00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
АКШ, Израиль, Иран согушу: дүйнөнү эмнеге кептейт?
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рекордные сборы и упрощение процедур - как прошел 2025 год для налоговой
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу кандай көзөмөлдөнүп жатат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
ЕАЭБде органикалык азык-түлүк боюнча күчтүү атаандаштык түзө алабыз — жаңы мыйзам кабыл алынат
13:08
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда үч жашка чейинки бардык балдарга жөлөк пул берүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов билдирди. Анын айтымында, Өзгөчө көңүл балалуу аялдарга, майыптыгы бар жарандарга жана оор турмуштук абалдагы үй-бүлөлөргө бурулат. Анын ичинде алыскы, бийик тоолуу жана чек ара аймактарында жашаган энелер менен балдар бар. Буга чейин депутаттар 12 жашка чейинки бардык балдарга, ал эми муктаж үй-бүлөлөр үчүн 16 жашка чейин жөлөк пул төлөөнү сунушташкан. Эдиль Байсалов азырынча кирешесине карабай бардык балдарга жөлөк пул төлөөгө мүмкүн эмес экенин, бирок жакынкы айларда бул багытта өзгөрүүлөр болорун айтты.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында айланма жолдун курулушу башталды. Мэрия жүрүп жаткан иштерди видео аркылуу көрсөттү.Муниципалитеттин маалыматы боюнча, жол төрт тилкелүү болуп, узундугу 15,64 чакырымды түзөт. Курулуш мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Жолду Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитинин башталышына, тагыраагы, 31-августка чейин бүтүрүү пландалган. Айланма жол аркылуу өтүү акысыз болот. Мэриядан бул долбоор шаардын транспорттук жүгүн азайтуу, эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатын көздөй турганын белгилешти.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң талант Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган "Сүймөнкул" мюзикли тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Спектакль 12-17-февраль күндөрү өтөт. Акын Акбар Кубанычбековдун калемине таандык эмгек филармониянын чоң залында саат 18:30да көрсөтүлөт. Билеттер сатыкка чыкты. Белгилей кетсек, бул — улуттук филармония тарабынан коюлган үчүнчү мюзикл. Буга чейинки "Жамийла" жана "Раймалы менен Бегимай" чыгармалары да эл тарабынан жогорку баага татыган.
Украина Будапештти Россиянын арзан электр энергиясынан ажыратууну талап кыла берип Венгриянын душманына айланды. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды. Анын айтымында, Киев бул аракеттерин токтотушу керек. "Мындай учурда душман деп эсептелинет. Россиянын арзан энергиясынан кол үзүүнү тынымсыз талап кылып, биздин негизги кызыкчылыгыбызды ойрондотууда. Буга Венгриянын касы гана барат", — деген Орбан Сомбатхей шаарында шайлоо алдындагы иш-чарада сүйлөп жатып. Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто апрель айында өтө турган парламенттик шайлоонун жыйынтыгында бийликке оппозиция келсе, Россиядан нефть жана газ алуудан баш тартарын айткан. Бул Венгриянын экономикасына кесепетин тийгизет. Ал эми Орбан Москва Венгрияны энергия менен камсыз кылуу аркылуу анын коопсуздугуна кепил болуп жатканын белгилеп, акыл-эстүү адам ишенимдүү өнөктөштү ишенимсизге алмаштырбай турганын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0