https://sputnik.kg/20260328/rubio-zelenskijdin-kalpyn-chygardy-1100487927.html
Рубио АКШнын коопсуздук кепилдиги боюнча айткан Зеленскийдин калпын чыгарды
Рубио АКШнын коопсуздук кепилдиги боюнча айткан Зеленскийдин калпын чыгарды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын коопсуздук кепилдигин берер-бербеси Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донбасстан чыгарылышынан көз каранды деп... 28.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-28T11:15+0600
2026-03-28T11:15+0600
2026-03-28T11:15+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
россия
украина
марко рубио
коопсуздук кепилдиги
атайын операция
https://sputnik.kg/img/07e9/09/10/1096541090_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_f3a685c9b0133a35b89faaf765420f9e.jpg
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын коопсуздук кепилдигин берер-бербеси Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донбасстан чыгарылышынан көз каранды деп жалган айтууда. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марко Рубио журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.Рубио АКШ Украинага Россиянын Донбасс боюнча позициясын жеткиргенин, кийинки кадамды Киев жасашы керектигин кошумчалады. Мамкатчы АКШ коопсуздук кепилдигин согуш токтомоюнча бербей турганын белгилеген. Анын айтымында, Зеленский мындан кабардар. Рубио муну менен бирге Россия өзөктүк куралга ээ кубаттуу держава болгондуктан, Вашингтон үчүн Москва менен байланыш каналдарын сактап калуу өтө маанилүү экенине да токтолду. Эскерте кетсек, буга чейин Владимир Зеленский АКШ коопсуздук кепилдигинин ордуна Донбасстан Куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылганын, Киев буга макул эместигин билдирген. Белгилей кетсек, жыл башынан бери Россия, АКШ жана Украина делегациялары сүйлөшүүнүн үч айлампасын өткөрдү. Акыркысы 17-18-февраль күндөрү Женевада болгон. Маалыматтарга ылайык, тараптар эч кандай документтерге кол койгон эмес. Кийинки жолугушуунун убакыт-сааты боюнча азыркы учурда эч нерсе айтыла элек.
https://sputnik.kg/20260327/kiyev-asker-karazhat-1100479216.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/10/1096541090_114:0:2845:2048_1920x0_80_0_0_0ded01780ef58cc5ddede202865b3eea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, марко рубио, коопсуздук кепилдиги, атайын операция
дүйнөдө, акш, россия, украина, марко рубио, коопсуздук кепилдиги, атайын операция
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын коопсуздук кепилдигин берер-бербеси Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донбасстан чыгарылышынан көз каранды деп жалган айтууда. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марко Рубио журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Бул калп. Минтип айтканы өтө өкүнүчтүү. Эгер украиндер анык бир чечим кабыл алууну, кайсы бир нерседен баш тартууну каалабаса, согуш улана берет", — деди ал.
Рубио АКШ Украинага Россиянын Донбасс боюнча позициясын жеткиргенин, кийинки кадамды Киев жасашы керектигин кошумчалады.
Мамкатчы АКШ коопсуздук кепилдигин согуш токтомоюнча бербей турганын белгилеген. Анын айтымында, Зеленский мындан кабардар.
Рубио муну менен бирге Россия өзөктүк куралга ээ кубаттуу держава болгондуктан, Вашингтон үчүн Москва менен байланыш каналдарын сактап калуу өтө маанилүү экенине да токтолду.
Эскерте кетсек, буга чейин Владимир Зеленский АКШ коопсуздук кепилдигинин ордуна Донбасстан Куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүүнү
талап кылганын, Киев буга макул эместигин
билдирген.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери Россия, АКШ жана Украина делегациялары сүйлөшүүнүн үч айлампасын өткөрдү. Акыркысы 17-18-февраль күндөрү Женевада болгон. Маалыматтарга ылайык, тараптар эч кандай документтерге кол койгон эмес. Кийинки жолугушуунун убакыт-сааты боюнча азыркы учурда эч нерсе айтыла элек.