https://sputnik.kg/20260216/uch-reabilitacziyalyk-borbordo-bejtaptar-kordolgon-1099762194.html
УКМК: Бишкектеги үч реабилитациялык борбордо бейтаптар кордолуп, экөө каза болгон
УКМК: Бишкектеги үч реабилитациялык борбордо бейтаптар кордолуп, экөө каза болгон
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте мыйзамсыз иштеген үч реабилитациялык борбор аныкталып, биринде адамдар каза тапкан. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 16.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-16T14:50+0600
2026-02-16T14:50+0600
2026-02-16T14:50+0600
кыргызстан
реабилитациялык борбор
укмк
өлүм
https://sputnik.kg/img/07ea/02/10/1099759958_0:101:1080:709_1920x0_80_0_0_da0f879aad00ceebc4e2749aac5de4ea.jpg
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте мыйзамсыз иштеген үч реабилитациялык борбор аныкталып, биринде адамдар каза тапкан. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Комитет "Хидальго", "Решение" жана "Бишкек-Маяк" аттуу үч борбордун иши токтотулганын белгиледи. Мындан тышкары, "Бишкек-Маяк" реабилитациялык борборунда дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен эки өлүм аныкталганы белгилүү болду. Соттун чечими менен аталган борборлордун директорлорунун жана кызматкерлеринин ичинен жети адам кармалып, камакка алынган.
https://sputnik.kg/20260119/daryloo-borbor-beytap-zombuluk-korsotushkon-1099219812.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/10/1099759958_0:0:1080:810_1920x0_80_0_0_de0b5312474146ebc8d1fe6b2cd0217e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, реабилитациялык борбор, укмк, өлүм
кыргызстан, реабилитациялык борбор, укмк, өлүм
УКМК: Бишкектеги үч реабилитациялык борбордо бейтаптар кордолуп, экөө каза болгон
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте мыйзамсыз иштеген үч реабилитациялык борбор аныкталып, биринде адамдар каза тапкан. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Комитет "Хидальго", "Решение" жана "Бишкек-Маяк" аттуу үч борбордун иши токтотулганын белгиледи.
"Аталган жайдын директорлору жана айрым кызматкерлери дарылоодо бейтаптарга адаттан тыш ыкмаларды күч менен колдонушкан. Алар электрошокер пайдаланып, дарыланып жаткандарды байлап, түрдүү жолдор менен кыйнашкан", – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, "Бишкек-Маяк" реабилитациялык борборунда дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен эки өлүм аныкталганы белгилүү болду.
Соттун чечими менен аталган борборлордун директорлорунун жана кызматкерлеринин ичинен жети адам кармалып, камакка алынган.