https://sputnik.kg/20260514/si-czinpin-menen-donald-tramptyn-zholugushuusu-bashtaldy-1101306915.html
Пекинде Си Цзиньпин менен Дональд Трамптын жолугушуусу башталды. Видео
Пекинде Си Цзиньпин менен Дональд Трамптын жолугушуусу башталды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-май. — Sputnik. Пекинде Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусу башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук... 14.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-14T09:35+0600
2026-05-14T09:35+0600
2026-05-14T09:40+0600
дүйнөдө
кытай
акш
си цзиньпин
дональд трамп
мамлекеттик сапар
кызматташуу
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0e/1101305429_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_d41163c28494af65090a6b97a2bb9703.jpg
БИШКЕК, 14-май. — Sputnik. Пекинде Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусу башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телевидениеси билдирди. Белгилей кетсек, америкалык лидер Кытайга мамлекеттик сапары менен кечээ келген. Бул — АКШ президентинин акыркы тогуз жылда Кытайга жасаган алгачкы сапары. Кытай лидери эки өлкө атаандаш эмес, өнөктөш болушу керектигин белгилеп, кызматташуудан эки тарап тең утушта болорун, ал эми каршылашуудан зыян тартарын айтты. Өз кезегинде Трамп кесиптешине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, сапарын чоң сыймык деп атады. "Жаралган тоскоолдуктарды ийгиликтүү чечип келдик. Талаш маселелер пайда болгондо мен сизге, сиз мага чалып жаттыңыз, көпчүлүк аны билген да жок. Бизди укмуштуудай келечек күтүп турат. Ушу тапта Кытай менен АКШнын мамилеси болуп көрбөгөндөй деңгээлде", — деген Трамп. Ал Вашингтон Пекин менен тең ата бизнес жүргүзөрүн убадалады. АКШ лидери сапарынын алдында бул визиттен үмүтү чоң экенин белгилеген. Кытай төрагасы менен Ирандагы кырдаалды жөнгө салуу жолдорун, энергетика жана Тайванга курал сатуунун келечеги тууралуу маселелерди талкуулай турганын айткан. Мамлекеттик сапар 15-майга чейин уланат.
https://sputnik.kg/20260425/makron-rossiya-aksh-kytay-evropa-karshylash-1100981734.html
кытай
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0e/1101305429_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_2b601595badeee2c6925c685c48b2f71.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, кытай, акш, си цзиньпин, дональд трамп, мамлекеттик сапар, кызматташуу
дүйнөдө, кытай, акш, си цзиньпин, дональд трамп, мамлекеттик сапар, кызматташуу
БИШКЕК, 14-май. — Sputnik. Пекинде Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусу башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телевидениеси билдирди.
Белгилей кетсек, америкалык лидер Кытайга мамлекеттик сапары менен кечээ келген. Бул — АКШ президентинин акыркы тогуз жылда Кытайга жасаган алгачкы сапары.
Кытай лидери эки өлкө атаандаш эмес, өнөктөш болушу керектигин белгилеп, кызматташуудан эки тарап тең утушта болорун, ал эми каршылашуудан зыян тартарын айтты.
"Эки өлкөнүн кызыкчылыгы ортодогу пикир келишпестиктен алда канча салмактуу, бул жыл эки тараптуу мамиле үчүн бурулуштардын мезгили болуп калышы керек", — деди Си Цзиньпин.
Өз кезегинде Трамп кесиптешине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, сапарын чоң сыймык деп атады.
"Жаралган тоскоолдуктарды ийгиликтүү чечип келдик. Талаш маселелер пайда болгондо мен сизге, сиз мага чалып жаттыңыз, көпчүлүк аны билген да жок. Бизди укмуштуудай келечек күтүп турат. Ушу тапта Кытай менен АКШнын мамилеси болуп көрбөгөндөй деңгээлде", — деген Трамп.
Ал Вашингтон Пекин менен тең ата бизнес жүргүзөрүн убадалады.
АКШ лидери сапарынын алдында бул визиттен үмүтү чоң экенин белгилеген. Кытай төрагасы менен Ирандагы кырдаалды жөнгө салуу жолдорун, энергетика жана Тайванга курал сатуунун келечеги тууралуу маселелерди талкуулай турганын айткан.
Мамлекеттик сапар 15-майга чейин уланат.