https://sputnik.kg/20260509/kiev-menen-evrobirimdiktin-mamilesi-suudu-1101191820.html
Киев менен Евробиримдиктин мамилеси кыйла сууганы айтылды
Киев менен Евробиримдиктин мамилеси кыйла сууганы айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Киев менен Евробиримдиктин ортосундагы алака аябай сууп кетти. Бул Украинада атайын аскердик операция башталгандан берки эң төмөнкү... 09.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-09T10:06+0600
2026-05-09T10:06+0600
2026-05-09T10:09+0600
дүйнөдө
украина
евробиримдик
акш
алака
владимир зеленский
https://sputnik.kg/img/07e6/06/03/1064913837_0:129:3185:1921_1920x0_80_0_0_7cc4e7f9f8661c3afd2a0bb29267a4d1.jpg
БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Киев менен Евробиримдиктин ортосундагы алака аябай сууп кетти. Бул Украинада атайын аскердик операция башталгандан берки эң төмөнкү көрсөткүч экенин Politico өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды. Гезиттин айтымында, эки тараптуу мамилени Киев режиминин башчысы өзү да татаалдаштырып жатат. "Зеленский европалык лидерлерге акыркы убакта акыл үйрөтө баштады. Быйыл мурдагыдан орой, текебер болуп калганы байкалат", — деп айтылат макалада. Киев жетекчилигине буга чейин кеп-кеңешин берип келген тышкы саясат боюнча эксперт Зеленский "Европа Украинага милдеттүү" экенине бекем ишенип алганын белгилеген. "Мындай пикир анын ой жүгүртүүсүнө, сөзүнө таасир этип жатат. Аны европалыктардын баары эле колдой бербеси эске алынган жок", — деди ал. Гезит Зеленский азыркыдай жүрүм-туруму менен Украинаны каржылап келген өнөктөштөрүнөн, курал-жарактан жана дипломатиялык колдоодон ажырап калышы мүмкүн экенин четке каккан эмес. Комментарий берген эксперт Киев режиминин жетекчиси Трамптын администрациясы менен да байланышын үзүп коюшу ыктымал экенин боолгологон. Анын айтымында, АКШ менен ЕБдин ортосундагы ажырым Зеленскийдин үнүн катуураак чыгарышына себепчи болгон. Буга катар макалада Киевге жардам бөлүп берген Евробиримдиктин жеңиши да көпкө узабай турганы айтылат. ЕБ лидерлери Украинаны уюмга кабыл алуу башында турган ар кыл маселеде бир пикирге келе албай убара тартып келишет.
https://sputnik.kg/20260508/fico-moskvaga-zelenskijdin-salam-dubajyn-ala-kelet-1101169749.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/03/1064913837_227:0:2958:2048_1920x0_80_0_0_50d4ec6e9452c9e265d816d657eec5dd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, евробиримдик, акш, алака, владимир зеленский
дүйнөдө, украина, евробиримдик, акш, алака, владимир зеленский
БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Киев менен Евробиримдиктин ортосундагы алака аябай сууп кетти. Бул Украинада атайын аскердик операция башталгандан берки эң төмөнкү көрсөткүч экенин Politico өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды.
"Киев менен Брюсселдин мамилеси суук селки тартып баратат. Мынчалыкка жете элек болчубуз", — деген маалымат берген украиналык аткаминер.
Гезиттин айтымында, эки тараптуу мамилени Киев режиминин башчысы өзү да татаалдаштырып жатат.
"Зеленский европалык лидерлерге акыркы убакта акыл үйрөтө баштады. Быйыл мурдагыдан орой, текебер болуп калганы байкалат", — деп айтылат макалада.
Киев жетекчилигине буга чейин кеп-кеңешин берип келген тышкы саясат боюнча эксперт Зеленский "Европа Украинага милдеттүү" экенине бекем ишенип алганын белгилеген.
"Мындай пикир анын ой жүгүртүүсүнө, сөзүнө таасир этип жатат. Аны европалыктардын баары эле колдой бербеси эске алынган жок", — деди ал.
Гезит Зеленский азыркыдай жүрүм-туруму менен Украинаны каржылап келген өнөктөштөрүнөн, курал-жарактан жана дипломатиялык колдоодон ажырап калышы мүмкүн экенин четке каккан эмес.
Комментарий берген эксперт Киев режиминин жетекчиси Трамптын администрациясы менен да байланышын үзүп коюшу ыктымал экенин боолгологон. Анын айтымында, АКШ менен ЕБдин ортосундагы ажырым Зеленскийдин үнүн катуураак чыгарышына себепчи болгон.
Буга катар макалада Киевге жардам бөлүп берген Евробиримдиктин жеңиши да көпкө узабай турганы айтылат. ЕБ лидерлери Украинаны уюмга кабыл алуу башында турган ар кыл маселеде бир пикирге келе албай убара тартып келишет.