https://sputnik.kg/20260406/ukraina-evropany-rossiyalyk-ehnergoresurstardan-azhyratuu-amalynda-1100626562.html
Орбан: Украина Европаны россиялык энергоресурстан кур жалак калтыруу амалында
Орбан: Украина Европаны россиялык энергоресурстан кур жалак калтыруу амалында
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Энергетикалык каатчылыктын улагасында турган Европа россиялык ресурска муктаж, Украина анын жеткирилишин үзгүлтүккө учуратууда. Бул... 06.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-06T10:33+0600
2026-04-06T10:33+0600
2026-04-06T10:33+0600
дүйнөдө
европа
венгрия
сербия
мунай
газ
россия
түтүк
жардыруу
https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054076634_0:199:3083:1933_1920x0_80_0_0_50ef1a15a2dc52bf0a271da69ea62526.jpg
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Энергетикалык каатчылыктын улагасында турган Европа россиялык ресурска муктаж, Украина анын жеткирилишин үзгүлтүккө учуратууда. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан соцтармактагы баракчасынан билдиргенин РИА Новости жазды. Жекшемби күнү Сербиянын президенти Александр Вучич Орбан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, россиялык газдын Венгрияга кеткен түтүгүнүн жанынан жардыруучу зат табылганын кабарлаган. Орбан украиналыктар "Түндүк агымды" жардырганын, Венгрияга кеткен газ түтүгүн жаап, быйыл өлкөнү мунай блокадасында калтырганын ("Дружба" түтүгү), ошондой эле "Түрк агымынын" россиялык бөлүгү дайыма аскердик чабуулга кабылып жатканын эске салды. Муну менен ал "Украина венгриялыктардын өмүрүнө тикелей коркунуч жаратып" жатканын белгилеген. Венгрия премьери табылган жардыруучу заттан жабыркагандар жок экенин, түтүк иштеп жатканын айтып, президент Вучичке сербиялык органдардын иши үчүн ыраазычылык билдирди. АКШ менен Израиль Иранга каршы аскердик операциясын 28-февралда баштаган. Тегеран жооп иретинде Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына сокку урууда. Кырдаалдын курчушу Перс булуңунан дүйнөлүк рынокко мунай жана суюлтулган газ ташылчу маанилүү маршрут — Ормуз кысыгынын жабылышын шарттап, мунай казууга жана анын экспортуна кесепетин тийгизип жатат. Кысыктын бөгөттөлүшүнөн улам энергетика ресурстарынын баасы асмандап кетти. Мындай көрүнүш Россиянын газы менен мунайын импорттоодон баш тартмакчы болгон Евробиримдик мамлекеттеринде катуу байкалууда.
https://sputnik.kg/20260404/evropa-rossiyanyn-munajyn-zhalbaryp-zhatyp-satyp-alat-1100609419.html
европа
венгрия
сербия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054076634_279:0:3010:2048_1920x0_80_0_0_fb5d76b567cd52ddd91a247aa9a61350.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, европа, венгрия, сербия, мунай, газ, россия, түтүк, жардыруу
дүйнөдө, европа, венгрия, сербия, мунай, газ, россия, түтүк, жардыруу
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Энергетикалык каатчылыктын улагасында турган Европа россиялык ресурска муктаж, Украина анын жеткирилишин үзгүлтүккө учуратууда. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан соцтармактагы баракчасынан билдиргенин
РИА Новости жазды.
Жекшемби күнү Сербиянын президенти Александр Вучич Орбан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, россиялык газдын Венгрияга кеткен түтүгүнүн жанынан жардыруучу зат табылганын
кабарлаган.
"Европа болуп көрбөгөндөй энергетикалык кризиске кабылганы турат. Европалык өлкөлөргө Россиянын энергиясы абдан керек. Ал эми Украина бизди андан ажыратуу үчүн болгон аракетин көрүп жатат", — деген премьер видео кайрылуусунда.
Орбан украиналыктар "Түндүк агымды" жардырганын, Венгрияга кеткен газ түтүгүн жаап, быйыл өлкөнү мунай блокадасында калтырганын ("Дружба" түтүгү), ошондой эле "Түрк агымынын" россиялык бөлүгү дайыма аскердик чабуулга кабылып жатканын эске салды. Муну менен ал "Украина венгриялыктардын өмүрүнө тикелей коркунуч жаратып" жатканын белгилеген.
Венгрия премьери табылган жардыруучу заттан жабыркагандар жок экенин, түтүк иштеп жатканын айтып, президент Вучичке сербиялык органдардын иши үчүн ыраазычылык билдирди.
АКШ менен Израиль Иранга каршы аскердик операциясын 28-февралда баштаган. Тегеран жооп иретинде Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына сокку урууда.
Кырдаалдын курчушу Перс булуңунан дүйнөлүк рынокко мунай жана суюлтулган газ ташылчу маанилүү маршрут — Ормуз кысыгынын жабылышын шарттап, мунай казууга жана анын экспортуна кесепетин тийгизип жатат. Кысыктын бөгөттөлүшүнөн улам энергетика ресурстарынын баасы асмандап кетти. Мындай көрүнүш Россиянын газы менен мунайын импорттоодон баш тартмакчы болгон Евробиримдик мамлекеттеринде катуу байкалууда.