00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

КМШ байкоочулары Казакстандагы конституциялык референдумга баа беришти

© Фото / пресс-служба МПА СНГКМШнын байкоочулар миссиясы
КМШнын байкоочулар миссиясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. КМШнын байкоочулар миссиясы 15-мартта Казакстанда өткөн жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду байкоонун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын катчылыгынын маалымат кызматы билдирди.
Байкоочулар добуш берүү процесси ачык өткөнүн белгилешип, мониторинг жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгилешти. Референдум жогорку уюштуруучулук менен өтүп, өлкө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн. Мамлекеттик органдар жана референдум комиссиялары жарандардын эркин добуш берүү укугун камсыздаган.
КМШ ПААнын эл аралык байкоочулар тобунун курамында Кыргызстандын парламентарийлери да мониторинг жүргүзүштү.
“Биз ыкчам түрдө 23 шайлоо участогун кыдырып чыктык. Референдумга даярдык жакшы ойлонулуп, мыкты форматта уюштурулган. Шайлоочулардын агымы бир топ жогору болду. Биз өз алдынча талдоо жүргүзүп, азыркы көрсөткүчтөрдү мурдагы шайлоолор менен салыштырдык. Ал шайлоолордо шайлоочулардын катышуусу 60–70 пайыздан ашкан. Бул казакстандыктардын жарандык активдүүлүгү жогору экенин дагы бир жолу көрсөтөт”, — деп белгилеген Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев.
Топтун курамына Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Жаныбек Аматов жана ЖКнын КМШ ПААсындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев кирген. Ал Санкт-Петербург шаарындагы Казакстандын Башкы консулдугунда жайгашкан шайлоо участогунда болгон.
Добуш берүү күнү КМШ ПААнын эл аралык байкоочулары Казакстандагы 193 шайлоо участогунда, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү 12 участогунда болушту. Жалпысынан алар 205 участканы кыдырып байкоо салышкан.
Астана шаары.Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2026
Казакстанда жаңы Конституция боюнча референдум өттү. Көрсөткүчтөр
Жаңылыктар түрмөгү
0