https://sputnik.kg/20260420/bosh-orundar-zharmankesi-bolot-1100881595.html
Иш издеп жүрөсүзбү? Бишкекте жумуш жарманкеси өтөт
Иш издеп жүрөсүзбү? Бишкекте жумуш жарманкеси өтөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. 23-апрелде Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде бош орундар жарманкеси, карьера күнү жана ачык эшиктер күнү... 20.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-20T11:55+0600
2026-04-20T11:55+0600
2026-04-20T11:55+0600
кыргызстан
жумуш
жарманке
карьера
эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
https://sputnik.kg/img/103951/50/1039515022_0:160:3076:1890_1920x0_80_0_0_04f0d0aed93e3632c7f623b3d394ff97.jpg
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. 23-апрелде Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде бош орундар жарманкеси, карьера күнү жана ачык эшиктер күнү өтөрүн Эмгек министрлиги билдирди. Иш-чара жарандарды, айрыкча жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, билим берүү мекемелери менен эмгек рыногунун ортосундагы байланышты чыңдоо максатында уюштурулуп жатат. Жарманкеге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюмдун өкүлдөрү катышат. Жалпы сунушталган бош орундардын саны 5000ден ашып, өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы сектору жана телекоммуникациялар сыяктуу ар түрдүү тармактарды камтыйт. Иш-чара саат 10:30да башталып, кечке чейин уланмакчы. Анын алкагында катышуучулар үчүн төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр каралган: Мектеп окуучулары үчүн кесиптик багыт берүүчү тесттер, интерактивдүү оюндар жана интеллектуалдык викториналар уюштурулат. Бул алардын жөндөмүн, кызыгууларын аныктоого жана келечектеги кесибин туура тандоого көмөк көрсөтөт. Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери мамлекеттик колдоо чаралары боюнча кеңеш беришет. Мындан тышкары, эмгек инспекциясынын кызматкерлери жана чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрү тарабынан тиешелүү маалыматтар айтылат.
https://sputnik.kg/20260415/kyrgyzstanda-mamkyzmatkerler-kirgen-kara-tizme-tuzuldu-1100799588.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103951/50/1039515022_173:0:2904:2048_1920x0_80_0_0_628f34af2a4e5f9e52e63db215c5a0d7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жумуш, жарманке, карьера, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
кыргызстан, жумуш, жарманке, карьера, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. 23-апрелде Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде бош орундар жарманкеси, карьера күнү жана ачык эшиктер күнү өтөрүн Эмгек министрлиги билдирди.
Иш-чара жарандарды, айрыкча жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, билим берүү мекемелери менен эмгек рыногунун ортосундагы байланышты чыңдоо максатында уюштурулуп жатат.
Жарманкеге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюмдун өкүлдөрү катышат. Жалпы сунушталган бош орундардын саны 5000ден ашып, өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы сектору жана телекоммуникациялар сыяктуу ар түрдүү тармактарды камтыйт.
Иш-чара саат 10:30да башталып, кечке чейин уланмакчы. Анын алкагында катышуучулар үчүн төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр каралган:
иш берүүчүлөр менен түз маектешүү;
ишке орношуу боюнча кеңештер;
эмгек рыногунун абалы жана карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу презентациялар;
стажировка жана кесиптик өнүгүү программалары жөнүндө маалымат.
Мектеп окуучулары үчүн кесиптик багыт берүүчү тесттер, интерактивдүү оюндар жана интеллектуалдык викториналар уюштурулат. Бул алардын жөндөмүн, кызыгууларын аныктоого жана келечектеги кесибин туура тандоого көмөк көрсөтөт.
Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери мамлекеттик колдоо чаралары боюнча кеңеш беришет. Мындан тышкары, эмгек инспекциясынын кызматкерлери жана чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрү тарабынан тиешелүү маалыматтар айтылат.