https://sputnik.kg/20260105/1099005986.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги шаардык клиникалык балдар ооруканасынын дарыгер-реаниматологу Айгүл Зибирова 2-январга караган түнү каза болгон. Октябрь райондук милициясы учурда... 05.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-05T08:59+0600
2026-01-05T08:59+0600
2026-01-05T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/05/1099005820_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_766a2720580920e7947d75b49e84922e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги шаардык клиникалык балдар ооруканасынын дарыгер-реаниматологу Айгүл Зибирова 2-январга караган түнү каза болгон. Октябрь райондук милициясы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди"Факты катталып, бардык зарыл экспертизалар дайындалды, жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилет", — дешти РИИБден. Дарыгер Зибирова 29 жашта болгон.Социалдык тармактарга маркумдун эжесинин билдирүүсү деген пост жарыяланды. Эжеси Зибирова расмий бүтүмдө асфикциядан каза болду деп жазылганын белгилеген. Анын айтымында, ошол түнү Айгүлдүн жанында мурда сүйлөшкөн жигити болгон. Ал жигит окуя Айгүл дааратканага кирип, эшигин ичинен бекитип алгандан кийин болгонун айтып берген. Маркумдун жакындары өлүмдүн айрым жагдайлары күмөндүү болуп жатканын айтып, милициядан дыкат иликтөөнү өтүнгөн.
Кыргызстанда кылмыштардын саны бир жылда төрт пайызга кыскарган. Улуттук статистика комитети өткөн жылдын январынан ноябрдын аягына чейинки кылмыштар менен 2024-жылдын жогоруда көрсөтүлгөн айлар аралыгында катталган кылмыштардын көрсөткүчтөрүн салыштырган. Анда белгиленгендей, кылмыштардын жалпы саны кыскарганы менен оор кылмыштардын саны 18,8 пайызга өсүп, өткөн жылы саны 4 966га жеткен. Ошондой эле маалыматта кылмыштардын көбү мүлккө байланыштуу болгону кошумчаланды.
Кыргызстанга пандемияларды алдын алууга 31,79 миллион доллар берилет. Тиешелүү макулдашуу ратификацилоо үчүн Жогорку Кеңешке киргизилген. Каражат Дүйнөлүк банк тарабынан “Бирдиктүү ден соолук” программасынын 1-фазасын ишке ашырууга бөлүнүүдө. Долбоордун алкагындажаныбарлардан адамга жугуучу ооруларды көзөмөлдөө, диагностика жана дарылоону жакшыртуу антибиотиктерге туруктуулуктун алдын алууазык-түлүк коопсуздугун камсыздоо каралган.Каражаттын 30 миллион доллары 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен үстөксүз кредит. Калганы грант.
АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэладагы операция боюнча маалымат жыйын өткөргөнүн РИА Новости жазды. Америкалык лидердин билдирүүсү: Трамп Мадуро менен анын жубайын АКШ элине каршы жасалган "баңги террорчулугуна" айыптады; АКШнын Каракастагы аскердик операциясындай көрүнүш Экинчи дүйнөлүк согуштан бери болгон эмес; АКШ коопсуз бийлик келгиче Венесуэланы өзү башкаруу ниетинде. Штаттардын аскердик күчү ушу тапта ошол жакта; Вашингтон дагы бир чабуул жасоого даяр. Ал мындан дагы катаал болот; Өлкөдөн чыгарылып кеткен Мадуро менен анын жубайы америкалык адилеттүүлүк деген кандай экенин толугу менен көрөт. Бир аздан соң алар бараткан кеме Нью-Йоркко, же Майамиге, болбосо Флоридага барары чечилет; Трамп Мадуро Америкага баңги жөнөтүп турган "Күн картелин" өзү башкарып турганын айтты; АКШнын батыш жарым шарында лидер экенине күмөн жок. Венесуэлага каршы операция — АКШнын көз карандысыздыгына коркунуч жараткандарга эскертүү.
Бишкектеги шаардык клиникалык балдар ооруканасынын дарыгер-реаниматологу Айгүл Зибирова 2-январга караган түнү каза болгон. Октябрь райондук милициясы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди"Факты катталып, бардык зарыл экспертизалар дайындалды, жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилет", — дешти РИИБден. Дарыгер Зибирова 29 жашта болгон.Социалдык тармактарга маркумдун эжесинин билдирүүсү деген пост жарыяланды. Эжеси Зибирова расмий бүтүмдө асфикциядан каза болду деп жазылганын белгилеген. Анын айтымында, ошол түнү Айгүлдүн жанында мурда сүйлөшкөн жигити болгон. Ал жигит окуя Айгүл дааратканага кирип, эшигин ичинен бекитип алгандан кийин болгонун айтып берген. Маркумдун жакындары өлүмдүн айрым жагдайлары күмөндүү болуп жатканын айтып, милициядан дыкат иликтөөнү өтүнгөн.Кыргызстанда кылмыштардын саны бир жылда төрт пайызга кыскарган. Улуттук статистика комитети өткөн жылдын январынан ноябрдын аягына чейинки кылмыштар менен 2024-жылдын жогоруда көрсөтүлгөн айлар аралыгында катталган кылмыштардын көрсөткүчтөрүн салыштырган. Анда белгиленгендей, кылмыштардын жалпы саны кыскарганы менен оор кылмыштардын саны 18,8 пайызга өсүп, өткөн жылы саны 4 966га жеткен. Ошондой эле маалыматта кылмыштардын көбү мүлккө байланыштуу болгону кошумчаланды.Кыргызстанга пандемияларды алдын алууга 31,79 миллион доллар берилет. Тиешелүү макулдашуу ратификацилоо үчүн Жогорку Кеңешке киргизилген. Каражат Дүйнөлүк банк тарабынан “Бирдиктүү ден соолук” программасынын 1-фазасын ишке ашырууга бөлүнүүдө. Долбоордун алкагындажаныбарлардан адамга жугуучу ооруларды көзөмөлдөө, диагностика жана дарылоону жакшыртуу антибиотиктерге туруктуулуктун алдын алууазык-түлүк коопсуздугун камсыздоо каралган.Каражаттын 30 миллион доллары 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен үстөксүз кредит. Калганы грант.АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэладагы операция боюнча маалымат жыйын өткөргөнүн РИА Новости жазды. Америкалык лидердин билдирүүсү: Трамп Мадуро менен анын жубайын АКШ элине каршы жасалган "баңги террорчулугуна" айыптады; АКШнын Каракастагы аскердик операциясындай көрүнүш Экинчи дүйнөлүк согуштан бери болгон эмес; АКШ коопсуз бийлик келгиче Венесуэланы өзү башкаруу ниетинде. Штаттардын аскердик күчү ушу тапта ошол жакта; Вашингтон дагы бир чабуул жасоого даяр. Ал мындан дагы катаал болот; Өлкөдөн чыгарылып кеткен Мадуро менен анын жубайы америкалык адилеттүүлүк деген кандай экенин толугу менен көрөт. Бир аздан соң алар бараткан кеме Нью-Йоркко, же Майамиге, болбосо Флоридага барары чечилет; Трамп Мадуро Америкага баңги жөнөтүп турган "Күн картелин" өзү башкарып турганын айтты; АКШнын батыш жарым шарында лидер экенине күмөн жок. Венесуэлага каршы операция — АКШнын көз карандысыздыгына коркунуч жараткандарга эскертүү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/05/1099005820_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_16e97055cb4a7cc58e862f03e70d71a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио