https://sputnik.kg/20260205/1099548776.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Өкмөт оң рулдуу автоунааларды легалдаштыруу мөөнөтүн мындан ары узартпайтМедведев АКШнын кадамдарын сындап, атайын операциянын маңызына токтолдуЭки жыл ичинде... 05.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-05T15:00+0600
2026-02-05T15:00+0600
2026-02-05T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/05/1099548610_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d80a9f06866596074689efde0aec42d0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Өкмөт оң рулдуу автоунааларды легалдаштыруу мөөнөтүн мындан ары узартпайтМедведев АКШнын кадамдарын сындап, атайын операциянын маңызына токтолдуЭки жыл ичинде үч шаарда таштандыдан электр энергиясын өндүргөн заводдор курулатАлдыда кененирээкАлдыдагы эки жылда Кара-Балта, Токмок жана Манас шаарларында таштандыдан электр энергиясын өндүрө турган заводдор курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, учурда инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Амангелдиев ушундай эле завод Ош менен Каракол шаарларында дагы пландалганын белгиледи. Анда өндүрүлгөн электр энергиясын Энергетика министрлиги сатып алат. Мындан тышкары, Кара-Балтадагы таштанды полигонун жөнгө салуу боюнча япониялык өнөктөштөр менен долбоор иштелип чыгып жатканы айтылды. Белгилей кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүк күн. Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Дубайда өтүп жаткан Өкмөт башчыларынын эл аралык саммитинде болгондуктан, өкмөт мүчөлөрүн биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баштап келди.
Өкмөт оң рулдуу автоунааларды легалдаштыруу мөөнөтүн мындан ары узартпай турганын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңеште билдирди. Өкмөт өкүлү мыйзамдаштырууга жетиштүү мөөнөт берилгенин, бирок айрымдар жоопкерчиликсиз мамиле кылганын белгиледи. Ал легалдаштыруу убагында ЕАЭБдин алкагында дагы чоң маселе жаратканын, бийлик өнөктөштөрдөн узартууну кайра сурана албастыгын кошумчалады. Эске салсак, легалдаштыруу былтыр 1-апрелден 30-сентябрга чейин жүргүзүлгөн. Бул аралыкта 30 миңден ашуун автоунаа каттоодон өткөн.
Бишкектин четиндеги айланма жолдун жээгинен аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, бул факт боюнча 122-берене ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун өздүгү аныкталып, ал 20 жаштагы С.Б. аттуу жаран экени белгилүү болгон. "Милиция кылмышка шектүү делген 22 жаштагы Н.А. аттуу жарандын үйүнө барганда, ал жанын кыюуга аракет кылып, бычак менен бир нече жолу өзүнө жаракат келтирген. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң Тез жардам кызматы чакырылды", — деп айтылат маалыматта. Учурда шектүү медициналык мекемеде конвойдун коштоосунда кармалууда.
АКШ башкалар деле кылууда деген таризде атайын операцияны кыйытып, муну менен өзүнүн кол салууларын (согуштарын) актоого аракет кылып жатканы суу кечпейт. Мындай пикирин РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев РИА Новости агенттигине жарыяланган макаласында айткан. Ал Кошмо Штаттардын согуштук кадамдарын атайын операцияга шылтоологону болбогон кеп дегенин төмөнкүлөр менен негиздеген: атайын операцияда РФ жарандарын, элин коргоп жатат; операция Россиянын өзүнүн тарыхый аймагында жүрүүдө; жарандар РФтин коңшусунан, бийлиги мыйзамдуулугунан күмөн жараткан өлкөнүн репрессиясынан корголуп жатат; ал жарандар мыйзамдуу референдум өткөрүп, анда Россиянын курамына кошулууну чечкен. "Атайын операция, табияты боюнча алсак, колониялык согуш эмес, ал — өзүн-өзү коргоо. Тилекке каршы, бул чатакка тартылгандардын социалдык курамы аны СССРдин туура эмес жоюлушунан кийин түптөлгөн жарандык согуштун өзгөргөн формасы катары мүнөздөөгө негиз берет", — деп айтылган макалада. Муну менен Медведев аталган жаңжал СССР кулагандан кийин пайда болгон ички бөлүнүүнүн кечигип чыккан, өзгөргөн көрүнүшү деген ойду айткан.
Өкмөт оң рулдуу автоунааларды легалдаштыруу мөөнөтүн мындан ары узартпайтМедведев АКШнын кадамдарын сындап, атайын операциянын маңызына токтолдуЭки жыл ичинде үч шаарда таштандыдан электр энергиясын өндүргөн заводдор курулатАлдыда кененирээкАлдыдагы эки жылда Кара-Балта, Токмок жана Манас шаарларында таштандыдан электр энергиясын өндүрө турган заводдор курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, учурда инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Амангелдиев ушундай эле завод Ош менен Каракол шаарларында дагы пландалганын белгиледи. Анда өндүрүлгөн электр энергиясын Энергетика министрлиги сатып алат. Мындан тышкары, Кара-Балтадагы таштанды полигонун жөнгө салуу боюнча япониялык өнөктөштөр менен долбоор иштелип чыгып жатканы айтылды. Белгилей кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүк күн. Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Дубайда өтүп жаткан Өкмөт башчыларынын эл аралык саммитинде болгондуктан, өкмөт мүчөлөрүн биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баштап келди.Өкмөт оң рулдуу автоунааларды легалдаштыруу мөөнөтүн мындан ары узартпай турганын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңеште билдирди. Өкмөт өкүлү мыйзамдаштырууга жетиштүү мөөнөт берилгенин, бирок айрымдар жоопкерчиликсиз мамиле кылганын белгиледи. Ал легалдаштыруу убагында ЕАЭБдин алкагында дагы чоң маселе жаратканын, бийлик өнөктөштөрдөн узартууну кайра сурана албастыгын кошумчалады. Эске салсак, легалдаштыруу былтыр 1-апрелден 30-сентябрга чейин жүргүзүлгөн. Бул аралыкта 30 миңден ашуун автоунаа каттоодон өткөн.Бишкектин четиндеги айланма жолдун жээгинен аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, бул факт боюнча 122-берене ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун өздүгү аныкталып, ал 20 жаштагы С.Б. аттуу жаран экени белгилүү болгон. "Милиция кылмышка шектүү делген 22 жаштагы Н.А. аттуу жарандын үйүнө барганда, ал жанын кыюуга аракет кылып, бычак менен бир нече жолу өзүнө жаракат келтирген. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң Тез жардам кызматы чакырылды", — деп айтылат маалыматта. Учурда шектүү медициналык мекемеде конвойдун коштоосунда кармалууда.АКШ башкалар деле кылууда деген таризде атайын операцияны кыйытып, муну менен өзүнүн кол салууларын (согуштарын) актоого аракет кылып жатканы суу кечпейт. Мындай пикирин РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев РИА Новости агенттигине жарыяланган макаласында айткан. Ал Кошмо Штаттардын согуштук кадамдарын атайын операцияга шылтоологону болбогон кеп дегенин төмөнкүлөр менен негиздеген: атайын операцияда РФ жарандарын, элин коргоп жатат; операция Россиянын өзүнүн тарыхый аймагында жүрүүдө; жарандар РФтин коңшусунан, бийлиги мыйзамдуулугунан күмөн жараткан өлкөнүн репрессиясынан корголуп жатат; ал жарандар мыйзамдуу референдум өткөрүп, анда Россиянын курамына кошулууну чечкен. "Атайын операция, табияты боюнча алсак, колониялык согуш эмес, ал — өзүн-өзү коргоо. Тилекке каршы, бул чатакка тартылгандардын социалдык курамы аны СССРдин туура эмес жоюлушунан кийин түптөлгөн жарандык согуштун өзгөргөн формасы катары мүнөздөөгө негиз берет", — деп айтылган макалада. Муну менен Медведев аталган жаңжал СССР кулагандан кийин пайда болгон ички бөлүнүүнүн кечигип чыккан, өзгөргөн көрүнүшү деген ойду айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/05/1099548610_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e6f60c632c38dff19407d91bedb29637.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио