https://sputnik.kg/20260129/taksister-on-rulduu-unaalarga-litseniya-surashuu-1099422476.html
Оң рулдуу такси айдоочулары 2030-жылга чейин жүргүнчү ташууга уруксат сурашты
Оң рулдуу такси айдоочулары 2030-жылга чейин жүргүнчү ташууга уруксат сурашты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Такси айдоочулары президенттен оң рулдуу унаа менен 2030-жылга чейин жүргүнчү ташууга уруксат берүүнү суранышты. Бул тууралуу... 29.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-29T12:47+0600
2026-01-29T12:47+0600
2026-01-29T12:47+0600
кыргызстан
такси
лицензия
оң рулдуу автоунаа
уруксат
жүргүнчү
https://sputnik.kg/img/07e7/08/1c/1078154491_0:160:3071:1887_1920x0_80_0_0_1b44d182287baa8cc6dd791368e9d824.jpg
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Такси айдоочулары президенттен оң рулдуу унаа менен 2030-жылга чейин жүргүнчү ташууга уруксат берүүнү суранышты. Бул тууралуу "Кабылан" такси айдоочулар кесиптик бирлигинин төрагасы Улан Чолпонбаев Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 21-январдан бери 400дөн ашык оң рулдуу унаа айдоочуларынан лицензия алуу боюнча кайрылуу түшкөн. Ошондой эле ал учурда лицензия алуу үчүн аскердик билет жана Салык кызматынан маалым кат талап кылынбай калганын айтты. Мындан тышкары, 083 медициналык маалым катты катталган жерден эмес, жашаган жериндеги бейтапканадан алууга болорун кошумчалады. Андан сырткары, эфирдин жүрүшүндө Бишкек мэриясына коомдук транспорт жүрүүчү тилке менен таксилерге да жүрүүгө уруксат берүү өтүнүчү жөнөтүлөрү маалымдалды. Белгилей кетсек, 1-февралдан тартып жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн лицензия алуу милдеттүү болот. Буга чейин ИИМ такси кызматына карата талаптарды иштеп чыгып, токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анда оң рулдуу унаа менен коммерциялык негизде жүргүнчү жана жүк ташууга тыюу салынган.
https://sputnik.kg/20260128/taksistterge-litsenziya-ber-moonotu-uzartylbayt-1099390652.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/08/1c/1078154491_6:0:2735:2047_1920x0_80_0_0_04f88f2bf67533b2cac9a5c9026e8739.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, такси, лицензия, оң рулдуу автоунаа, уруксат, жүргүнчү
кыргызстан, такси, лицензия, оң рулдуу автоунаа, уруксат, жүргүнчү
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Такси айдоочулары президенттен оң рулдуу унаа менен 2030-жылга чейин жүргүнчү ташууга уруксат берүүнү суранышты. Бул тууралуу "Кабылан" такси айдоочулар кесиптик бирлигинин төрагасы Улан Чолпонбаев Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 21-январдан бери 400дөн ашык оң рулдуу унаа айдоочуларынан лицензия алуу боюнча кайрылуу түшкөн.
Ошондой эле ал учурда лицензия алуу үчүн аскердик билет жана Салык кызматынан маалым кат талап кылынбай калганын айтты. Мындан тышкары, 083 медициналык маалым катты катталган жерден эмес, жашаган жериндеги бейтапканадан алууга болорун кошумчалады.
Андан сырткары, эфирдин жүрүшүндө Бишкек мэриясына коомдук транспорт жүрүүчү тилке менен таксилерге да жүрүүгө уруксат берүү өтүнүчү жөнөтүлөрү маалымдалды.
Белгилей кетсек, 1-февралдан тартып жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн лицензия алуу милдеттүү болот.
Буга чейин ИИМ такси кызматына карата талаптарды иштеп чыгып, токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анда оң рулдуу унаа менен коммерциялык негизде жүргүнчү жана жүк ташууга
тыюу салынган.