00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:44
14 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Тысячи добровольцев в первые дни войны — историк о том как Кыргызстан встретил 1941 год
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик кызматкерлер күнү: кесип, жоопкерчилик жана реформалар
09:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как новый закон о долевом строительстве защитит покупателей квартир в Кыргызстане
10:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Башталгыч класстын мугалимдерине ата мекендик өндүрүштөгү ноутбуктар тапшырылдыКыргызстанда катталган автоунаалардын саны 2 миллионго жетти“Кыргыз АССРине 100 жыл: тажрыйба жана келечек” аттуу илимий кереге кеңеш өттүАлдыда кененирээкУлуттук илимдер академиясынын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунда мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы менен “Кыргыз АССРине 100 жыл: тажрыйба жана келечек” аттуу илимий кереге кеңеш өткөрүлдү. Мамлекеттик катчы Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхын, советтик доордогу саясий жана коомдук процесстерди, ошондой эле улуттук аң-сезим менен иденттүүлүк маселелерин илимий жактан талдоо жана бул багыттагы изилдөөлөрдү өнүктүрүү керектигин белгиледи. Кереге кеңештин жүрүшүндө тарыхчылар, саясат таануучулар жана башка окумуштуулар архивдик материалдарды талдоого алып, концептуалдуу илимий сунуштар берилди. Иш-чаранын соңунда мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын терең түшүнүүдө тарыхый сабактардын азыркы жана келечектеги өнүгүү багыттары менен айкалыштырып кароого илимий талкуулар өбөлгө түзөрүн белгилеп, илимий коомчулуктун бул багыттагы изилдөөлөрүн мындан ары да системалуу улантууга үндөдү.
Кыргызстанда 2 миллионго жакын автоунаа катталган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди. Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында министр өлкөнүн жарымы бензин менен жүргөн унааларды айдай турганын белгиледи. Машиевдин айтымында, республикада 15 миң 200 электр унаасы бар. Бул жалпы сандын 0,8 пайызын түзөт. "Унаадан чыккан газ – ыштын негизги себептеринин бири. Учурда экологиялык жактан таза транспортко өтүү иштери жүрүп жатат", – деди ал. Машиевдин маалыматына таянып, унааларды кыймылдаткычынын түрү боюнча бөлүштүрүү: 972 миң — бензин менен жүрүүчү; 339 миң — дизель; 56,9 миң — газ жана бензин; 37 миң — гибрид.
Өлкөдөгү башталгыч класстардын мугалимдерине "Алтын казык" брендиндеги ноутбуктар тапшырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. 20 миңден ашык ноутбук Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта чогултулган. Аны тапшыруу иш-чарасына министр Догдуркүл Кендирбаева катышты. Кийинки партияны тарых, география жана кыргыз тили боюнча предметтердин мугалимдерине берүү пландалууда. Эске салсак, өткөн жылы STEM предметтеринин (математика, физика, химия, биология, информатика) мугалимдерине 27 031 даана "Алтын казык" ноутбугу берилген.
Өзгөндө Сот аткаруучулар кызматы 550 миң сом өлчөмүндөгү алименттик карызды өндүрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Өзгөн райондук Сот аткаруучулар кызматынын өндүрүшүндө турган алимент өндүрүү боюнча иштин алкагында Ийри-Суу айыл аймагынын тургуну К.Ш. Г. тарабынан К.к. И. жарандын пайдасына 1/3 бөлүгүндө алимент өндүрүү каралган. Бирок, акыркы жылдары төлөнбөй келген 550 миң сом өлчөмүндөгү алименттик карыз толугу менен накталай түрдө өндүрүлүп, жөлөк пул алуучуга мыйзамдын талаптарына ылайык өткөрүлүп берилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0