00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баш оору: себептери, алдын алуу жана дарылоо жолдору кандай?
15:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
17:11
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Меняющие мир
Народный артист Якутии — о судьбе, опере и якутском эпосе в Бишкеке
18:08
35 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ким Чен Ын 13 жаштагы кызын өзөктүк күчтөргө жетекчи кылганы айтылууда

© AP Photo / Ahn Young-joonТүндүк Корея лидери Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Э менен. Архив
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Э менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Ким Чен Ын 13 жаштагы кызы Ким Чжу Эни Түндүк Кореянын өзөктүк күчтөрүнө жетекчи кылып дайындады. Бул тууралуу Түштүк Кореянын The Chosun Daily гезити ишенимдүү булактарына таянып жазды.

"Өлкөдөгү абал менен тааныш жогорку даражалуу бийлик органдарынын өкүлү билдиргендей, чалгын кызматтары Ким Чен Ын өзүнүн кызын ракеталык системалардын жетекчиси кылып дайындаганын аныктаган", — деп айтылат материалда.

Анда ошондой эле Түндүк Кореянын лидери кызынын саясаттагы жана аскердик иштердеги ролун акырындык менен күчөтүп жатканы белгиленген. Мындан улам 13 жаштагы секелек эмитен өлкөсүнүн стратегиялык куралдары боюнча буйруктарды бере баштаган.
"Ким Чен Ын кызын өзөктүк жана ракеталык сыноолор болгондо өзү менен кошо алып жүрөт. Чалгынчылар билдиргендей, ал кызын аскердик иштерди көзөмөлдөө үчүн ракеталык бөлүмдүн башчысы кылып дайындаган. Азыр Кимдин кызы генералдардан отчет алып, буйрук берип жатат", — деди басылма.
КЭДР жетекчилигиндеги өзгөрүүлөр тууралуу кабарлар тарап жаткан учурда өлкөдө соңку жылдардагы эң маанилүү саясий жыйын өтүүдө. Дүйшөмбү күнү Пхеньянда 19-февралда башталган партиялык съезддин пленардык жыйыны уланды. Бул жыйын 2021-жылдагы съездден бери өлкөнүн өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарып, кийинки беш жылга жаңы максаттарды аныктайт.
Тополь ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2025
Россиянын өзөктүк калканы. Кубаттуу ракеталар тууралуу баяндаган кызыктуу видео
Жаңылыктар түрмөгү
0