https://sputnik.kg/20260207/1099584811.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Төрөбаев Ысык-Көл облусунда үч жылда ичүүчү суу маселеси толук чечилерин айттыКөчмөндөр оюндарына даярдык. Чолпон-Атадагы ат майданы жаңыланатЖапаров жеке... 07.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-07T11:00+0600
2026-02-07T11:00+0600
2026-02-07T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/07/1099584645_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e50fba942e109d501039019b66b526d0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Төрөбаев Ысык-Көл облусунда үч жылда ичүүчү суу маселеси толук чечилерин айттыКөчмөндөр оюндарына даярдык. Чолпон-Атадагы ат майданы жаңыланатЖапаров жеке автомектептерди жапканы үчүн ээлеринен кечирим сурадыАлдыда кененирээкЖеке мектептерди жапканым үчүн ээлеринен дагы кечирим сурайм. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде айтты. Өлкө башчы мындай кадамга жеке кызыкчылыгы үчүн барбаганын белгилеген. "Окуду кылып маалым кат берип, өттү кылып күбөлүк саткан кызматкердин жакын адамын ошол айдоочу сүзүп өлтүргөн учурлар болду. Бул дагы болсо ошол күбөлүк саткан кызматкерге кудайдын берген белгиси деп ойлойм. Ошондуктан башка бизнеске өткүлө", — деген Жапаров. Президент 10 айлык окуу мөөнөтү ойдон чыгарылбаганын, дүйнөлүк стандарттагы окуу программалары эске алынганын белгиледи."Дүйнөнүн көп эле өлкөлөрүндө бир жылдан кем эмес окутушат экен. Биздин адистер окуу программаларын 10 айга ылайыкташты. Эң жакшысы, азыр онлайн окуса да болот. Ансыз деле баарыбыз суткалап интернетте отурабыз. Күнүгө 2 саат убактыбызды сабакка бөлүп койбойлубу? 10 ай тез эле өтөт. Эгер 5-6 айда эле окуучулар даяр болуп, экзаменден шыр өтүп кетип жатышса, мына ошондо мөөнөтүн кыскартууну карап көрсөк болот", - деген президент. Жапаров канчалык кыйын болсо да келечек үчүн кам көрүп жаткан ишти колдоп берүүнү суранган.
Ысык-Көл облусунда ичүүчү суу маселеси үч жылдын ичинде чечилип, эл толук камсыз болот. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аталган облустагы өткөн иш-чарада айтты. Бүгүн Тору-Айгыр айылында курулган таза суу объектисин салтанаттуу түрдө ачып, ишке беришти. Көл кылаасы боюнча учурда 72 калктуу пунктуда аталган жааттагы маселе толук чечиле элек. Алардын ичинен 15 айыл Ак-Суу районунда жайгашкан. Учурда техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып, экспертизадан өткөрүлүүдө. Министрдин айтымында, алдыдагы эки жылдын ичинде бул аймактардын басымдуу бөлүгүндө тиешелүү иштер аяктап, жалпы үч жылдын ичинде Ысык-Көл облусундагы таза суу көйгөйү толук чечилет. Төрөбаев бул жаатта жалпы өлкө боюнча кандай иштер жасалып жатканы боюнча маалымат берип, 600 айылда таза суу менен камсыздоочу системаларды куруу башталганын айтты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу русурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды. Сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо алдыдагы Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана уюштуруу иштерине арналган жыйын өткөрдү. Ал ат майдандын аянтчасын карап чыгып, негизги жерлерди тандоо боюнча тапшырмаларды берип, катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун эске алуу менен аларды даярдоо боюнча талаптарды белгиледи. Иш сапардын жыйынтыгында минкаб төрагасынын орун басары президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга мындан аркы иштерди координациялоо жана долбоорлордун өз убагында ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Төрөбаев Ысык-Көл облусунда үч жылда ичүүчү суу маселеси толук чечилерин айттыКөчмөндөр оюндарына даярдык. Чолпон-Атадагы ат майданы жаңыланатЖапаров жеке автомектептерди жапканы үчүн ээлеринен кечирим сурадыАлдыда кененирээкЖеке мектептерди жапканым үчүн ээлеринен дагы кечирим сурайм. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде айтты. Өлкө башчы мындай кадамга жеке кызыкчылыгы үчүн барбаганын белгилеген. "Окуду кылып маалым кат берип, өттү кылып күбөлүк саткан кызматкердин жакын адамын ошол айдоочу сүзүп өлтүргөн учурлар болду. Бул дагы болсо ошол күбөлүк саткан кызматкерге кудайдын берген белгиси деп ойлойм. Ошондуктан башка бизнеске өткүлө", — деген Жапаров. Президент 10 айлык окуу мөөнөтү ойдон чыгарылбаганын, дүйнөлүк стандарттагы окуу программалары эске алынганын белгиледи."Дүйнөнүн көп эле өлкөлөрүндө бир жылдан кем эмес окутушат экен. Биздин адистер окуу программаларын 10 айга ылайыкташты. Эң жакшысы, азыр онлайн окуса да болот. Ансыз деле баарыбыз суткалап интернетте отурабыз. Күнүгө 2 саат убактыбызды сабакка бөлүп койбойлубу? 10 ай тез эле өтөт. Эгер 5-6 айда эле окуучулар даяр болуп, экзаменден шыр өтүп кетип жатышса, мына ошондо мөөнөтүн кыскартууну карап көрсөк болот", - деген президент. Жапаров канчалык кыйын болсо да келечек үчүн кам көрүп жаткан ишти колдоп берүүнү суранган.Ысык-Көл облусунда ичүүчү суу маселеси үч жылдын ичинде чечилип, эл толук камсыз болот. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аталган облустагы өткөн иш-чарада айтты. Бүгүн Тору-Айгыр айылында курулган таза суу объектисин салтанаттуу түрдө ачып, ишке беришти. Көл кылаасы боюнча учурда 72 калктуу пунктуда аталган жааттагы маселе толук чечиле элек. Алардын ичинен 15 айыл Ак-Суу районунда жайгашкан. Учурда техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып, экспертизадан өткөрүлүүдө. Министрдин айтымында, алдыдагы эки жылдын ичинде бул аймактардын басымдуу бөлүгүндө тиешелүү иштер аяктап, жалпы үч жылдын ичинде Ысык-Көл облусундагы таза суу көйгөйү толук чечилет. Төрөбаев бул жаатта жалпы өлкө боюнча кандай иштер жасалып жатканы боюнча маалымат берип, 600 айылда таза суу менен камсыздоочу системаларды куруу башталганын айтты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу русурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды. Сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо алдыдагы Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана уюштуруу иштерине арналган жыйын өткөрдү. Ал ат майдандын аянтчасын карап чыгып, негизги жерлерди тандоо боюнча тапшырмаларды берип, катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун эске алуу менен аларды даярдоо боюнча талаптарды белгиледи. Иш сапардын жыйынтыгында минкаб төрагасынын орун басары президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга мындан аркы иштерди координациялоо жана долбоорлордун өз убагында ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/07/1099584645_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d38d92225668cc7bb6b2a228c870b752.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио