00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Санарип согуш: тарыхты бурмалаган жасалма акылга кантип каршы туруу керек

© Фото / Изображение сгенерировано ИИЖасалма интеллект
Жасалма интеллект - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2026
Жазылуу
Бүгүнкү күндө жасалма интеллект ишти жеңилдетип эле тим болбостон, аң-сезимди башкаруунун жана тарыхты бурмалоонун куралына да айланып бара жатат. Буга кантип туруштук берүү керек деген суроого колумнист жооп издеди.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгын Евразия менен жалпы дүйнөнүн басымдуу бөлүгү окуянын баа-баркын терең түшүнүп белгиледи. Жеңиш күнү миллиондогон өмүрлөрдү алган расалык үстөмдүк идеологиясын жок кылган акыйкатты коргоонун жана адамзат цивилизациясынын маанилүү фактору катары каралат. Быйылтан тарта Россияда 19-апрелде совет элинин геноцидинин курмандыктары эскерилмекчи, бул Батыш өлкөлөрүндө тарыхты өзгөртүүгө аракет жасалып, нацизмди эрдикке теңеп жаткан маалда абдан маанилүү.
Азыркы тапта тарыхый чындыкты, Улуу Ата Мекендик согуштагы советтик жоокердин эрдигин жана анын жалпы адамзаттын фашизмдин чеңгелинен бошонуусундагы чечүүчү ролун унуткарбоо зарылдыгы стратегиялык мааниге ээ болуп бара жатат. Евразиялык мейкиндиктеги мамлекеттердин эле эмес, бүтүндөй эл аралык коомчулуктун тарыхый, моралдык жана адеп-ахлактык негиздерин коргоо жаатында мааниси өзгөчө курч. Тилекке каршы, акыркы 10 жыл ичинде айрым Батыш мамлекеттери Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын бурмалоо менен алек болуп, анысы кол салган тарап менен бошотуучу тараптын жоопкерчилигин бирдей караган саясатында ачык көрүнүп келет. Нацизмдин шыкакчылары көз карандысыздык үчүн күрөшкөн баатыр болуп чыга келди, СССР элине каршы кылмыштар актала баштады. Мунун баарын расалык үстөмдүк идеологиясын тизгиндеп турган этикалык жана укуктук нормаларды кыйратуу деп атоого болот.
Евразиялык мамлекеттер буга каршы туруунун аракетин көрүп жатышат, бирок кеп тарыхтын улам жаңы ыкмалар менен, буга чейин футуристтик божомол иретинде гана айтылган жолдор менен бурмаланып жатканында.
Мисалы, беш жылдан бери коомдук пикирге социалдык тармактардын таасири укмуштуудай күчөдү. Блогерлер, кайсы бир лидерлер, ар кандай маалыматтар аркылуу нацизмди актаган, тарыхты жана Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын түп-тамырынан өзгөртүүнү көздөгөн макалалар, пикирлер, маалыматтар көбөйүүдө. Ыңгайы келсе да, келбесе да жасалма интеллект болушунча колдонулуп жатат. Эми соцтармактагы контексттен тыш бурмаланган, керек болсо альтернативдүү тарых жазылууда. Азыр бурмаланган маалымат ЖИ пайдаланылган ар бир телефондо бар — Батышка керектүү ой калыптагандан кийин маалыматтын жайылышына автордун же блогердин макулдугу талап кылынбайт.

"Синтетикалык чындык"

Жасалма интеллектинин жашообузга сүңгүп киришинен, башкача айтканда, финансылык, экономикалык, илимий, социалдык-саясий өңүттөгү маалыматтардын тобу менен иштешинен улам алгоритмдер калкты тейлөөдө, санарип кызматтарды көрсөтүүдө өз алдынча чечим алган деңгээлге жетти. Адамга жардам көрсөтүү үчүн ойлонуп табылган ЖИ билим берүү жана илим системасына да батыл кирип кетти. Бүгүнкү күндө жасалма интеллект студенттер, илимий жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн миллион беттен турган тексттерди иштеп чыгууда. Текст тандап берчү жөнөкөй алгоритмдер тигил же бул тарыхый окуянын маанисин бир беткей чечмелеген алгоритмдерге айланды.
Жасалма интеллектини азыркы тапта үч деңгээлдүү система деп билсек болот. Биринчиси — маалыматтык базис (билим алууга керектүү маалыматтар), экинчиси — алгоритмдик өзөк (математикалык моделдер менен нейротүйүндүк структуралар), үчүнчүсү — инфраструктуралык чөйрө (программалык платформалар жана эсептөөчү кубаттуулук). Ушул үч элементтин айкашуусу ЖИни маалыматтык мейкиндик түзүүчү активдүү субъектиге айлантууда, мында маалыматтардын сапаты жана алгоритмдердин ачык-айкындуулугу жасалма интеллект генерациялаган маалыматтын чындыгынан, маанисинен түз көз каранды.
ЖИнин алдыңкы үлгүлөрү "Батыш технологиясынын" алкагында иштелип чыккан, демек, ага башында эле Батыштын идеялык баалуулуктары киргизилген. Тагыраагы, Евразия мамлекеттери билген тарыхый окуялар ал жакта таптакыр башкача берилиши мүмкүн. Болгон-бүткөн ачык маалыматты колдонууда да алгортим биринчи кезекте англис тилдүү булактарга жана фактыны чечмелөөдө батыштык методологияга таянат. Демек, евразиялык тарыхый контекст дээрлик дайыма бурмаланып турары айкын.
Постсоветтик мамлекеттердин текшерилген маалыматына таянып деле жасалма интеллект "согуштун тутанышына Германия менен СССРдин бирдей жоопкерчилиги", "СССРдин биринчи болуп сокку урушу жана Гитлердин жооп кайтарышы" тууралуу, союздаштардын чечүүчү салымын асмандатып, Чыгыш фронтунун маанисин төмөндөткөн "башка көз карашты" сунуштап таңуулай берет.

Эпке келүүгө болобу?

Ушу тапта тарых баалуулуктарын, Евразиянын тагдырлаш элдеринин жалпы тарыхын күндөн-күнгө мааниси артып жара жаткан жасалма интеллектисиз коргоп-жөндөө мүмкүн болбой калды. Келечекте мектептер, университеттер, илимий, билим берүүчү жана мамлекеттик структуралар пайдалана турган маалымат базасынын түзүлүшүнө жоопкер да ушул ЖИ болот. Мындай шартта жасалма интеллектинин улуттук маалымат базаларын, улуттук платформасын, улуттук моделдерин иштеп чыгуу аба менен суудай зарыл болуп турат. Бул бардык чөйрөдөгү, өзгөчө Улуу Ата Мекендик согушка байланышкан маалыматка да тиешелүү. Эгер өз моделдерибизди иштеп чыгуу азырынча кыйын болсо, издөө алгоритмдерине өзгөртүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген "ачык коду" бар ЖИни колдоно туруу максатка ылайык.
Евразия үчүн мааниси чоң болгон тарыхый окуяларга карата аймактагы мамлекеттердин, элдин бирдей, макулдашылган мамилеси зарыл. Бул Улуу Ата Мекендик согуштун, андан ары кетсек, Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхына да байланыштуу. Мында кеп цензурада эмес, жалпыбыздын тарыхыбызга бирдей көз карашты калыптандыруу тууралуу сөз болуп жатат. Сурам жазылганда жасалма интеллект тарыхый фактыларды болгонун болгондой туура, так бергидей болушу керек.
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгын белгилөө Евразия мамлекеттери үчүн күрөштүн жаңы санарип фронтунун эшигин ачты. Бул согуш нейротүйүн жана маалыматтын болуп көрбөгөндөй көлөмү менен байланыштуу. Демек, өзүбүздүн санарип инфраструктурабызды түзүү жана Евразия өлкөлөрүнүн макулдашылган аракети чоочун идеологияга каршы туруп, тарыхый чындыкты коргоодо башкы курал болуп бере алат.
Жасалма интеллектинин кооптуулугун айтышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2026
Илон Маск: "Терминатордогудай" болбош үчүн жасалма интеллектини абайлап колдонолу
Жаңылыктар түрмөгү
0