https://sputnik.kg/20260206/1099576632.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги ЖЭБ-2 кийинки кышта ишке кириши мүмкүнТашкентте Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын эскерүү иш-чаралары өттүКыргызстанда бир жылда жумушсуздардын саны... 06.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-06T17:00+0600
2026-02-06T17:00+0600
2026-02-06T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/06/1099576466_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_689355267ecbe82a72c5295881e6d223.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги ЖЭБ-2 кийинки кышта ишке кириши мүмкүнТашкентте Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын эскерүү иш-чаралары өттүКыргызстанда бир жылда жумушсуздардын саны 22 пайызга кыскардыКыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли акыркы жылдарга салыштырмалуу кескин төмөндөдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ведомствонун жыйынтыктоочу коллегиясында билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында эмгек рыногунда туруктуулук байкалган. Расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзүп, бул акыркы беш жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды. "Расмий жумушсуз макамы барлар 38,1 миң адамды түзүп, бир жылда 22 пайызга кыскарган. Жалпысынан 17,5 миң жаран ишке орноштурулуп, 19,8 миң адам активдүү иш менен камсыз кылуу программаларына тартылган", - деди ал.
Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 кийинки кыш мезгилинде ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын башкы директорунун экономика жана каржы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, газ жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган. " Биз 2027/2028-жылдардын жылытуу мезгилинде ЖЭБ-2ге газ берүү башталат деген негизде бардык инвестициялык программаларды пландаштыруудабыз. Коңшу мамлекеттер менен келишимдер түзүлүп, анын алкагында магистралдык транспорттук объектилердин курулушу башталды", — деди ал. Эскерте кетсек, өткөн жылы "Газпром Кыргызстан" ЖЭБ-2 жана "Бишкексельмаш" отканасы оңдолуп бүткөндөн кийин газга кошуларын маалымдаган.
Ташкент шаарында Россотрудничествонун алдындагы Коомдук кеңештин делегациясынын расмий сапарынын алкагында Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын эскерүүгө багытталган иш-чаралар өттү. Бул тууралуу Кабар маалымат агенттиги жазды. Иш-чаралардын негизги бөлүгү «Жеңиш паркы» мемориалдык комплексинде уюштурулган. Анда Коомдук кеңештин колдоосу менен даярдалган орус тилдеги жаңыланган экспозициянын бет ачары болуп, ошондой эле Өзбекстанда төрөлгөн Советтер союзунун Баатыры Грант Оганьянцка арналган эстелик такта орнотулду. Мындан тышкары, делегация мүчөлөрү "Эненин одасы" жана "Ленинград монументи" эстеликтерине гүл коюшкан. Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрү, достук мамиледеги мамлекеттердин дипломатиялык корпусу, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери, коомчулуктун жана ЖМК өкүлдөрү катышкан.
АКШда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөкөр деп шектелип жаткан кыргызстандыкка байланыштуу кырдаал Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин жана Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Азырынча ТИМ кырсыктын чоо-жайы тууралуу расмий маалымат тарата элек. Бирок буга чейин өлкөнүн АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү окуянын бардык жагдайларын, кармалган жарандын укуктук макамын, ошондой эле ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү маселелерин тактап жатканын билдирген. Кабарды Ак үй соцтармактагы расмий баракчасына бөлүшкөн. Кырсык 3-февралда болгон. Трактын 30 жаштагы айдоочусу Бекжан Бейшекеев каршы тилкеге чыгып, кичи автобус менен кагышканы айтылат. Натыйжада төрт киши көз жумган. Мындан тышкары, кыргызстандыктын АКШга мыйзамсыз кирип, Пенсильвания штатынан коммерциялык айдоочулук күбөлүк алганы белгиленген. Fox News басылмасы кыргызстандык айдоочу учурда камакта экенин билдирген.
Бишкектеги ЖЭБ-2 кийинки кышта ишке кириши мүмкүнТашкентте Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын эскерүү иш-чаралары өттүКыргызстанда бир жылда жумушсуздардын саны 22 пайызга кыскардыКыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли акыркы жылдарга салыштырмалуу кескин төмөндөдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ведомствонун жыйынтыктоочу коллегиясында билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында эмгек рыногунда туруктуулук байкалган. Расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзүп, бул акыркы беш жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды. "Расмий жумушсуз макамы барлар 38,1 миң адамды түзүп, бир жылда 22 пайызга кыскарган. Жалпысынан 17,5 миң жаран ишке орноштурулуп, 19,8 миң адам активдүү иш менен камсыз кылуу программаларына тартылган", - деди ал.Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 кийинки кыш мезгилинде ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын башкы директорунун экономика жана каржы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, газ жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган. " Биз 2027/2028-жылдардын жылытуу мезгилинде ЖЭБ-2ге газ берүү башталат деген негизде бардык инвестициялык программаларды пландаштыруудабыз. Коңшу мамлекеттер менен келишимдер түзүлүп, анын алкагында магистралдык транспорттук объектилердин курулушу башталды", — деди ал. Эскерте кетсек, өткөн жылы "Газпром Кыргызстан" ЖЭБ-2 жана "Бишкексельмаш" отканасы оңдолуп бүткөндөн кийин газга кошуларын маалымдаган.Ташкент шаарында Россотрудничествонун алдындагы Коомдук кеңештин делегациясынын расмий сапарынын алкагында Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын эскерүүгө багытталган иш-чаралар өттү. Бул тууралуу Кабар маалымат агенттиги жазды. Иш-чаралардын негизги бөлүгү «Жеңиш паркы» мемориалдык комплексинде уюштурулган. Анда Коомдук кеңештин колдоосу менен даярдалган орус тилдеги жаңыланган экспозициянын бет ачары болуп, ошондой эле Өзбекстанда төрөлгөн Советтер союзунун Баатыры Грант Оганьянцка арналган эстелик такта орнотулду. Мындан тышкары, делегация мүчөлөрү "Эненин одасы" жана "Ленинград монументи" эстеликтерине гүл коюшкан. Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрү, достук мамиледеги мамлекеттердин дипломатиялык корпусу, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери, коомчулуктун жана ЖМК өкүлдөрү катышкан.АКШда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөкөр деп шектелип жаткан кыргызстандыкка байланыштуу кырдаал Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин жана Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Азырынча ТИМ кырсыктын чоо-жайы тууралуу расмий маалымат тарата элек. Бирок буга чейин өлкөнүн АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү окуянын бардык жагдайларын, кармалган жарандын укуктук макамын, ошондой эле ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү маселелерин тактап жатканын билдирген. Кабарды Ак үй соцтармактагы расмий баракчасына бөлүшкөн. Кырсык 3-февралда болгон. Трактын 30 жаштагы айдоочусу Бекжан Бейшекеев каршы тилкеге чыгып, кичи автобус менен кагышканы айтылат. Натыйжада төрт киши көз жумган. Мындан тышкары, кыргызстандыктын АКШга мыйзамсыз кирип, Пенсильвания штатынан коммерциялык айдоочулук күбөлүк алганы белгиленген. Fox News басылмасы кыргызстандык айдоочу учурда камакта экенин билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/06/1099576466_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a4939391bb3103aca8e80b20d624a499.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио