Министр Россияда иштеген кыргызстандык дарыгерлерди мекенге кайтууга чакырды
Министр Россияда иштеген кыргызстандык дарыгерлерди мекенге кайтууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Россияга болгон иш сапарынын алкагында ошол жакта иштеп жаткан кыргызстандык медиктер... 09.02.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Россияга болгон иш сапарынын алкагында ошол жакта иштеп жаткан кыргызстандык медиктер менен жолукканын аталган министрлик билдирди. Ведомство жетекчиси медицина кызматкерлерин Кыргызстанга кайтууга чакырып, аларга татыктуу шарттарды түзүүгө даяр экенин белгилеген. Жолугушуунун жүрүшүндө министр тармакта жүргүзүлүп жаткан учурдагы реформалар, медициналык уюмдарды модернизациялоо боюнча чаралар, эмгек акыны жогорулатуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана медицина кызматкерлеринин эмгек шартын жакшыртуу тууралуу айтып берген. Жыйынтыгында бир катар жаш адистер Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдарында ишин улантуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин билдиришти.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Россияга болгон иш сапарынын алкагында ошол жакта иштеп жаткан кыргызстандык медиктер менен жолукканын аталган министрлик билдирди.
Ведомство жетекчиси медицина кызматкерлерин Кыргызстанга кайтууга чакырып, аларга татыктуу шарттарды түзүүгө даяр экенин белгиледи
Ведомство жетекчиси медицина кызматкерлерин Кыргызстанга кайтууга чакырып, аларга татыктуу шарттарды түзүүгө даяр экенин белгилеген.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын саламаттык сактоо тутуму квалификациялуу, демилгелүү жана өз кесибин сүйгөн адистерге муктаж. Мамлекет биздин дарыгерлерибиз мекенине кайтып, кесиптик жактан өнүгүп, калктын саламаттыгын чыңдоого салым кошуусуна кызыкдар", — деди министр.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр тармакта жүргүзүлүп жаткан учурдагы реформалар, медициналык уюмдарды модернизациялоо боюнча чаралар, эмгек акыны жогорулатуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана медицина кызматкерлеринин эмгек шартын жакшыртуу тууралуу айтып берген.
Жыйынтыгында бир катар жаш адистер Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдарында ишин улантуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин билдиришти.