https://sputnik.kg/20260218/sadyr-zhaparov-ala-archa-asma-zhol-achty-1099802360.html
Ишкерлерге басым-кысым болсо капа болбогула. Жапаровдун Ала-Арчадагы кеби
Ишкерлерге басым-кысым болсо капа болбогула. Жапаровдун Ала-Арчадагы кеби
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкерлерди дайны жок эле кысымга албагыла. Кокус кандайдыр бир кысым-басымдын четин угуп... 18.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-18T16:02+0600
2026-02-18T16:02+0600
2026-02-18T16:02+0600
кыргызстан
садыр жапаров
"ала-арча" улуттук паркы
асма жол
бизнес
текшерүү
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/18/1098812976_0:0:3276:1844_1920x0_80_0_0_bfabbe265c32af1985857672c08f2f18.jpg
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкерлерди дайны жок эле кысымга албагыла. Кокус кандайдыр бир кысым-басымдын четин угуп калсам, капа болбогула. Мындай сөздү президент Садыр Жапаров бүгүн Ала-Арча жаратылыш паркындагы гондоль тибиндеги асма жолдун ачылышында айтты. Президент Ала-Арчада курулган, узундугу бир чакырым болгон жаңы асма жол боюнча дагы маалымат берген. Анын айтымында, мындан ары саатына миңге жакын адам тоо чокусуна жете алат. Өлкө башчысы акыркы жылдары парктагы инфратүзүм толук жаңыланганын айтып, коттедждер курулуп, родельбан жана беш жылдыздуу мейманкана салынарын кошумчалады. Анын айтымында, санариптештирүүнүн жана тартиптин негизинде Ала-Арча жаратылыш паркынын кирешеси кыйла өскөн. Эгер 2020-жылы парк 29 миллион сом киреше тапса, 2025-жылы бул көрсөткүч 262 миллион сомдон ашкан. Жапаров өлкөнүн туристтик потенциалын толук пайдалануу башкы максат экенин белгиледи. Ички жана тышкы инвесторлор үчүн шарттар түзүлөрүн, негизсиз текшерүүлөргө мораторий киргизилгенин да эске салды.
https://sputnik.kg/20260218/zhaparov-ala-archadagy-asma-zholdun-achylyshyna-katyshty-1099802046.html
"ала-арча" улуттук паркы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/18/1098812976_545:0:3276:2048_1920x0_80_0_0_38886afc05167522d696dd4b44cb7be8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, "ала-арча" улуттук паркы, асма жол, бизнес, текшерүү
кыргызстан, садыр жапаров, "ала-арча" улуттук паркы, асма жол, бизнес, текшерүү
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкерлерди дайны жок эле кысымга албагыла. Кокус кандайдыр бир кысым-басымдын четин угуп калсам, капа болбогула. Мындай сөздү президент Садыр Жапаров бүгүн Ала-Арча жаратылыш паркындагы гондоль тибиндеги асма жолдун ачылышында айтты.
"Ишкерлер ирденип алса салыктык төлөмдөр дагы көбөйүп, кошумча жумуш орундары түзүлөт. Мамлекетибизге, эли-журтубузга бардык жагынан пайда гана алып келет. Ошол эле учурда мамлекет ишеним артып, тиешелүү шарттарды түзүп берип жатканда ишкерлер дагы кыянаттык кылбайт, салыктарын жаап-жашырбай ак иштейт деп үмүт кылам", — деген Жапаров.
Президент Ала-Арчада курулган, узундугу бир чакырым болгон жаңы асма жол боюнча дагы маалымат берген. Анын айтымында, мындан ары саатына миңге жакын адам тоо чокусуна жете алат.
Өлкө башчысы акыркы жылдары парктагы инфратүзүм толук жаңыланганын айтып, коттедждер курулуп, родельбан жана беш жылдыздуу мейманкана салынарын кошумчалады. Анын айтымында, санариптештирүүнүн жана тартиптин негизинде Ала-Арча жаратылыш паркынын кирешеси кыйла өскөн. Эгер 2020-жылы парк 29 миллион сом киреше тапса, 2025-жылы бул көрсөткүч 262 миллион сомдон ашкан.
Жапаров өлкөнүн туристтик потенциалын толук пайдалануу башкы максат экенин белгиледи. Ички жана тышкы инвесторлор үчүн шарттар түзүлөрүн, негизсиз текшерүүлөргө мораторий киргизилгенин да эске салды.