https://sputnik.kg/20260424/-iran-ormuz-rossiya-zhenildik-berdi-1100965730.html
Иран Ормуз кысыгынан өткөндө алынуучу төлөмдө Россияга жеңилдик берди
Иран Ормуз кысыгынан өткөндө алынуучу төлөмдө Россияга жеңилдик берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Тегеран Ормуз кысыгынан өтүү үчүн алынуучу төлөмдөр маселесинде айрым өлкөлөргө, анын ичинде Россияга, жеңилдиктерди караганын... 24.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-24T09:29+0600
2026-04-24T09:29+0600
2026-04-24T09:30+0600
дүйнөдө
иран
россия
ормуз кысыгы
төлөм
дос
жеңилдик
акш
атышуу
https://sputnik.kg/img/07ea/04/01/1100543832_0:0:1578:889_1920x0_80_0_0_999f8e968dfb66c280fca50a86843751.jpg
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Тегеран Ормуз кысыгынан өтүү үчүн алынуучу төлөмдөр маселесинде айрым өлкөлөргө, анын ичинде Россияга, жеңилдиктерди караганын Ирандын Москвадагы элчиси Казем Жалали РИА Новости агенттигине билдирди. Тегеран АКШ менен Израилдин чабуулунан кийин Ормуз кысыгы аркылуу өтүү үчүн төлөм алууну пландап жатканын жарыялады. Бул чечим кысыктын коопсуздугун камсыздоо үчүн кабыл алынган. Учурда кысык Иран тарабынан АКШнын деңиз блокадасы толук алынганга чейин жабылып турат.Бейшемби күнү Ирандын парламент төрагасынын орун басары Хамидреза Хаджи Бабаи Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүү үчүн алынган төлөмдөрдөн биринчи жолу киреше алганын билдирди. Анын айтымында, каражат өлкөнүн борбордук банкына түшкөн.Март айынын аягында Иранда Ормуз кысыгы боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу башталган. Ал документте кысык аркылуу өтүү үчүн төлөмдү риал менен алуу, ошондой эле АКШ, Израиль жана Тегеранга каршы санкцияларды колдогон өлкөлөр үчүн транзитке тыюу салуу каралган. Азырынча бул документ кабыл алына элек.8-апрелде АКШменен Иран эки жумага ок атышуу токтой турганын билдиришкен. Бирок андан кийинки өткөн сүйлөшүүлөр жыйынтык берген эмес. Кезектеги жолугушуу кечээ өтүшү керек болчу, бирок Иран ага катышуудан баш тартты. Жарашуу башталгандан кийин америкалыктар Ирандын портторуна блокада жарыялап, аны келишимге жетишкенден кийин гана алып сала турганын билдиришкен. Ошондуктан Тегеран АКШ менен байланыштарды убакытты текке кетирүү деп эсептей турганы кабарланган.Ошол эле учурда Дональд Трамп атышууну токтотуу режимин узартты. Анын айтымында, бул режим Иран жөнгө салуу боюнча сунуш даярдаганга чейин жана тараптар сүйлөшүүлөрдү өткөргөнчө күчүндө болот.
https://sputnik.kg/20260421/tramp-suyloshuu-boyuncha-irandy-korkutuuda-1100909761.html
иран
ормуз кысыгы
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/01/1100543832_0:0:1408:1056_1920x0_80_0_0_c586bfd508da81d116ce9f1079580664.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, иран, россия, ормуз кысыгы, төлөм, дос, жеңилдик, акш, атышуу
дүйнөдө, иран, россия, ормуз кысыгы, төлөм, дос, жеңилдик, акш, атышуу
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Тегеран Ормуз кысыгынан өтүү үчүн алынуучу төлөмдөр маселесинде айрым өлкөлөргө, анын ичинде Россияга, жеңилдиктерди караганын Ирандын Москвадагы элчиси Казем Жалали
РИА Новости агенттигине билдирди.
“Биз айрым өлкөлөр үчүн жеңилдиктерди караганбыз, келечекте эмне болорун билбейм. Бирок азыркы тапта биздин Тышкы иштер министрлиги Россия сыяктуу достук мамиледеги өлкөлөр үчүн каралган жеңилдиктерди колдонууга аракет кылууда”, — деди элчи суроого жооп берип жатып.
Тегеран АКШ менен Израилдин чабуулунан кийин Ормуз кысыгы аркылуу өтүү үчүн төлөм алууну пландап жатканын жарыялады. Бул чечим кысыктын коопсуздугун камсыздоо үчүн кабыл алынган. Учурда кысык Иран тарабынан АКШнын деңиз блокадасы толук алынганга чейин жабылып турат.
Бейшемби күнү Ирандын парламент төрагасынын орун басары Хамидреза Хаджи Бабаи Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүү үчүн алынган төлөмдөрдөн биринчи жолу киреше алганын билдирди. Анын айтымында, каражат өлкөнүн борбордук банкына түшкөн.
Март айынын аягында Иранда Ормуз кысыгы боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу башталган. Ал документте кысык аркылуу өтүү үчүн төлөмдү риал менен алуу, ошондой эле АКШ, Израиль жана Тегеранга каршы санкцияларды колдогон өлкөлөр үчүн транзитке тыюу салуу каралган. Азырынча бул документ кабыл алына элек.
8-апрелде АКШменен Иран эки жумага ок атышуу токтой турганын билдиришкен. Бирок андан кийинки өткөн сүйлөшүүлөр жыйынтык берген эмес. Кезектеги жолугушуу кечээ өтүшү керек болчу, бирок Иран ага катышуудан баш тартты. Жарашуу башталгандан кийин америкалыктар Ирандын портторуна блокада жарыялап, аны келишимге жетишкенден кийин гана алып сала турганын билдиришкен. Ошондуктан Тегеран АКШ менен байланыштарды убакытты текке кетирүү деп эсептей турганы кабарланган.
Ошол эле учурда Дональд Трамп атышууну токтотуу режимин узартты. Анын айтымында, бул режим Иран жөнгө салуу боюнча сунуш даярдаганга чейин жана тараптар сүйлөшүүлөрдү өткөргөнчө күчүндө болот.