00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Каким должен быть учитель сегодня и готовы ли школы к новым детям?
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стопкадр
Салт жана технология: «Жомокчу» ИИ менен жомокторду мультфильмге айлантат
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Иран и Кыргызстан: о взаимодействии в экономике и построении новых маршрутов
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ак калпак — улуттун жүзү: баалуулуктар менен заманбап жашоонун айкалышы кандай болууда?
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖМК: АКШ Ирандын жогорку лидерин жок кылуу жагын карап жатат

© AP Photo / Office of the Iranian Supreme LeaderИрандын жогорку лидери аятолла Али Хименеи. Архив
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хименеи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. АКШ Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи менен уулу Можтабаны жок кылуу жагын караштырууда. Бул тууралуу Axios президент Дональд Трамптын атын атабаган кеңешчисине таянуу менен жазды.
"Ар кандай болуп кетиши мүмкүн, бардык сценарийге вариант бар. Биринде аятолланы уулу менен, ошондой эле молдолорду жок кылуу камтылган. Трамптын өзү баш болуп натыйжада кайсы вариант ишке ашарын эч ким билбейт", — деген басылманын маектеши.
Маалымат берген дагы бир адам Хаменеини жок кылуу боюнча план Трампка бир нече жума мурун түшкөнүн билдирген.
Кечээ The Wall Street Journal өзүнүн маалымат булагына таянуу менен Трамп Иранды өзөктүк келишим түзүүгө мажбурлоо үчүн анча катуу эмес сокку урууга белсенип турганын жазган.
Андан бир күн мурун The New York Times АКШ Жакынкы Чыгышка 50дөн ашуун истребитель менен согуштук кемелердин эки тобун жөнөткөнүн кабарлаган. Алар ушул дем алышта же кийинки жуманын башында ошол жактагы америкалык күчтөргө кошулушу мүмкүн. CBS телеканалынын айтымында, АКШ аскерлери Иранга ишемби күнү сокку урууга даяр турушат.
Ал эми Трамп Тегеран менен келишим түзүлөр-түзүлбөсү он күн аралыгында белгилүү болорун айткан.

АКШ менен Ирандын тирешүүсү

АКШ президенти Ирандан өзөктүк куралдан биртолото баш тарткан келишим түзүүнү талап кылып, болбосо былтыр жайында жасалган чабуулдан да оор сокку уруларын эскертүүдө. Январдын соңунда Кошмо Штаттар Оман жана Перс булуңдарына согуштук кемелердин жоон тобун жөнөтсө, кийинчерээк кошумча күчтөр жайгаштырылганын кабарлаган эле.
Февралдын башында АКШ менен Иран өкүлдөрү Оманда жолугушкан. Ислам республикасынын тышкы иштер министри Аббас Аракчи тараптар өзөктүк энергетиканы тынчтык максатта гана колдонууну кепилдеген макулдашуунун орчундуу принциптерин иштеп чыгууга жетишкенин маалымдаган. Тегеран согушууга аргасыз болсо да уран байытуу укугун сактап калуу ниетинде.
Өткөн аптада Трамп эгер Иран келишимден баш тартса Вашингтон кесепети оор боло турган пландын экинчи фазасына өтөрүн билдирди.
РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2026
РФ ТИМи Ирандын өзөктүк досьеси боюнча маселеге комментарий берди
Жаңылыктар түрмөгү
0