00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жайкы аллергия же поллиноз: эмнеси менен кооптуу?
11:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган театр жумалыгы ачылды: анын мааниси эмнеде?
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Таласта МИКтин үйүн куруп, иштен четтетилген жумушчулар кайрадан кабыл алынды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМИК үйлөрүнүн курулушу. Архив
МИК үйлөрүнүн курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Акыйкатчы институту Таластагы жумушчулардын эмгек укуктарын коргоп, жумушка кайра орношууга жардам берди. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун 21 тургуну Жамиля Жаманбаевага арыз менен кайрылышкан. Алар 5-16-январь күндөрү Талас шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунда иштеп, бирок 16-январда эч себепсиз жумуштан четтетилип, ордуна коңшу мамлекеттен 60ка жакын жумушчу тартылганын айтышкан.

"Бизди жумушка алганда эмгек келишими түзүлгөн эмес. Бирок жумушка чыккандыгыбыз журналга катталган, ошондой эле фото жана видеодалилдер бар. Акыйкатчыдан эмгек укуктарыбызды коргоп берүүнү жана кайрадан жумушка орношууга жардам берүүнү суранабыз", — деп жазышкан тургундар.

Акыйкатчы институту Мамлекеттик ипотекалык компанияга жана президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнө расмий кат жөнөткөн. Жоопто МИК ипотекалык үйлөрдүн болгону буюртмачысы экенин, ал эми курулуш иштерин "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы жүргүзөрүн билдирген.
Ишти кароо учурунда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Таластагы бул турак жай комплексинин курулушун мурда башка компания жүргүзүп, иштерди толук бүтүрбөстөн долбоордон чыгып кеткенин аныкташкан. Кийин объект башка компанияга өткөрүп берилген.
Институттун кайрылуусунан кийин азыркы подрядчы тиешелүү квалификациясы жана тажрыйбасы бар жергиликтүү тургундарды жумушка алууга даяр экенин билдирген. Тургундар февралдын башында жумушка кабыл алынган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2026
Акыйкатчы: үй-бүлөлүк зомбулук боюнча абал курч бойдон калууда
Жаңылыктар түрмөгү
0