https://sputnik.kg/20260514/kuba-prezidentinin-bildiruusu-1101308548.html
АКШ куба элин бүк түшүрүү ниетинде. Өлкө президентинин билдирүүсү
АКШ куба элин бүк түшүрүү ниетинде. Өлкө президентинин билдирүүсү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-май. — Sputnik. АКШнын Куба боюнча саясатынын максаты — кубалыктарды чоң кыйынчылыкка жана жакырчылыкка кептөө. Бул тууралуу республиканын... 14.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-14T10:30+0600
2026-05-14T10:30+0600
2026-05-14T10:39+0600
дүйнөдө
куба
акш
энергетика
санкциялар
саясат
соода
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0e/1101308372_0:131:3173:1916_1920x0_80_0_0_87b0eaa9cc18cf6e4d64c45d2a53b840.jpg
БИШКЕК, 14-май. — Sputnik. АКШнын Куба боюнча саясатынын максаты — кубалыктарды чоң кыйынчылыкка жана жакырчылыкка кептөө. Бул тууралуу республиканын президенти Мигель Диас-Канель соцтармактагы баракчасына жазганын РИА Новости кабарлады. Анын айтымында, улуттук электр энергетикасы азыр кыйын абалда, эл көп пайдаланган кечки маалдагы болжолдуу таңсыктык 2 миң мегаватты түзүүдө. Бул — аралга ресурс жөнөткөн мамлекеттердин баарына бажы төлөмүн киргизем деп коркуткан Вашингтондун энергетикалык чектөөсүнүн кесепети. "Америкалык ЖМКлар куба элинин өжөрлүгүнө таң берүүдө. Экономикалык жана энергетикалык кысымга карабастан Куба кайрат-деминен кайткан жок", — деп жазды Диас-Канель. Саясатчы отун жүктөлгөн россиялык танкердин келиши таңсыктыкты жабууга жана электр энергиясынын өчүрүлүшүн азайтууга мүмкүнчүлүк бергенин, бирок өлкөнү толук кандуу камсыздоо үчүн ай сайын сегизден кем эмес ушундай танкер келип турушу керектигин белгиледи. Диас-Канель Кубаны 60 жылга созулган америкалык блокада да, Дональд Трамптын мурунку администрациясы киргизген катаал чектөөлөр да чөгөлөтө албастыгына токтолгон. Анын айтымында, Жо Байдендин тушунда санкциялардын жумшарышы "туура саясат Куба менен АКШ элине, эки тараптуу соодага, элдердин экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө өтө пайдалуу болмоктугун көрсөткөн". Президент Куба АКШ менен тең ата диалогго ачык экенин белгилеп, бирок ошол эле учурда "басмырлоого каршы турууну" уланта берерин билдирген. Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп Америка эми Куба менен алек болорун жар салып, бирок планын ачыктаган эмес. Кийинчерээк CNN телеканалы америкалык аскерлер февралдан тарта арал жээгинде чалгын иштерин күчөткөнүн жазган болчу. Трамп Иран бир жаңсыл болгондон кийин Кубага учак ташыган "Авраам Линкольн" кемесин жөнөтүшү мүмкүн экенин, бул аралга көз салып турууга жардам берерин кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20260503/kuba-lideri-akshnyn-opuzasyna-zhoop-berdi-1101105673.html
куба
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0e/1101308372_222:0:2951:2047_1920x0_80_0_0_18f1b1f85d8fee875f13f589eeba5037.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, куба, акш, энергетика, санкциялар, саясат, соода
дүйнөдө, куба, акш, энергетика, санкциялар, саясат, соода
БИШКЕК, 14-май. — Sputnik. АКШнын Куба боюнча саясатынын максаты — кубалыктарды чоң кыйынчылыкка жана жакырчылыкка кептөө. Бул тууралуу республиканын президенти Мигель Диас-Канель соцтармактагы баракчасына жазганын
РИА Новости кабарлады.
"Америка бийлиги куба өкмөтүнүн начар ишинин кесепети катары көрсөткүсү келген нерсе, чынында, элди бүк түшүрүүнү көздөгөн пландын жыйынтыгы болуп саналат", — деди өлкө башчы.
Анын айтымында, улуттук электр энергетикасы азыр кыйын абалда, эл көп пайдаланган кечки маалдагы болжолдуу таңсыктык 2 миң мегаватты түзүүдө. Бул — аралга ресурс жөнөткөн мамлекеттердин баарына бажы төлөмүн киргизем деп коркуткан Вашингтондун энергетикалык чектөөсүнүн кесепети.
"Америкалык ЖМКлар куба элинин өжөрлүгүнө таң берүүдө. Экономикалык жана энергетикалык кысымга карабастан Куба кайрат-деминен кайткан жок", — деп жазды Диас-Канель.
Саясатчы отун жүктөлгөн россиялык танкердин келиши таңсыктыкты жабууга жана электр энергиясынын өчүрүлүшүн азайтууга мүмкүнчүлүк бергенин, бирок өлкөнү толук кандуу камсыздоо үчүн ай сайын сегизден кем эмес ушундай танкер келип турушу керектигин белгиледи.
Диас-Канель Кубаны 60 жылга созулган америкалык блокада да, Дональд Трамптын мурунку администрациясы киргизген катаал чектөөлөр да чөгөлөтө албастыгына токтолгон. Анын айтымында, Жо Байдендин тушунда санкциялардын жумшарышы "туура саясат Куба менен АКШ элине, эки тараптуу соодага, элдердин экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө өтө пайдалуу болмоктугун көрсөткөн".
Президент Куба АКШ менен тең ата диалогго ачык экенин белгилеп, бирок ошол эле учурда "басмырлоого каршы турууну" уланта берерин билдирген.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп Америка эми Куба менен алек болорун жар салып, бирок планын ачыктаган эмес. Кийинчерээк CNN телеканалы америкалык аскерлер февралдан тарта арал жээгинде чалгын иштерин күчөткөнүн жазган болчу. Трамп Иран бир жаңсыл болгондон кийин Кубага учак ташыган "Авраам Линкольн" кемесин жөнөтүшү мүмкүн экенин, бул аралга көз салып турууга жардам берерин кошумчалаган.