00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Лукашенко: ЕАЭБ тышкы кысымдан алсыраган жок, тескерисинче, ролун күчөттү

© SputnikЕвразийский экономикалык биримдиги
Евразийский экономикалык биримдиги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнө тыштан катуу басым көрсөтүлүп жаткан шартта, биримдик өзүнүн ролун күчөттү. Ал эми ага мүчө мамлекеттердин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү чыңдалды. Бул тууралуу Беларустун президенти Александр Лукашенко Санкт-Петербургдагы ЕАЭБ саммитинде билдирди.

“2020-2024-жылдары ЕАЭБдин экономикасы 11 пайызга, өнөр жайы 15 пайызга, айыл чарбасы 10 пайызга өстү. Эгерде биримдикте жумушсуздуктун деңгээли 2020-жылы дээрлик алты пайызды түзсө, 2024-жылы үч пайызга жакын болду”, — деди ал.

Лукашенко белгилегендей, быйыл ЕАЭБдин негизги экономикалык көрсөткүчтөрү оң тенденцияны сактап турат. Бардык мүчө мамлекеттерде айлык акы өсүп, жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли сакталууда. 2025-жылга карата евразиялык жана экономикалык интеграциянын жаңы этабы үчүн бекем негиз түзүлдү.
Беларусь президентинин дагы башка айткандарынан:
ЕАЭБдин өнөр жайлык мүмкүнчүлүгү толук кандуу пайдаланыла элек, негизги тармактарда жана технологиялык чөйрөлөрдө конкреттүү кызматташтык долбоорлорун ишке ашырууга даярбыз;
ЕАЭБ алкагында сунушталган финансылык колдоо куралына экономиканын реалдуу сектору тарабынан кызыгуу күч алууда;
импорттон көз карандылыкты азайтуу үчүн айыл чарба тармагында чечкиндүү кадамдар керек;
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аграрчылары жарандарыбызды гана бакпастан, дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда да олуттуу орун ала алышат;
ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекеттер менен өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири болгон транспорттук-логистикалык потенциалды чыңдоо зарыл;
транспортту санариптештирүү, үзгүлтүксүз кыймылды түзүү жана ЕЭКтин аянтчасында тиешелүү чечимдерди иштеп чыгуу өзгөчө көзөмөлдө болушу керек;
санариптик чөйрө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө олуттуу салым кошушу керек, бирок союздун ичинде кошумча тоскоолдуктарды жаратпашы зарыл;
жаңы өнөктөштөрдүн тизмесин түзүү милдети турат жана каалоочулар да көп;
чек арадагы кезектерди жоюу, билим алууга тоскоолдуксуз мүмкүнчүлүк түзүү жана квалификация жөнүндөгү документтерди таануу, салттуу төлөм каражаттарын чектөөсүз колдонуу мүмкүнчүлүгү үчүн бизде дагы иштей турган нерселер бар.
Садыр Жапаров Санкт-Петербургдагы ЕАЭБ саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2025
ЕАЭБде экономикалык кызматташуу күчтөндү. Жапаровдун саммиттеги билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0