чөккөн эрежесиз эр уруш боюнча мушкер Медет Жээналиевдин жанында жүргөн айылдашы Темирлан Муктарбек уулу трагедиянын чоо-жайын айтып берди. Ошол күнү топ балдар көлдүн жээгинде футбол ойноп, сууга түшөт. Пирсте кичирээк үч кыз жүргөн. Толкун күчтүү болгондуктан кетмекчи болушуп, бир аз баса түшкөндө кыйкырык угулган. Темирлан ошол мезгилде күн ачык болгону менен шамалдан улам катуу толкун болуп жатканын кошумчалады. Мурдараак Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 31 жаштагы тургуну Медет Жээналиев Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан эс алуу жайларынын бирине жакын жерде чөгүп кеткени кабарланган. Ысык-Көл облустук милициясы кырсык 12-майда кечке жуук болгонун, маркумдун сөөгү эртеси 8:30да табылганын билдирген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери уланууда.
https://sputnik.kg/20260203/iim-baldar-chogup-ketken-kyrsyktyn-choo-zhayyn-aytty-1099494645.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0f/1101338486_0:263:960:983_1920x0_80_0_0_46b330ce540688b8bfe3eb033f5afb84.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кырсык, ысык-көл, мушкер, пирс, медет жээналиев , куткаруу
кыргызстан, кырсык, ысык-көл, мушкер, пирс, медет жээналиев , куткаруу
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ысык-Көлдө окуучу кызды куткарам деп сууга чөккөн эрежесиз эр уруш боюнча мушкер Медет Жээналиевдин жанында жүргөн айылдашы Темирлан Муктарбек уулу трагедиянын чоо-жайын айтып берди.
Ошол күнү топ балдар көлдүн жээгинде футбол ойноп, сууга түшөт. Пирсте кичирээк үч кыз жүргөн. Толкун күчтүү болгондуктан кетмекчи болушуп, бир аз баса түшкөндө кыйкырык угулган.
"Артты карасак эле пирстеги кыздардын бири чөгүп жатыптыр. Медет байкем дароо чуркап, пирстен секирди. Мен жээги менен сууга кирип бардым. Кызды кармап, жээкке сүзүп баратсам, бир байке байдарка менен келип калды. Бизди алып чыгып кетти. Ошол учурда байкемди (Медерди — ред.) таппай калдык. ӨКМге чалсак, жарым саатка жетпей келип калышты. Бирок караңгы кирип кеткендиктен издөө эртеси таңкы алтыда башталды. Саат 9 чендерде ошол жок болуп кеткен жеринен эле таап алып чыгышты. Эки кыз сууга түшүп, бирөө сууга түшпөй отурган. Ошол түшпөй отурган кыз чөгүптүр, алып чыкканда көрдүм. Суу муздак болгондуктан байкемдин буттары тырышып калды окшойт", — деди Муктарбек уулу.
Темирлан ошол мезгилде күн ачык болгону менен шамалдан улам катуу толкун болуп жатканын кошумчалады.
Мурдараак Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 31 жаштагы тургуну Медет Жээналиев Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан эс алуу жайларынын бирине жакын жерде чөгүп кеткени кабарланган.
Ысык-Көл облустук милициясы кырсык 12-майда кечке жуук болгонун, маркумдун сөөгү эртеси 8:30да табылганын
билдирген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери уланууда.