https://sputnik.kg/20260131/yevrobirimdik-kyrgyzstanga-sanktsiya-saluuga-kamynuuda-1099461183.html
Россияга көмөктөштү деген шылтоо. ЕБ Кыргызстанга санкция салууга камынууда
Россияга көмөктөштү деген шылтоо. ЕБ Кыргызстанга санкция салууга камынууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Евробиримдик Кыргызстанга санкция салууга камынууда. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды. 31.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-31T17:46+0600
2026-01-31T17:46+0600
2026-02-01T10:35+0600
кыргызстан
россия
евробиримдик
санкциялар
компания
https://sputnik.kg/img/07e8/09/03/1088378911_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_6a3f6e52f7d26d8b93a333c322e73bb5.jpg
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Евробиримдик Кыргызстанга санкция салууга камынууда. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды. Евробиримдик Кыргызстанды санкцияларды кыйгап өтүүгө Россияга жардам берип жатат деп эсептейт. Мындан улам Москвага карата даярдалып жаткан санкциялардын жаңы топтомуна Кыргызстан да кошулушу мүмкүн экени белгиленген. Буга чейин Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан Евробиримдиктин өлкөлөрү менен Улуу Британиянын кош стандарты тууралуу айткан. "Батыш, бизге Россия менен алака кылбагыла деген талап коёсуңар да, өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар", — деген анда президент. Тышкы саясат боюнча ведомство Батыштын Россия менен байланышы бар деп кыргызстандык компанияларга санкция киргизгени туура эместигин расмий билдирген. Жээнбек Кулубаев Батыш мамлекеттери бул жаатта жергиликтүү компаниялар санкциялык режимди эмне кылып бузганын далилдеген так фактыларды таап бере алышпаганын кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20251219/uluu-britaniya-kyrgyzstan-kompaniya-sanktsiya-1098725311.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/03/1088378911_160:0:2891:2048_1920x0_80_0_0_a17b1d24c4ca25ee5d8bf9d585a79401.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, евробиримдик, санкциялар, компания
кыргызстан, россия, евробиримдик, санкциялар, компания
Россияга көмөктөштү деген шылтоо. ЕБ Кыргызстанга санкция салууга камынууда
17:46 31.01.2026 (Жаңыртылды: 10:35 01.02.2026) БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Евробиримдик Кыргызстанга санкция салууга камынууда. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.
Евробиримдик Кыргызстанды санкцияларды кыйгап өтүүгө Россияга жардам берип жатат деп эсептейт. Мындан улам Москвага карата даярдалып жаткан санкциялардын жаңы топтомуна Кыргызстан да кошулушу мүмкүн экени белгиленген.
"Санкцияларды айланып өтүүгө каршы күрөшүү механизми биринчи жолу колдонулушу мүмкүн. Анын алкагында Кыргызстанга станокторду жана айрым радиоэлектрондук жабдууларды экспорттоого тыюу салынат", — деп басылма жазган.
Буга чейин Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан Евробиримдиктин өлкөлөрү менен Улуу Британиянын кош стандарты тууралуу айткан.
"Батыш, бизге Россия менен алака кылбагыла деген талап коёсуңар да, өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар", — деген анда президент.
Тышкы саясат боюнча ведомство Батыштын Россия менен байланышы бар деп кыргызстандык компанияларга санкция киргизгени туура эместигин расмий билдирген.
Жээнбек Кулубаев Батыш мамлекеттери бул жаатта жергиликтүү компаниялар санкциялык режимди эмне кылып бузганын далилдеген так фактыларды таап бере алышпаганын кошумчалаган.

19 Бештин айы 2025, 18:52