https://sputnik.kg/20260422/praporschik-schyogolev-tuuraluu-bayan-1100939878.html
Падышанын уулу орденин чечип берген прапорщик Щёголев тууралуу баян
Падышанын уулу орденин чечип берген прапорщик Щёголев тууралуу баян
Sputnik Кыргызстан
21 жаштагы бул аскердин эрдиги Россиянын кыйырына тарап, тарыхта "Щёголевдун батареясы" деген ат менен калган. 22.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-22T20:20+0600
2026-04-22T20:20+0600
2026-04-22T20:20+0600
дүйнөдө
россия
россия империясы
согуш
замбирек
https://sputnik.kg/img/07ea/04/16/1100940139_0:28:620:377_1920x0_80_0_0_96bf12dfa925b83ed5c52c5e37aab7d9.jpg
1854-жылдын 22-апрелинде прапорщик Александр Щёголевдин төрт замбиректен турган батареясы Одессаны душмандан сактаган. Крым согушунун башталышында Одессанын коргонууга даярдыгы такыр жок болчу. Гавань тараптагы 6-батареянын карамагында болгону эскилиги жеткен 24 фунттук замбиректер гана бар эле. Аларды кеме байлоочу мамы катары колдонуу үчүн жерге көөмп коюшкандыктан, тер төгүп, кайра казып алууга туура келген. Бул батареяны Дворяндык полктун 21 жаштагы бүтүрүүчүсү, прапорщик Александр Щёголев жетектеген. Жаш офицер кызматка киришип жатып "полковник мырза, замбиректер кана?" — деп сурайт. Аларга каршы ошол кездеги акыркы техника менен жабдылган англис-француз эскадрасынын кубаттуу пароход-фрегаттары чыккан. Орустун бир замбирегине душмандын экиден кемеси туура келген. Бирок прапорщик Щёголев позициясын алдырбай, тапкычтыгын көрсөтөт. Берилген буйрукка карабай, ок-дарынын сарамжал кармап, сактап турат. Бул душман үчүн күтүүсүз болуп, алар менен узакка согушууга мүмкүндүк берген эле. Алты саатка созулган салгылашууда батарея душмандын төрт кемесин талкалаган. Өрт чыгып, чыгып кете турган жолдор тосулуп калганда, жоокерлер жалында калбаш үчүн амбразуралар аркылуу сыртка секирип чыгып, кутулушкан. Шаштыны кетирген, канды башка тепкен кыйын абалга карабай, Щёголев тартипти катуу сактап, командасын барабандын коштоосунда сап-сап кылып тизип, аман-эсен алып чыгып кеткен. Жаш офицердин эрдиги, көсөмдүгү Россиянын учу-кыйырына тарайт. Император Николай I катуу ыраазы болгондуктан, эки чинди аттатып, штабс-капитан кылат. Ал эми тактынын мураскору Александр II көрөгөч офицерге Георгиев крестин өзүнүн төшүнөн чечип, берип жиберет. Одесса душмандан аман калып, ал эми жаш командир Щёголевдун №6 батареясынын эрдиги эл оозунда калган.
https://sputnik.kg/20260319/orustardyn-suu-aldyndagy-keme-kuruu-tarykhy-1100319573.html
россия империясы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/16/1100940139_40:0:581:406_1920x0_80_0_0_261ea44fa7e8acd2ff122dd5bd88ac23.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, россия империясы, согуш, замбирек
дүйнөдө, россия, россия империясы, согуш, замбирек
Падышанын уулу орденин чечип берген прапорщик Щёголев тууралуу баян
21 жаштагы бул аскердин эрдиги Россиянын кыйырына тарап, тарыхта "Щёголевдун батареясы" деген ат менен калган.
1854-жылдын 22-апрелинде прапорщик Александр Щёголевдин төрт замбиректен турган батареясы Одессаны душмандан сактаган.
Крым согушунун башталышында Одессанын коргонууга даярдыгы такыр жок болчу. Гавань тараптагы 6-батареянын карамагында болгону эскилиги жеткен 24 фунттук замбиректер гана бар эле. Аларды кеме байлоочу мамы катары колдонуу үчүн жерге көөмп коюшкандыктан, тер төгүп, кайра казып алууга туура келген. Бул батареяны Дворяндык полктун 21 жаштагы бүтүрүүчүсү, прапорщик Александр Щёголев жетектеген.
Жаш офицер кызматка киришип жатып "полковник мырза, замбиректер кана?" — деп сурайт.
"Замбиректерди казып алганга сага күрөк менен балта берилди го. Сенин куралдарың ошол!" — деп жооп берет жетекчиси.
Аларга каршы ошол кездеги акыркы техника менен жабдылган англис-француз эскадрасынын кубаттуу пароход-фрегаттары чыккан. Орустун бир замбирегине душмандын экиден кемеси туура келген. Бирок прапорщик Щёголев позициясын алдырбай, тапкычтыгын көрсөтөт. Берилген буйрукка карабай, ок-дарынын сарамжал кармап, сактап турат. Бул душман үчүн күтүүсүз болуп, алар менен узакка согушууга мүмкүндүк берген эле.
Алты саатка созулган салгылашууда батарея душмандын төрт кемесин талкалаган. Өрт чыгып, чыгып кете турган жолдор тосулуп калганда, жоокерлер жалында калбаш үчүн амбразуралар аркылуу сыртка секирип чыгып, кутулушкан. Шаштыны кетирген, канды башка тепкен кыйын абалга карабай, Щёголев тартипти катуу сактап, командасын барабандын коштоосунда сап-сап кылып тизип, аман-эсен алып чыгып кеткен.
Жаш офицердин эрдиги, көсөмдүгү Россиянын учу-кыйырына тарайт. Император Николай I катуу ыраазы болгондуктан, эки чинди аттатып, штабс-капитан кылат. Ал эми тактынын мураскору Александр II көрөгөч офицерге Георгиев крестин өзүнүн төшүнөн чечип, берип жиберет.
Одесса душмандан аман калып, ал эми жаш командир Щёголевдун №6 батареясынын эрдиги эл оозунда калган.