https://sputnik.kg/20260202/1099487321.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык спортчулар кышкы Олимпиада оюндарына жөнөп кетиштиПесков Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы качан өтөрүн кабарладыДепутаттар расмий... 02.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-02T19:00+0600
2026-02-02T19:00+0600
2026-02-02T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/02/1099487152_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e9e1ed2a9b19be042c713e31354ce89c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык спортчулар кышкы Олимпиада оюндарына жөнөп кетиштиПесков Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы качан өтөрүн кабарладыДепутаттар расмий документтерде жынысын өзгөртүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоор сунушташты. Алдыда кененирээкЖогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев расмий документтерде жыныс тууралуу жазууну өзгөртүүгө мыйзам жүзүндө тыюу салууну сунуштап, мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анын айтымында, учурда мыйзамдарда укуктук боштук бар — медициналык маалымкаттардын негизинде жарандык абал актыларында жана паспорттордо жынысты өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилүүдө. Депутат мындай практика кыргыз коомунун салттуу руханий, диний жана адеп-ахлактык баалуулуктарына туура келбестигин, ошондой эле демографияга, улуттук коопсуздукка жана үй-бүлө институтуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенин белгилейт.
Бишкек ЖЭБи газга өтсө жылуулуктун тарифи жогорулап кетет. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев парламентте билдирди. Анын айтымында, мындай кадам шаардыктардын капчыгына оорчулук келтирет. "ЖЭБдин жабдуусу эскиргендиктен жылуулуктун жарымы жоготууга учурайт, бирок биз чара көрүп, аракет кылып жатабыз. Мурун борбор 150 миң абонентти тейлесе, азыр 13,4 миң киши алты газ казан орнотулган "Бишкексельмашка" өттү. Жылуулуктун өздүк наркы төмөндөп, бул өз кезегинде тарифтерди карап чыгууга мүмкүнчүлүк берүүдө", — деди Жунушалиев. Мындан тышкары, калаа башчысы ЖЭБ ышка да себеп экенин моюндап, ошол эле учурда пайыздык көрсөткүч менен алганда транспорт менен жаңы конуштарда жагылган көмүрдөн аба көбүрөөк булганып жатканын белгиледи.
Кыргызстандык спортчулар Тимур Шакиров менен Артур Сапарбеков Италияда өтө турган XXV кышкы Олимпиада оюндарына сапар алышты. Лыжачыларды узатуу салтанаты бүгүн Улуттук Олимпиада комитетинде өттү.Спортчуларды эки машыктыруучу жана беш аткаминер коштоп барат. Спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев спортсмендерге дем-күч берип, Олимпиада оюндарында ийгиликке жетишине, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп келүүсүнө тилектештигин билдирди. Маалыматка ылайык, Шакиров 14 жана 16-февралда жарышка чыгат. Ал эми мамлекеттик туу тапшырылган Сапарбеков 10-февралда жана 13-февралда күчүн сынайт. 6-февралда баштала турган Олимпиада оюндары Италиянын Милан жана Кортина-д"Ампеццо шаарларында өтүп, 22-февралда жыйынтыкталат.
Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы 4-5-февралда Абу-Дабиде (БАЭ) өтөт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. "Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы шаршемби жана бейшемби күндөргө белгиленгени анык. Ал Абу-Дабиде өтөт", — деди Кремлдин өкүлү. Эске салсак, 23-январда Абу-Дабиде Россия, Украина жана АКШ өкүлдөрүнүн биринчи жолугушуусу өтүп, кийинки күнү дагы уланган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 104 сом 39 тыйынга юань 12 сом 59 тыйынга рубль 1 сом 15 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 73 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 78 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 77 сом сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом, 50 тыйындан сатылууда ///АБА ЫРАЙЫ3-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 3-февраль, шейшембиде күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +7...+12, Ысык-Көл өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болсо, Нарында -2...-7 градус суук болору айтылды. Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +9...+11 градуска чейин жетет.
Кыргызстандык спортчулар кышкы Олимпиада оюндарына жөнөп кетиштиПесков Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы качан өтөрүн кабарладыДепутаттар расмий документтерде жынысын өзгөртүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоор сунушташты. Алдыда кененирээкЖогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев расмий документтерде жыныс тууралуу жазууну өзгөртүүгө мыйзам жүзүндө тыюу салууну сунуштап, мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анын айтымында, учурда мыйзамдарда укуктук боштук бар — медициналык маалымкаттардын негизинде жарандык абал актыларында жана паспорттордо жынысты өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилүүдө. Депутат мындай практика кыргыз коомунун салттуу руханий, диний жана адеп-ахлактык баалуулуктарына туура келбестигин, ошондой эле демографияга, улуттук коопсуздукка жана үй-бүлө институтуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенин белгилейт.Бишкек ЖЭБи газга өтсө жылуулуктун тарифи жогорулап кетет. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев парламентте билдирди. Анын айтымында, мындай кадам шаардыктардын капчыгына оорчулук келтирет. "ЖЭБдин жабдуусу эскиргендиктен жылуулуктун жарымы жоготууга учурайт, бирок биз чара көрүп, аракет кылып жатабыз. Мурун борбор 150 миң абонентти тейлесе, азыр 13,4 миң киши алты газ казан орнотулган "Бишкексельмашка" өттү. Жылуулуктун өздүк наркы төмөндөп, бул өз кезегинде тарифтерди карап чыгууга мүмкүнчүлүк берүүдө", — деди Жунушалиев. Мындан тышкары, калаа башчысы ЖЭБ ышка да себеп экенин моюндап, ошол эле учурда пайыздык көрсөткүч менен алганда транспорт менен жаңы конуштарда жагылган көмүрдөн аба көбүрөөк булганып жатканын белгиледи.Кыргызстандык спортчулар Тимур Шакиров менен Артур Сапарбеков Италияда өтө турган XXV кышкы Олимпиада оюндарына сапар алышты. Лыжачыларды узатуу салтанаты бүгүн Улуттук Олимпиада комитетинде өттү.Спортчуларды эки машыктыруучу жана беш аткаминер коштоп барат. Спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев спортсмендерге дем-күч берип, Олимпиада оюндарында ийгиликке жетишине, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп келүүсүнө тилектештигин билдирди. Маалыматка ылайык, Шакиров 14 жана 16-февралда жарышка чыгат. Ал эми мамлекеттик туу тапшырылган Сапарбеков 10-февралда жана 13-февралда күчүн сынайт. 6-февралда баштала турган Олимпиада оюндары Италиянын Милан жана Кортина-д"Ампеццо шаарларында өтүп, 22-февралда жыйынтыкталат.Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы 4-5-февралда Абу-Дабиде (БАЭ) өтөт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. "Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы шаршемби жана бейшемби күндөргө белгиленгени анык. Ал Абу-Дабиде өтөт", — деди Кремлдин өкүлү. Эске салсак, 23-январда Абу-Дабиде Россия, Украина жана АКШ өкүлдөрүнүн биринчи жолугушуусу өтүп, кийинки күнү дагы уланган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 104 сом 39 тыйынга юань 12 сом 59 тыйынга рубль 1 сом 15 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 73 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 78 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 77 сом сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом, 50 тыйындан сатылууда ///АБА ЫРАЙЫ3-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 3-февраль, шейшембиде күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +7...+12, Ысык-Көл өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болсо, Нарында -2...-7 градус суук болору айтылды. Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +9...+11 градуска чейин жетет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/02/1099487152_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f3b667a7b72e4a81c165bbb0d0b39094.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио