УКМК: Бишкекте майда бейбаштыкка шектелген кишини сабаган милиционер кармалды
УКМК: Бишкекте майда бейбаштыкка шектелген кишини сабаган милиционер кармалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкекте Ленин РИИБинин кенже лейтенанты кызмат абалынан пайдаланып, күч колдонууга шектелип кармалганын УКМКдан билдиришти. 24.02.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкекте Ленин РИИБинин кенже лейтенанты кызмат абалынан пайдаланып, күч колдонууга шектелип кармалганын УКМКдан билдиришти. Эксперттик корутундуга ылайык, кармалган шектүүнүн мээси чайкалып, эки омурткасы сынып, жүлүнү жабыркап, денеси көгала болгон. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында милициянын кенже лейтенанты Р.у.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин айтышты.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкекте Ленин РИИБинин кенже лейтенанты кызмат абалынан пайдаланып, күч колдонууга шектелип кармалганын УКМКдан билдиришти.
ГКНБ совместно с СВР МВД расследует факт превышения власти с применением физического насилия со стороны сотрудников Ленинского РУВД
"Милиция кызматкери административдик укук бузууга ("Майда бейбаштык") шектелген Л.Д. аттуу жаранды №2 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирип, өзүнүн күчүн жана бийлигин көрсөтүү максатында негизсиз сабап салган. Анын жаракатынан улам Тез жардам бригадасы Улуттук госпиталга жеткирген", — деп маалыматта айтылган.
Эксперттик корутундуга ылайык, кармалган шектүүнүн мээси чайкалып, эки омурткасы сынып, жүлүнү жабыркап, денеси көгала болгон.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында милициянын кенже лейтенанты Р.у.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин айтышты.