https://sputnik.kg/20260306/aydoochulardan-test-alynbayt-1100092852.html
Жол эрежесин бузгандардан тест алууга эрте. Жапаров мыйзам долбоору тууралуу
Жол эрежесин бузгандардан тест алууга эрте. Жапаров мыйзам долбоору тууралуу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, жол эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде тест алууга азырынча эрте экенин... 06.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-06T10:00+0600
2026-03-06T10:00+0600
2026-03-06T10:00+0600
кыргызстан
садыр жапаров
жол эрежеси
мыйзам долбоору
айдоочу
тест
https://sputnik.kg/img/07e5/08/1a/1053691224_0:0:1886:1061_1920x0_80_0_0_a4872a1955089ddc3eff11dada039e16.jpg
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, жол эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде тест алууга азырынча эрте экенин айтты. Мамлекет башчы бул демилге жол эрежесин бузган айдоочулардын билим деңгээлин текшерүү максатында сунушталганын, айдоочу жол эрежелерин таптакыр билбесе, анда күбөлүгүн алып, кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлмөктүгүн эске салды. Президенттин айтымында, мындан ары күбөлүк сатып алуу деген таптакыр болбойт. Ал эгер жол эрежесин бузгандарга жетиштүү көңүл бурулбаса кырсык күндөн-күнгө күчөп, көз жумгандар көп болорун кошумчалады. Эскерте кетсек, буга чейин аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, кечээ президенттин маалымат катчысы ИИМ документти чакыртып алууга тапшырма алганын билдирген.
https://sputnik.kg/20260123/bishkektegi-bir-neche-kochogo-kameralar-ornotuldu-1099311553.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/08/1a/1053691224_236:0:1651:1061_1920x0_80_0_0_0ec9b0909967dcfe090128d62a27b1bf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, жол эрежеси, мыйзам долбоору, айдоочу, тест
кыргызстан, садыр жапаров, жол эрежеси, мыйзам долбоору, айдоочу, тест
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, жол эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде тест алууга азырынча эрте экенин айтты.
Мамлекет башчы бул демилге жол эрежесин бузган айдоочулардын билим деңгээлин текшерүү максатында сунушталганын, айдоочу жол эрежелерин таптакыр билбесе, анда күбөлүгүн алып, кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлмөктүгүн эске салды.
"Негизинен бул ыкма туура. Бирок кичине эртерээк деп ойлойм. Себеби биринчи кезекте МАИ кызматкерлеринин өздөрүн толук даярдап чыгышыбыз керек. Айрымдары өздөрү жол эрежесин толук билбеген учурлар кездешет. Ошондуктан качан гана МАИ кызматкерлери өздөрү даяр болгондо бул маселени кайрадан көтөрсө болот", — деди Жапаров.
Президенттин айтымында, мындан ары күбөлүк сатып алуу деген таптакыр болбойт. Ал эгер жол эрежесин бузгандарга жетиштүү көңүл бурулбаса кырсык күндөн-күнгө күчөп, көз жумгандар көп болорун кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, кечээ президенттин маалымат катчысы ИИМ документти чакыртып алууга тапшырма алганын
билдирген.