00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как на самом деле работает закон о тишине в Бишкеке
12:08
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өткөн жылы Кыргызпатент авторлорго 29 миллион сомдон ашуун гонорар төлөдү
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Такси лицензиясын алууда бир топ өзгөрүүлөр кирди: Кайсы маалым каттар алынып салынды?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как дополнительное образование помогает детям раскрыть потенциал и найти себя
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бөбөктөрдүн иммунитети: баланын сасык тумоого чалдыгышы кадимки көрүнүшпү?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что говорят цифры: главные тенденции 2025 года по данным Нацстаткома КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Көпчүлүк күткөн «Бейиш 2: Апама кат»! Орус актерлору Бондаренко, Майков, Щербаков, Алибутаев кошулду!
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
20:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Такси лицензиясын алууда бир топ өзгөрүүлөр кирди: Кайсы маалым каттар алынып салынды?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

12 жылдык билим берүү жана арзан ипотека. Президент Жапаровдун маеги

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Мектеп тартыштыгы 12 жылдык окууга өтүүдөн улам жаралган жок. Бул тууралуу Садыр Жапаров “Кабарга” курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылдан бери окуучулардын саны 500 миңге өскөн. Көйгөйдү чечүү максатында былтыр 60 мектеп, 28 бала бакча курулуп, 41 мектеп, 5 бала бакча оңдолгон. Быйыл курулуп жаткан 216 мектеп жана 107 бала бакчанын жарымы ишке берилет.
“Ал эми 12 жылдык билим берүүгө өтүү — мезгил талабы. Биринчиден, бүткүл дүйнөлүк стандарт, экинчиден, билим берүү рыногунун дүйнөлүк талабы болуп жатат. Бүткүл дүйнөлүк эмгек рыногу менен билим берүү мейкиндигиндеги айкалыштан биз артта калбашыбыз керек. Коңшу өлкөлөрдөн бул системага бизге чейин өткөнү да, учурда өтүп жаткандары да бар. Бизде 2029-жылы 12 жылдык билим берүүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрү аттестат алышат. Болбосо мектепти аяктаган балдарыбыз чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга тапшырганда кошумча бир жыл даярдык көрүүгө аргасыз болуп жатышат. Ушундан улам 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча өзгөчө зарылдык жаралды”, — деген мамлекет башчы.
Ошондой эле ал суроолорго жооп берип жатып, МИК аркылуу берилип жаткан батирлердин наркы базар баасынан кыйла төмөн экенин белгилеген. Анын айтымында, Бишкекте алгачкы төлөмү жок, 25 жылга берилген батирлердин районуна жараша чарчы метри 900 доллардан 1 000 долларга чейин “социалдык”, “жеңилдетилген” жана “арзан ипотека" багыттары боюнча берилет.

“Социалдык жана жеңилдетилген ипотека (жалгыз бой энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, камкорчулар, бюджеттен айлык алгандар) багыттары боюнча жылдык 4 % менен 25 жылга алгачкы төлөмсүз алышат. Ал эми “арзан ипотека” (жеке тармакта иштеген жарандар) багыты боюнча жылдык 8% менен 25 жылга алгачкы төлөмсүз алышат. “Үлүштүк курулуш” механизми боюнча батирдин 1 чарчы метринин баасы жайгашкан аймагына жараша 1 000 доллардан 1 400 долларга чейин (толук бүткөн) болууда. Шаар четиндеги райондордо баа төмөнүрөөк болсо, “элитный” жана “алтын квадрат” деп аталган борбордук аймактарда жогору болот”, — деген өлкө башчы.

Ал эми базарда турак жайлардын 1 чарчы метри 2 000-3 000 долларга чейин жетип жатканын кошумчалаган.

“МИКтин объектилери “под ключ” системасында, толук бүткөрүлгөн абалда кыйла жеткиликтүү баада сунушталууда. МИК батирлердин өздүк наркына бир аз акча кошууга аргасыз. Антпесе азыркыдай масштабдуу курулуштарды жасай албайт элек. Кезекте туруп батир алгандардын да, кезексиз жарым акчасын дароо төгүп үлүштүк негизде батир алгандардын да акчалары Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн башка жаңы объектилерди улантуусуна жардам болууда”, — деген президент.

Ошондой эле ал МИК аркылуу республика боюнча жалпы аянты 5,4 млн чарчы метр болгон 80 миң 245 батир курулуп жатканын, анын 20 миңи быйыл пайдаланууга берилерин кошумчалады.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2025
Орунтаев: МИК үйлөрүнүн сапатынан күмөн санабаш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0