https://sputnik.kg/20251220/mindichke-chykkynchylyk-boyuncha-ish-kozgoldu-1098729673.html
Рада депутаты: Зеленскийдин үзөңгүлөшү Миндичке чыккынчылык боюнча иш козголду
Рада депутаты: Зеленскийдин үзөңгүлөшү Миндичке чыккынчылык боюнча иш козголду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Украинада Владимир Зеленскийдин үзөңгүлөшү болуп жүрүп, Израилге качкан Тимур Миндичке мамлекеттик чыккынчылык боюнча иш козголду... 20.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-20T10:55+0600
2025-12-20T10:55+0600
2025-12-20T11:20+0600
дүйнөдө
украина
владимир зеленский
коррупция
https://sputnik.kg/img/07e7/01/06/1071787688_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_5ac8e327e6f753acd19914fb1bcfc78e.jpg
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Украинада Владимир Зеленскийдин үзөңгүлөшү болуп жүрүп, Израилге качкан Тимур Миндичке мамлекеттик чыккынчылык боюнча иш козголду. Бул туурасында Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко* билдиргенин РИА Новости жазды.Депутат билдиргендей, ал өзүнүн депутаттык суроо салган катын бизнесмендин батирине коюлган тыңшоолордын жыйынтыгы жарыялангандан кийин, дароо, ноябрь айында эле жөнөткөн.Ал эми декабрдын ортосунда алынган Украинанын Коопсуздук кызматынын жообунда Миндичке жана "аны менен байланышкан адамдарга" карата сотко чейинки иликтөө башталгандыгы айтылган. Бирок алардын тизмеси ачыкталган эмес.Ал ошондой эле Миндичтин мамлекеттик сырларды билип турууга уруксаты бар-жогун, анын Россиянын атайын кызматтары менен байланыштарынын ыктымалдыгы, Владимир Зеленскийге жана Улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Рустем Умеровго тийгизген таасири тууралуу маалыматтарды да сураганын билдирген.Украинадагы коррупциялык жаңжалӨлкөнүн Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) энергетика тармагындагы азыркы жана мурдагы аткаминерлер, көрүнүктүү бизнесмен жана энергетика тармагындагы коррупцияга аралашкан башка адамдар катышкан кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүн ачыктап, документтештиргени маалымдалган.Агенттик ошондой эле Украинанын энергетика тармагындагы уурулук схемаларынан түшкөн акча Киевдин борборундагы кеңсе аркылуу адалданганын аныктаган.Украина өкмөтү компанияны жана мурдагы энергетика министри Герман Галущенконун үйүн тинтүүдөн кийин "Энергоатомдун" байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Зеленскийдин "капчыгы" аталган Тимур Миндич Украинадан чыгып кеткен, иш боюнча мурдагы вице-премьер Чернышов да айыпталып жатат.Кеңештин жаңы курамы бир жуманын ичинде өкмөткө киргизилиши керек. Министрлер кабинети Мамлекеттик аудит кызматына "Энергоатом" ишканасын, анын ичинде сатып алуу иштерин текшерүүнү тапшырган.* Россияда сыртынан өкүм чыгып, террорчулар менен экстремисттердин тизмесине кирген
https://sputnik.kg/20251129/vladimir-zelenskiy-korruptsiya-aksh-1098205386.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/06/1071787688_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_8ebcee301421e3545ff30a96f1e1972d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, владимир зеленский, коррупция
дүйнөдө, украина, владимир зеленский, коррупция
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Украинада Владимир Зеленскийдин үзөңгүлөшү болуп жүрүп, Израилге качкан Тимур Миндичке мамлекеттик чыккынчылык боюнча иш козголду. Бул туурасында Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко* билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Мамлекеттик чыккынчылык боюнча Миндичке иш козголду", — деп ал Украинанын Коопсуздук кызматынын маалыматына таянып жазган.
Депутат билдиргендей, ал өзүнүн депутаттык суроо салган катын бизнесмендин батирине коюлган тыңшоолордын жыйынтыгы жарыялангандан кийин, дароо, ноябрь айында эле жөнөткөн.
Ал эми декабрдын ортосунда алынган Украинанын Коопсуздук кызматынын жообунда Миндичке жана "аны менен байланышкан адамдарга" карата сотко чейинки иликтөө башталгандыгы айтылган. Бирок алардын тизмеси ачыкталган эмес.
Ал ошондой эле Миндичтин мамлекеттик сырларды билип турууга уруксаты бар-жогун, анын Россиянын атайын кызматтары менен байланыштарынын ыктымалдыгы, Владимир Зеленскийге жана Улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Рустем Умеровго тийгизген таасири тууралуу маалыматтарды да сураганын билдирген.
Украинадагы коррупциялык жаңжал
Өлкөнүн Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) энергетика тармагындагы азыркы жана мурдагы аткаминерлер, көрүнүктүү бизнесмен жана энергетика тармагындагы коррупцияга аралашкан башка адамдар катышкан кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүн ачыктап, документтештиргени маалымдалган.
Агенттик ошондой эле Украинанын энергетика тармагындагы уурулук схемаларынан түшкөн акча Киевдин борборундагы кеңсе аркылуу адалданганын аныктаган.
Украина өкмөтү компанияны жана мурдагы энергетика министри Герман Галущенконун үйүн тинтүүдөн кийин "Энергоатомдун" байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Зеленскийдин "капчыгы" аталган Тимур Миндич Украинадан чыгып кеткен, иш боюнча мурдагы вице-премьер Чернышов да айыпталып жатат.
Кеңештин жаңы курамы бир жуманын ичинде өкмөткө киргизилиши керек. Министрлер кабинети Мамлекеттик аудит кызматына "Энергоатом" ишканасын, анын ичинде сатып алуу иштерин текшерүүнү тапшырган.
* Россияда сыртынан өкүм чыгып, террорчулар менен экстремисттердин тизмесине кирген