https://sputnik.kg/20260204/1099531721.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев молдо болуп кызмат кылган айылдашына жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Жалал-Абад... 04.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-04T19:00+0600
2026-02-04T19:00+0600
2026-02-04T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/04/1099531555_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0ddec19466f1757e8910ab9ee6227ce7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев молдо болуп кызмат кылган айылдашына жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын тургуну Турдубай Кожоев 17 жылдан бери молдо болуп кызмат кылат. Ал өзүнүн жер тилкесине үй кура баштаган, бирок каржылык кыйынчылыктардан улам курулушту аягына чыгара алган эмес.Жергиликтүү тургундардын кайрылуусунан кийин бул маселе Ташиевдин жеке көзөмөлүнө алынган. Үй толугу менен бүткөрүлүп, бүгүн Ташиев үйдүн ачкычын тапшырды.
2025-жылдын 1-декабрына өлкөнүн туруктуу калкы 7 395 000 адам болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылды. Маалыматка ылайык, 2025-жыл ичинде өсүү январь–ноябрь айларында калк саны 112 800 адамга көбөйгөн.Өсүү негизинен табигый көбөйүүнүн эсебинен келип чыкканы кошумчаланды.
Кыргыз-Россия Славян университети жана КРСУнун жалпы билим берүү орто мектеби болочок окуучуларды, абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин 7-февралда өтө турган ачык эшиктер күнүнө чакырат. Абитуриенттерге КРСУга кабыл алуу эрежелери, бюджеттик жана келишимдик орундар, стипендиялар, практика жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет. Программанын негизги бөлүгүндө ректор, университеттин өнөктөштөрү жана иш берүүчүлөр менен диалог жүрөт. Алар даярдыктын сапаты, суроо-талап күч болгон кесиптер, стажировкалар жана окууну аяктагандан кийинки карьералык мүмкүнчүлүктөр боюнча суроолорду узата алышат. КРСУнун орто мектебинде болочок окуучулар үчүн диагностикалык тестирлөө, ал эми ата-энелер үчүн балдардын даярдык деңгээлин баалоого жана окуу жайдын талаптары менен таанышууга жардам бере турган жеке консультациялар өткөрүлөт.
Россиянын SCAT-350M дронун Москвадагы НАИС-2026 авиациялык көргөзмөгө алып чыгышты. "Ал күнү-түнү ыкчам видеомониторинг жүргүзүүгө жөндөмдүү, жай турмушта да тапшырмаларды аткара алат. Геодезиялык, айыл чарбасындагы жана жаратылышты коргоо жаатындагы иштерди жүргүзөт", — деп Ижевск авиазаводунун өкүлү Антон Шустов айтып берди. Адис Улуттук авиациялык инфратүзүмдүк салондо турган бул техникага ЕАЭБ өлкөлөрү да кызыга баштагандыгын билдирди. Алар келип карап чыгышканын, заводдогулар техниканы тааныштыруу үчүн атайын учуруп, көрсөтүп берип жаткандыктарын, ал тургай сүйлөшүүлөр жүргөнүн кошумчалады. Пилотсуз учуучу бул аппараттын техникалык-тактикалык мүмкүнчүлүгүн чалгын иштеринде колдонсо болот.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев молдо болуп кызмат кылган айылдашына жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын тургуну Турдубай Кожоев 17 жылдан бери молдо болуп кызмат кылат. Ал өзүнүн жер тилкесине үй кура баштаган, бирок каржылык кыйынчылыктардан улам курулушту аягына чыгара алган эмес.Жергиликтүү тургундардын кайрылуусунан кийин бул маселе Ташиевдин жеке көзөмөлүнө алынган. Үй толугу менен бүткөрүлүп, бүгүн Ташиев үйдүн ачкычын тапшырды. 2025-жылдын 1-декабрына өлкөнүн туруктуу калкы 7 395 000 адам болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылды. Маалыматка ылайык, 2025-жыл ичинде өсүү январь–ноябрь айларында калк саны 112 800 адамга көбөйгөн.Өсүү негизинен табигый көбөйүүнүн эсебинен келип чыкканы кошумчаланды. Кыргыз-Россия Славян университети жана КРСУнун жалпы билим берүү орто мектеби болочок окуучуларды, абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин 7-февралда өтө турган ачык эшиктер күнүнө чакырат. Абитуриенттерге КРСУга кабыл алуу эрежелери, бюджеттик жана келишимдик орундар, стипендиялар, практика жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет. Программанын негизги бөлүгүндө ректор, университеттин өнөктөштөрү жана иш берүүчүлөр менен диалог жүрөт. Алар даярдыктын сапаты, суроо-талап күч болгон кесиптер, стажировкалар жана окууну аяктагандан кийинки карьералык мүмкүнчүлүктөр боюнча суроолорду узата алышат. КРСУнун орто мектебинде болочок окуучулар үчүн диагностикалык тестирлөө, ал эми ата-энелер үчүн балдардын даярдык деңгээлин баалоого жана окуу жайдын талаптары менен таанышууга жардам бере турган жеке консультациялар өткөрүлөт. Россиянын SCAT-350M дронун Москвадагы НАИС-2026 авиациялык көргөзмөгө алып чыгышты. "Ал күнү-түнү ыкчам видеомониторинг жүргүзүүгө жөндөмдүү, жай турмушта да тапшырмаларды аткара алат. Геодезиялык, айыл чарбасындагы жана жаратылышты коргоо жаатындагы иштерди жүргүзөт", — деп Ижевск авиазаводунун өкүлү Антон Шустов айтып берди. Адис Улуттук авиациялык инфратүзүмдүк салондо турган бул техникага ЕАЭБ өлкөлөрү да кызыга баштагандыгын билдирди. Алар келип карап чыгышканын, заводдогулар техниканы тааныштыруу үчүн атайын учуруп, көрсөтүп берип жаткандыктарын, ал тургай сүйлөшүүлөр жүргөнүн кошумчалады. Пилотсуз учуучу бул аппараттын техникалык-тактикалык мүмкүнчүлүгүн чалгын иштеринде колдонсо болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/04/1099531555_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dca79b999db41548f3752c892b58b1c2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио