https://sputnik.kg/20260225/1099939211.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды. Бул тууралуу "Ынтымак ордо"... 25.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-25T15:00+0600
2026-02-25T15:00+0600
2026-02-25T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/19/1099939045_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_81b96c0c7961589963da06852bedbce8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Жолугушууда кыргыз-орус мамилелерин маданий-гуманитардык тармакта чыңдоо маселелери жана келечеги талкууланган. "Садыр Жапаров 2025-жылы Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү ийгиликтүү өткөнүн канааттануу менен белгилеп, жакынкы арада Москвада ачыла турган Кыргыз илим жана маданият үйү ортодогу алаканы мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди", — деп айтылат маалыматта. Президент үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн айтып, Россиянын командасын бул иш-чарага активдүү катышууга чакырды. Ал эми Швыдкой Жапаровго Россия президенти Владимир Путиндин жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди. Ал ошондой эле Кыргызстан анын мекени экенин жана өнүгүүсүнө тыкыр көз салып турарын кошумчалаган.
Депутат Нуржамал Төрөбекова тармактык комитеттин жыйынында жубайларды үйлөнөрдөн мурда медициналык кароодон өткөрүүнү сунуштады.Эл өкүлү бул жаштарды ар кандай инфекциялардан коргой турганын билдирди. "Азыр көрүп жатасыздар го, балдарыбыз чет өлкөдөн жуктуруп келип, ата-энелери билсе да кыздарга айтпай үйлөнүп, натыйжада балага да, аялына да жугуп, оорукчан болуп жатат", — деген ал. Депутат чет өлкөлөрдө, анын ичинде Өзбекстанда никеге турардан мурда ВИЧ менен гепатитке анализ алынарын мисал келтирген.
Кыргызстан 2025-жылы 3,86 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттогон. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди. Энергетика министрлиги өлкөлөр боюнча маалыматтарды бөлүштүрүп бергенине ылайык: Казакстандан 1,44 миллиард киловатт-саат импорттолгон Түркмөнстандан — 1,61 миллиард Өзбекстандан — 1,14 миллиард Россиядан — 221,7 миллион Алгач 4,38 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоо пландалган.
"Каалоочулар коалициясына" кирген мамлекеттердин арасында Украинага тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү Россия президенти Владимир Путиндин уруксатына байланыштуу экенин моюндагандар бар. Мындай жагдай Лондон менен Париждин планына бут тосорун Telegraph өз маалымат булактарына таянуу менен жазды. Коалицияга мүчө өлкөлөрдүн башчылары шейшемби күнү жолугуп, коопсуздук кепилдиктеринин алкагында Украинага аскер жөнөтүү оюн ырасташкан. Ага чейин Россия ТИМинин башчысынын орун басары Сергей Рябков Москва эч убакта НАТО аскеринин Украинага жайгашуусуна жол бербей турганын билдирген. Бул аталган топтун мамлекеттерине да тиешелүү. "Өздөрүн коалиция деп атаган мамлекеттердин арасында аскер күчтөрүнүн жөнөтүлүшү россиялык президенттин чечиминен көз каранды экенин моюндагандар улам көбөйүп баратат", — деп жазган гезит. Ал эми коргонуу жана дипломатия жаатындагылардын берген маалыматы боюнча, бул Улуу Британия менен Франциянын элдешүүнү колдогон болуп көрүнүү планын Кремлдин каалоосуна жараша ишке ашырбай коюшу толук ыктымал. Жогорку кызматтагы аткаминердин айтымында, коалицияга мүчө болгон айрым мамлекеттердин өкүлдөрү Украинага аскер күчүн Москванын макулдугу менен гана жөнөтө турганын айтышкан.
Президент Садыр Жапаров Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Жолугушууда кыргыз-орус мамилелерин маданий-гуманитардык тармакта чыңдоо маселелери жана келечеги талкууланган. "Садыр Жапаров 2025-жылы Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү ийгиликтүү өткөнүн канааттануу менен белгилеп, жакынкы арада Москвада ачыла турган Кыргыз илим жана маданият үйү ортодогу алаканы мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди", — деп айтылат маалыматта. Президент үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн айтып, Россиянын командасын бул иш-чарага активдүү катышууга чакырды. Ал эми Швыдкой Жапаровго Россия президенти Владимир Путиндин жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди. Ал ошондой эле Кыргызстан анын мекени экенин жана өнүгүүсүнө тыкыр көз салып турарын кошумчалаган.Депутат Нуржамал Төрөбекова тармактык комитеттин жыйынында жубайларды үйлөнөрдөн мурда медициналык кароодон өткөрүүнү сунуштады.Эл өкүлү бул жаштарды ар кандай инфекциялардан коргой турганын билдирди. "Азыр көрүп жатасыздар го, балдарыбыз чет өлкөдөн жуктуруп келип, ата-энелери билсе да кыздарга айтпай үйлөнүп, натыйжада балага да, аялына да жугуп, оорукчан болуп жатат", — деген ал. Депутат чет өлкөлөрдө, анын ичинде Өзбекстанда никеге турардан мурда ВИЧ менен гепатитке анализ алынарын мисал келтирген.Кыргызстан 2025-жылы 3,86 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттогон. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди. Энергетика министрлиги өлкөлөр боюнча маалыматтарды бөлүштүрүп бергенине ылайык: Казакстандан 1,44 миллиард киловатт-саат импорттолгон Түркмөнстандан — 1,61 миллиард Өзбекстандан — 1,14 миллиард Россиядан — 221,7 миллион Алгач 4,38 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоо пландалган."Каалоочулар коалициясына" кирген мамлекеттердин арасында Украинага тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү Россия президенти Владимир Путиндин уруксатына байланыштуу экенин моюндагандар бар. Мындай жагдай Лондон менен Париждин планына бут тосорун Telegraph өз маалымат булактарына таянуу менен жазды. Коалицияга мүчө өлкөлөрдүн башчылары шейшемби күнү жолугуп, коопсуздук кепилдиктеринин алкагында Украинага аскер жөнөтүү оюн ырасташкан. Ага чейин Россия ТИМинин башчысынын орун басары Сергей Рябков Москва эч убакта НАТО аскеринин Украинага жайгашуусуна жол бербей турганын билдирген. Бул аталган топтун мамлекеттерине да тиешелүү. "Өздөрүн коалиция деп атаган мамлекеттердин арасында аскер күчтөрүнүн жөнөтүлүшү россиялык президенттин чечиминен көз каранды экенин моюндагандар улам көбөйүп баратат", — деп жазган гезит. Ал эми коргонуу жана дипломатия жаатындагылардын берген маалыматы боюнча, бул Улуу Британия менен Франциянын элдешүүнү колдогон болуп көрүнүү планын Кремлдин каалоосуна жараша ишке ашырбай коюшу толук ыктымал. Жогорку кызматтагы аткаминердин айтымында, коалицияга мүчө болгон айрым мамлекеттердин өкүлдөрү Украинага аскер күчүн Москванын макулдугу менен гана жөнөтө турганын айтышкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/19/1099939045_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9404f3f3fe87071b0cc50ca90842fc3f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио