https://sputnik.kg/20260408/medvedev-arzan-munay-emi-bolbostugun-aytty-1100675546.html
Медведев: арзан мунай жок, европалыктардын үнөмдөгөн жашоосу улана берет
Медведев: арзан мунай жок, европалыктардын үнөмдөгөн жашоосу улана берет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Арзан мунай эми болбойт. Мындай божомолун РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев социалдык тармактагы... 08.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-08T19:12+0600
2026-04-08T19:12+0600
2026-04-08T19:12+0600
дүйнөдө
россия
акш
иран
израиль
дональд трамп
дмитрий медведев
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1b/1067248163_0:0:2899:1631_1920x0_80_0_0_5088d4a927bbf278d7f4fdde7e8eeec3.jpg
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Арзан мунай эми болбойт. Мындай божомолун РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев социалдык тармактагы каналына жазды. Ал айткандарын негиздеп берген. Медведев Кошмо Штаттар бардыгы жакшы деген түр көрсөтүп, бирок чын-чынына келгенде кырдаал башка экенине токтолгон. Анын айтымында, АКШда өтө аялуу, ансыз да араң турган тынчтыкты сактап, бардыгы жайында деген түр көрсөтө турган мүмкүнчүлүгү калды. Эгерде шахматтагы жүрүш менен салыштырсак, тактадагы ар бир кадам цугцвангга, тагыраагы, эч кандай ылаажы калбай калганга жакын абалды түзөт. Медведев азыркы абал анткен менен шахматтагыдай эместигин, бул жерде эки эмес, үч оюнчу болуп жаткандыгын белгилеген. Израилдин Вашингтондун тарабында эмес экенин эске салган. Саясатчынын айтымында, Тель-Авивге элдешүүнүн кереги жок, себеби маселесин чечкен жок. Мындан улам ал өзүнүн жүрүшүн жасап, тактадан шахматтын бардык фигураларын шыпырып салышы мүмкүн. Албетте, бул кырдаалды жакшыртып жибербейт. "Андыктан европалык русофобдор болуп көрбөгөндөй үнөмдөгөн тартип менен дагы бир топко жашоого мажбур болот. Себеби арзан мунай болбойт эмеспи..." — деп Медведев постун жыйынтыктаган.
https://sputnik.kg/20260330/tramp-irandagy-munayyna-ee-boluunu-kaalaganyn-aytty-1100510495.html
акш
иран
израиль
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1b/1067248163_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_fda2cc95ed361784c93960f65b30847a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, иран, израиль, дональд трамп, дмитрий медведев
дүйнөдө, россия, акш, иран, израиль, дональд трамп, дмитрий медведев
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Арзан мунай эми болбойт. Мындай божомолун РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев социалдык тармактагы каналына жазды.
Ал айткандарын негиздеп берген.
"АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгына Ирандын көзөмөл кылышын каалабайт жана буга макул эмес. Бул — Ак үйдүн кожоюну үчүн намысын алдырып, Тегеран жеңди деген нерсе. Бирок муну менен катар эле согушууну да каалабай турат", — деп жазган ал.
Медведев Кошмо Штаттар бардыгы жакшы деген түр көрсөтүп, бирок чын-чынына келгенде кырдаал башка экенине токтолгон. Анын айтымында, АКШда өтө аялуу, ансыз да араң турган тынчтыкты сактап, бардыгы жайында деген түр көрсөтө турган мүмкүнчүлүгү калды. Эгерде шахматтагы жүрүш менен салыштырсак, тактадагы ар бир кадам цугцвангга, тагыраагы, эч кандай ылаажы калбай калганга жакын абалды түзөт.
Медведев азыркы абал анткен менен шахматтагыдай эместигин, бул жерде эки эмес, үч оюнчу болуп жаткандыгын белгилеген. Израилдин Вашингтондун тарабында эмес экенин эске салган. Саясатчынын айтымында, Тель-Авивге элдешүүнүн кереги жок, себеби маселесин чечкен жок. Мындан улам ал өзүнүн жүрүшүн жасап, тактадан шахматтын бардык фигураларын шыпырып салышы мүмкүн. Албетте, бул кырдаалды жакшыртып жибербейт.
"Андыктан европалык русофобдор болуп көрбөгөндөй үнөмдөгөн тартип менен дагы бир топко жашоого мажбур болот. Себеби арзан мунай болбойт эмеспи..." — деп Медведев постун жыйынтыктаган.