https://sputnik.kg/20260412/bugun-gagarin-kosmosko-birinchi-bolup-uchkan-kun-1100739342.html
"Поехали!": бүгүн адамзаттын ичинен Гагарин космоско биринчи болуп учкан күн. Видео
"Поехали!": бүгүн адамзаттын ичинен Гагарин космоско биринчи болуп учкан күн. Видео
Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү таңгалдырып СССРдин космонавты Юрий Гагарин 65 жыл мурда "Восток" менен космоско аттанган. 12.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-12T14:25+0600
2026-04-12T14:25+0600
2026-04-12T13:51+0600
ссср
юрий гагарин
космос
"восток" аба кемеси
тарых
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/04/0c/1100739617_0:0:2000:1125_1920x0_80_0_0_08ec8558a7a8cb9c6f614049d3d65c50.jpg
Туптуура 65 жыл мурда дал ушул күнү адамзат космоско биринчи ирет аттанган. Юрий Гагарин түшкөн СССРдин "Восток" аба кемеси Жерди бир ирет айланып чыгып, космосто 108 мүнөт жүргөн. Дүйнө жүзүндөгүлөр тан берген бул адистер кантип даярдалганы да өзүнчө кеп. Космосту багындырам деген 3000 адамдын ичинен 20сын тандап алышкан. Алар космонавттарды даярдоо борборунда окутулуп, даярдыктан өткөн соң алты учкуч талапкер болгон. Жер планетасынын алкагынан чыгууга аз калганда Гагариндин талапкерлиги бекитилген. Аны космоско учурууну конструктор Сергей Королев жетектеген. Эмне бар, эмне жок, Гагаринге эки дублерду — Герман Титов менен Григорий Нелюбовду тандашкан. ...Ошентип көптөн күткөн убакыт келип, Гагарин "Восток" космос кемеси менен 1961-жылдын 12-апрелинде Байкоңурдан учуп чыккан. Андан соң "Восток" аман-эсен кайтып, Саратов облусуна конгон. 1962-жылдын 12-апрелинде СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен бул күн Космонавтика күнү деп жарыяланат.
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/0c/1100739617_251:0:1751:1125_1920x0_80_0_0_2e35fd4f3398ca4652aee0cef5c1d9dc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, юрий гагарин, космос, "восток" аба кемеси, тарых, видео, видео
ссср, юрий гагарин, космос, "восток" аба кемеси, тарых, видео, видео
"Поехали!": бүгүн адамзаттын ичинен Гагарин космоско биринчи болуп учкан күн. Видео
Дүйнөнү таңгалдырып СССРдин космонавты Юрий Гагарин 65 жыл мурда "Восток" менен космоско аттанган.
Туптуура 65 жыл мурда дал ушул күнү адамзат космоско биринчи ирет аттанган. Юрий Гагарин түшкөн СССРдин "Восток" аба кемеси Жерди бир ирет айланып чыгып, космосто 108 мүнөт жүргөн.
Дүйнө жүзүндөгүлөр тан берген бул адистер кантип даярдалганы да өзүнчө кеп. Космосту багындырам деген 3000 адамдын ичинен 20сын тандап алышкан. Алар космонавттарды даярдоо борборунда окутулуп, даярдыктан өткөн соң алты учкуч талапкер болгон. Жер планетасынын алкагынан чыгууга аз калганда Гагариндин талапкерлиги бекитилген. Аны космоско учурууну конструктор Сергей Королев жетектеген. Эмне бар, эмне жок, Гагаринге эки дублерду — Герман Титов менен Григорий Нелюбовду тандашкан.
...Ошентип көптөн күткөн убакыт келип, Гагарин "Восток" космос кемеси менен 1961-жылдын 12-апрелинде Байкоңурдан учуп чыккан. Андан соң "Восток" аман-эсен кайтып, Саратов облусуна конгон.
1962-жылдын 12-апрелинде СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен бул күн Космонавтика күнү деп жарыяланат.