https://sputnik.kg/20260406/1100635375.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
АКШ менен Израиль Ирандагы энергообъектилерди бомбалоого ниеттенүүдөБишкекте машыктыруучулар жана спорт ардагерлери сыйланды"Бала ырысы" жөлөк пулун берүүнүн... 06.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-06T17:00+0600
2026-04-06T17:00+0600
2026-04-06T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/06/1100635209_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_148ddfd083c74730b90bb1bd3225f575.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
АКШ менен Израиль Ирандагы энергообъектилерди бомбалоого ниеттенүүдөБишкекте машыктыруучулар жана спорт ардагерлери сыйланды"Бала ырысы" жөлөк пулун берүүнүн шарттары каралды. Алдыда кененирээкЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун жетекчилиги астында ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү. Ведомстводон билдиришкендей, жыйындын негизги максаты — президенттин "Үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу механизмин иштеп чыгуу. Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулунун долбоорун, ошондой эле аны ишке ашыруунун негизги шартарын талкуулашты.
Бишкек шаарындагы "Газпром – балдарга" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, салтанатка Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин кызматкерлери, спорт боюнча инструкторлор, машыктыруучулар, спорт мектептеринин мугалимдери, ардагерлер жана эмгек сиңирген ишмерлер катышты. Иш-чарада мэр белгилегендей, бүгүнкү күндө борбор калаада 12 спорттук мектеп иш алып барып, анда 10 миңге жакын тарбиялануучу машыгып жатат.Өз ишине берилгендиги, спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн машыктыруучулар жана спорт мектептеринин жетекчилери мэриянын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Ошондой эле аларга Бишкек шаардык кеңеши, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Улуттук олимпиадалык комитеттин сыйлыктары тапшырылды.
Күн мурун Нарын облусунун Жумгал районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Миң-Куш, Сары-Булуң айылындагы 3 турак үйдүн айдоо жерлерин каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгы билдирди. Маалым болгондой, буга тоо кыркаларынан чоң көлөмдө келген сел суулары аталган айылдардан сайы аркылуу агып жатып, нугунан чыкканы себеп болгон. Анын кесепетинен ошондой эле Чаек - Миң-Куш жолунун 38-чакырымындагы жолго кум-шагыл толуп калган. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүүдө. Жол эки тараптуу ачылган.
АКШ менен Израилдин Ирандын энергетикалык объектилерин масштабдуу бомбалоо планы даяр экенин кырдаал менен тааныш болгон америкалык, израилдик жана Жакынкы Чыгыштагы төрт маалымат булагы билдиргенин Axios порталы жазды. "АКШ менен Израиль Ирандын энергетикалык объектилерин масштабдуу бомбалоонун ыкчам планы ишке киргизүүгө даяр", — деп портал кабарлаган. Ал арада Ирандын жогорку кызматтагы аткаминерлеринин бири Рейтер агенттигине Тегеран согуш отун убактылуу токтотуу шартына Ормуз кысыгын ачууну алмашпай турганын айткан. Муну менен катар эле Пакистандан (ортомчу катары) кармашты токтотуу боюнча сунушту алганын, бирок аны карап жаткандыктарын кошумчалаган.
Тегеран Ормуз кысыгын ачпай турганын билдирди Reuters маалымдагандай, Иран бийлиги согуш оту убактылуу токтотулуп, анын ордуна Ормуз кысыгын ачыш керек деген идеяга көнгөн жок. Буга чейин Пакистан АКШга, Иранга кармашты эки этап менен токтотууну сунуштаганы кабарланган. Тегерандан Пакистандын сунушун карап жаткандыктарын, негизи эле чечим кабыл алууда сырттан жасалган басым-кысымдан коркпостугун эскертишкен. Мындан тышкары, алар чабуул жасап жаткан Вашингтонду туруктуу тынчтык орнотууга даяр эмес деп эсептейт.
АКШ менен Израиль Ирандагы энергообъектилерди бомбалоого ниеттенүүдөБишкекте машыктыруучулар жана спорт ардагерлери сыйланды"Бала ырысы" жөлөк пулун берүүнүн шарттары каралды. Алдыда кененирээкЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун жетекчилиги астында ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү. Ведомстводон билдиришкендей, жыйындын негизги максаты — президенттин "Үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу механизмин иштеп чыгуу. Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулунун долбоорун, ошондой эле аны ишке ашыруунун негизги шартарын талкуулашты. Бишкек шаарындагы "Газпром – балдарга" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, салтанатка Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин кызматкерлери, спорт боюнча инструкторлор, машыктыруучулар, спорт мектептеринин мугалимдери, ардагерлер жана эмгек сиңирген ишмерлер катышты. Иш-чарада мэр белгилегендей, бүгүнкү күндө борбор калаада 12 спорттук мектеп иш алып барып, анда 10 миңге жакын тарбиялануучу машыгып жатат.Өз ишине берилгендиги, спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн машыктыруучулар жана спорт мектептеринин жетекчилери мэриянын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Ошондой эле аларга Бишкек шаардык кеңеши, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Улуттук олимпиадалык комитеттин сыйлыктары тапшырылды.Күн мурун Нарын облусунун Жумгал районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Миң-Куш, Сары-Булуң айылындагы 3 турак үйдүн айдоо жерлерин каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгы билдирди. Маалым болгондой, буга тоо кыркаларынан чоң көлөмдө келген сел суулары аталган айылдардан сайы аркылуу агып жатып, нугунан чыкканы себеп болгон. Анын кесепетинен ошондой эле Чаек - Миң-Куш жолунун 38-чакырымындагы жолго кум-шагыл толуп калган. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүүдө. Жол эки тараптуу ачылган.АКШ менен Израилдин Ирандын энергетикалык объектилерин масштабдуу бомбалоо планы даяр экенин кырдаал менен тааныш болгон америкалык, израилдик жана Жакынкы Чыгыштагы төрт маалымат булагы билдиргенин Axios порталы жазды. "АКШ менен Израиль Ирандын энергетикалык объектилерин масштабдуу бомбалоонун ыкчам планы ишке киргизүүгө даяр", — деп портал кабарлаган. Ал арада Ирандын жогорку кызматтагы аткаминерлеринин бири Рейтер агенттигине Тегеран согуш отун убактылуу токтотуу шартына Ормуз кысыгын ачууну алмашпай турганын айткан. Муну менен катар эле Пакистандан (ортомчу катары) кармашты токтотуу боюнча сунушту алганын, бирок аны карап жаткандыктарын кошумчалаган.Тегеран Ормуз кысыгын ачпай турганын билдирди Reuters маалымдагандай, Иран бийлиги согуш оту убактылуу токтотулуп, анын ордуна Ормуз кысыгын ачыш керек деген идеяга көнгөн жок. Буга чейин Пакистан АКШга, Иранга кармашты эки этап менен токтотууну сунуштаганы кабарланган. Тегерандан Пакистандын сунушун карап жаткандыктарын, негизи эле чечим кабыл алууда сырттан жасалган басым-кысымдан коркпостугун эскертишкен. Мындан тышкары, алар чабуул жасап жаткан Вашингтонду туруктуу тынчтык орнотууга даяр эмес деп эсептейт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/06/1100635209_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c38619899254c7592dd2c042fe7fe585.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио