00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Акылдуу электр эсептегичтерин орнотуу: энергетика тармагын санариптештирүүнүн жаңы баскычы
15:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
Көпчүлүк күткөн «Бейиш 2: Апама кат»! Орус актерлору Бондаренко, Майков, Щербаков, Алибутаев кошулду!
17:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:06
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев документтерде жынысты өзгөртүп жазууга тыюу салган мыйзам долбоорун демилгеледи. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечи Марлен Маматалиев медицина жынысты өзгөртүүнү жеткиликтүү кылып, ал эми мыйзамдар бул маселеде артта калганын белгилеген. Анын айтымында, учурда медициналык маалым каттын негизинде документтерде жыныс деген графаны алмаштырууга жол ачкан укуктук боштук орун алган. “Жынысты өзгөртүүгө уруксат берүү никени каттоодо, ата-эне статусун аныктоодо укуктук коллизияларды жаратып, аскердик кызмат өтөөдөн, кылмыш жоопкерчилигинен качууга жол ачып, спортто адилетсиз атаандаштыкка шарт түзүшү мүмкүн. Ошондой эле атасын же энесин аныктоодо башаламандыктарды жаратып, демографиялык абалга терс таасирин тийгизет”, — деп жазылган негиздемеде. Мындан улам документтерде жынысты өзгөртүп жазууга тыюу салуу сунушталган. Ал эми баланын атасы катары эркек гана, апасы катары аял гана боло алары мыйзам долбоорунда белгиленген. Техникалык ката кеткен учурларда гана документтеги жынысы деген графаны өзгөртүүгө мүмкүндүк берилет.** Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси уюштурулуп, шаар тургундары өндүрүүчүлөрдөн товарларды ортомчусуз, арзан баада сатып алууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жарманкеде эттин баасы 680 сомдон, бадыраң 150–170 сомдон сунушталууда. Жарманке Бишкектин борборунда, Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта өтүп жаткандыктан, жарандарга жана сатуучуларга ыңгайлуу. Мындан тышкары, жарманке чет өлкөлүк туристтердин да кызыгуусун жаратты. Белгилей кетсек, мындай жарманкелер республиканын бардык аймактарында, ар бир райондо уюштурулууда. Айрым жерлерде социалдык соода түйүндөрү ачылып, эт арзан баада сатылууда. Жарманкелерди июнь айына чейин өткөрүү пландалууда.**Россия Украинанын куралдуу күчтөрүн дээрлик толук алсыратып бүттү. Бул тууралуу Чикаго университетинин профессору Жон Миршаймер Дэниел Дэвиске берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. Америкалык профессор Киев режими стратегиялык туңгуюкка кептелгенин белгилеген. "Россия аскерлери украиндерди болушунча алсыратты. Украин армиясы дезертирлик, аскерге чакыруудан качуу жана жоготуулардан улам олуттуу кризиске кептелди. Украиндер туюкка камалды деп айтууга болот. Россия үчүн ишти акырына чыгарып, жыйынтыктамай эле калды", — деген Миршаймер. Окумуштуунун айтымында, Россия куралдуу күчтөрү көрсөткүчтөр боюнча украин армиясынан үстөмдүк кылып жаткан учурда, Киев коргонуу туруктуулугу жагынан улам жаңы кыйынчылыктарга туш болууда. Анын божомолунда, жаңжал жыл соңуна чейин логикалык жыйынтыкка келиши мүмкүн. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы сутка ичинде РФ аскерлери Запорожье облусундагы Терноватое жана Речное калктуу конуштарын, ошондой эле Донецкидеги Берестокту көзөмөлгө алышты. Агенттик бир жуманын ичинде украин армиясы тогуз миңге жакын аскерин жоготконун жазды.
Жаңылыктар түрмөгү
0