https://sputnik.kg/20260501/amerika-iranga-karshy-sogushka-100-mlrd-dollar-ketirdi-1101091006.html
Аракчи: Америка Иранга каршы согушка 100 млрд. доллар кетирди
Аракчи: Америка Иранга каршы согушка 100 млрд. доллар кетирди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. АКШнын Иранга каршы операциялары Вашингтон үчүн 100 миллиард долларга турду. Бул туурасында Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи... 01.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-01T20:15+0600
2026-05-01T20:15+0600
2026-05-02T10:20+0600
дүйнөдө
жакынкы чыгыш
иран
акш
израиль
аббас аракчи
согуш
чыгым
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0f/1094651886_0:52:3030:1756_1920x0_80_0_0_23e18b6ba181a601acfe903782b339b8.jpg
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. АКШнын Иранга каршы операциялары Вашингтон үчүн 100 миллиард долларга турду. Бул туурасында Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди. Ал эми Пентагондун финансы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жулс Херст шаршемби күнү бул чыгым 25 миллиард долларга жетти деп жар салган. Аракчинин пикиринде, АКШнын кыйыр зыяндары мындан да жогору. Анын ырастоосунда, бул операция ар бир америкалыктын чөнтөгүнөн ай сайын 500 доллардан соруп жатат жана бул токтобой өсүүдө. Эске салсак, АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандын аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Анын кесептинен Тегеран үч миңге чукул адамынан ажыраган. 8-апрель күнү Вашингтон менен Тегеран эки жумага ок чыгарбай турууга макулдашкан, бирок андан кийинки сүйлөшүүлөр натыйжа берген эмес. АКШ каршы тараптын портторун бөгөттөп, макулдашуу түзүлгөндөн кийин гана ачарын айтса, Иран Ормуз кысыгын жаап, жолугушуудан биротоло баш тарткан. Ар арада Трамп өз алдынча эле элдешүүнүн мөөнөтүн узартып, ал Иран абалды жөнгө салуу боюнча план иштеп чыгып, делегациялар сүйлөшүү жүргүзмөйүнчө күчүндө болорун билдирген. Азырынча эки тарап кепке келе албай турат.
https://sputnik.kg/20260430/akshnyn-chektooloru-duynonun-turuktuuluguna-doo-ketiruudo-1101067303.html
жакынкы чыгыш
иран
акш
израиль
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0f/1094651886_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_05ff27bf2301dab53d985a02c8039621.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, иран, акш, израиль, аббас аракчи, согуш, чыгым
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, иран, акш, израиль, аббас аракчи, согуш, чыгым
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. АКШнын Иранга каршы операциялары Вашингтон үчүн 100 миллиард долларга турду. Бул туурасында Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди.
Ал эми Пентагондун финансы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жулс Херст шаршемби күнү бул чыгым 25 миллиард долларга жетти деп жар салган.
"Пентагон калп айтты. Нетаньяхунун (Израилдин өкмөт башчысы — ред.) авантюрасы АКШны түздөн-түз 100 миллиард долларлык чыгымга кептеди. Бул жарыяланган суммадан төрт эсе көп", — деп жазган Ирандын министри X социалдык тармагындагы баракчасына.
Аракчинин пикиринде, АКШнын кыйыр зыяндары мындан да жогору. Анын ырастоосунда, бул операция ар бир америкалыктын чөнтөгүнөн ай сайын 500 доллардан соруп жатат жана бул токтобой өсүүдө.
Эске салсак, АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандын аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Анын кесептинен Тегеран үч миңге чукул адамынан ажыраган. 8-апрель күнү Вашингтон менен Тегеран эки жумага ок чыгарбай турууга макулдашкан, бирок андан кийинки сүйлөшүүлөр натыйжа берген эмес. АКШ каршы тараптын портторун бөгөттөп, макулдашуу түзүлгөндөн кийин гана ачарын айтса, Иран Ормуз кысыгын жаап, жолугушуудан биротоло баш тарткан.
Ар арада Трамп өз алдынча эле элдешүүнүн мөөнөтүн узартып, ал Иран абалды жөнгө салуу боюнча план иштеп чыгып, делегациялар сүйлөшүү жүргүзмөйүнчө күчүндө болорун билдирген. Азырынча эки тарап кепке келе албай турат.