Мамытов: Кыргызстан эл аралык экономикалык мамиледе өз кызыкчылыгын сактоодо

© Sputnik / Асель Сыдыкова
Жазылуу
Изилдөөчү экономист Улукман Мамытов 2025-жылы Кыргызстан экономикалык алакалардын жаңы барагын ача алды деп эсептейт.
Учурда Борбор Азия мамлекеттери биригип, аймактык кызыкчылыктарын биргеликте көтөрүп чыгып жатканы геосаясатта, геоэкономикада абдан жакшы көрүнүш. Ошол эле учурда ар бир мамлекеттин өз кызыкчылыгы бар, бул да мыйзам ченемдүү маселе. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Борбор Азия+Япония" саммити аймактын геосаясатта таасири артып бара жатканын дагы бир ирет тастыктайт.
"Кыргызстан 2025-жылы көп өлкөлөр менен экономикалык алака түзө алды. Арасында тарыхта жасала элек сапарлар болду. Мунун биринчи себеби, албетте, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун активдүүлүгүндө. Ал өкмөткө, ишкерлерге жол ачып берүүдө. Иштешүүнү каалаган бардык өлкөлөргө Кыргызстан экономикалык багыттан ачык экенин көрсөтүп жатат. Ошону менен катар эле Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга Батыш өлкөлөрүнүн, АКШнын кызыкчылыгы мурда болуп көрбөгөндөй күчөп отурат. Буга экономикалык кызыкчылыктардын Чыгышка ооп бара жатканы себеп. "Борбор Азия жана Япония" саммити да АКШнын, Германиянын БА мамлекеттери менен уюштурулган жыйындар сыяктуу эле. Батыштын Борбор Азиядагы таасирин жоготпоого кылган аракети десек болот. Анткени Япониянын ошол эле Кытай жана Россия менен алакасы солгун. Борбор Азиядан Япония өзгөчө көңүл буруп мамиле кылганы — Кыргызстан. Берип келе жаткан бир топ жардамдары бар, биз аларды танбайбыз. Бирок Кыргызстандын учурдагы экономикалык саясаты бардык өлкөлөр менен өз кызыкчылыгы дал келген жерде иштешүүгө даяр болгон ачыктыгы болууда. Бул — өлкө үчүн туура кадам", — деди Мамытов.
Ал өлкө алдыдагы келе жаткан жылы да эл аралык экономикалык көз карашын ушундай багытта уланта берерине ишенерин кошумчалады.
