00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
13:50
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
18:06
45 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
21:57
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйылкы кыштагы кар жана кундүн табы жазга кандай таасир берет?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстан ЕАЭБдин алкагындагы экинчи кооперациялык долбоорго активдүү катышып жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди интеграциялоо секторунун жетекчиси Каниет Насирдинов Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы брифингде билдирди. Анын айтымында, механизм бир товарды өндүрүүгө үчтөн ашык экономикалык субъектинин катышуусун карайт. Ал кошумчалагандай, кооперациялык долбоорлорду түзүүнү Кыргызстан демилгелеген. Бул өлкөнүн ЕАЭБде биргелешип өндүрүштү өнүктүрүүгө активдүү катышканын тастыктайт.
Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 кийинки кыш мезгилинде ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын башкы директорунун экономика жана каржы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди. Анын айтымында, газ жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган. "Бизге белгилүү болгондой, ЖЭБди реконструкциялоо долбоору мамлекеттик органдарда каралууда. Биз 2027/2028-жылдардын жылытуу мезгилинде ЖЭБ-2ге газ берүү башталат деген негизде бардык инвестициялык программаларды пландаштыруудабыз. Коңшу мамлекеттер менен келишимдер түзүлүп, анын алкагында магистралдык транспорттук объектилердин курулушу башталды", — деди ал. Эскерте кетсек, өткөн жылы "Газпром Кыргызстан" ЖЭБ-2 жана "Бишкексельмаш" отканасы оңдолуп бүткөндөн кийин газга кошуларын маалымдаган.
Быйыл Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык мамлекеттен спортчулар жана меймандар катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өткөн көчмө жыйында билдиргенин аталган министрликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыйында дүйнөлүк масштабдагы маданий-спорттук иш-чарага даярдык көрүү маселелери талкууланып, уюштуруу иштеринин жүрүшү, инфраструктуралык объектилердин абалы жана эл аралык конокторду кабыл алуу шарттары каралды. Маданий оюндардын байге фондуна 4 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнөрү айтылды. Иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун учурдагы абалы менен таанышып чыгып, даярдык иштерин күчөтүү, инфраструктураны жакшыртуу жана эл аралык стандарттарга ылайык шарттарды түзүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
АКШда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөкөр деп шектелип жаткан кыргызстандыкка байланыштуу кырдаал Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин жана Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Азырынча ТИМ кырсыктын чоо-жайы тууралуу расмий маалымат тарата элек. Бирок буга чейин өлкөнүн АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү окуянын бардык жагдайларын, кармалган жарандын укуктук макамын, ошондой эле ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү маселелерин тактап жатканын билдирген. Кабарды Ак үй соцтармактагы расмий баракчасына бөлүшкөн. Кырсык 3-февралда болгон. Трактын 30 жаштагы айдоочусу Бекжан Бейшекеев каршы тилкеге чыгып, кичи автобус менен кагышканы
Жаңылыктар түрмөгү
0