https://sputnik.kg/20251220/kyrgyzstan-yaponiya-sadyr-zhaparov-sammit-kyzmattashuu-investiciya-1098731039.html
Жапаров Токиодогу саммитке катышты. Президент эмне маселени көтөрдү
Жапаров Токиодогу саммитке катышты. Президент эмне маселени көтөрдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өткөн "Борбор Азия – Япония" диалогунун биринчи... 20.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-20T11:55+0600
2025-12-20T11:55+0600
2025-12-20T11:54+0600
кыргызстан
япония
садыр жапаров
саммит
кызматташуу
инвестициялар
иш сапар
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/14/1098730265_0:101:2048:1253_1920x0_80_0_0_f23acaa1de56b55306ca2449df6af594.jpg
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өткөн "Борбор Азия – Япония" диалогунун биринчи саммитине катышканын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.Анда Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдарлыгын айткан. Ал Кыргызстан менен Япониянын экологияны, туруктуулукту, коммуникация жана адам ресурстарын өнүктүрүүгө багытталган кызматташуусун колдой турганын ырастап, Кыргызстан үчүн климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү негизги көйгөйлөр экенин белгилеген. Жапаров мөңгүлөрдүн эриши, суу ресурстарынын азайышы, сел агымдарынын жана сейсмикалык активдүүлүктүн өсүшү калкка, инфраструктурага түздөн-түз коркунуч келтирип жатканына басым жасаган. Япониянын катышуусунда эртерээк эскертүүнүн аймактык системасын түзүүнү жана табигый коркунучтарды болжолдоо боюнча маалымат алмашууну өнүктүрүүнү сунуштаган.Мамлекет башчысы Кыргызстан "жашыл" экономикага, кайра жаралуучу энергетиканы жана таза технологияларды өнүктүрүүгө умтулаарын белгилеп, Камбар-Ата – 1 ГЭСин негизги стратегиялык долбоор деп атаган. Ошондой эле япондордун "жашыл" технологияларындай иштөөгө жана экологиялык долбоорлорду каржылоонун жаңы механизмдерине кызыкдар экенин билдирген.Президент япон тараптын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалап, өнөктөштөрдү Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга, ал эми инвесторлорду "Асман" экологиялык таза шаар долбоорун курууга катышууга чакырган.Жапаров Кыргызстан кара жол, темир жол тармагын, жарандык авиацияны, транспорттук-логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө, өлкөнүн эл аралык каттамдарга катышуусун кеңейтүүгө багыт алганына да токтолгон. Айрыкча, Япония менен маалыматтык технологиялар жаатында кызматташууга даяр экенин, Кыргызстандын жогорку технологиялар паркы биргелешкен санариптик долбоорлорду ишке ашыруу, алдыңкы япон технологияларын трансферлөө, ошондой эле инженердик жана IT-кадрларын даярдоо үчүн аянтча болорун белгилеген.Мындан тышкары, Япониянын алдыңкы университеттеринде, биринчи кезекте маалыматтык технологиялар жана инженерия багыттары боюнча билим берүү квоталарын кеңейтүүгө кызыкдар экенин да айткан.Жапаров туризм тармагындагы кызматташтык эки өлкөнү жакындаштыруучу маанилүү фактор деп белгилеп, маданий көп түрдүүлүктү сактоо, адистештирилген музей комплексин түзүү боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстан туристтик инфраструктураны өнүктүрүп жатканын, анын ичинде "Ала-Тоо Резорт" ири тоо лыжа базасынын долбоору ишке ашырылып жатканын белгилеп, япониялык өнөктөштөрдү аны өнүктүрүүгө катышууга чакырган.
https://sputnik.kg/20251219/zhaparov-yaponiya-imperator-menen-zholuktu-1098706708.html
япония
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/14/1098730265_122:0:1927:1354_1920x0_80_0_0_8476edf1c47e04c6b84ae3c2f32fe57c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, япония, садыр жапаров, саммит, кызматташуу, инвестициялар, иш сапар
кыргызстан, япония, садыр жапаров, саммит, кызматташуу, инвестициялар, иш сапар
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өткөн "Борбор Азия – Япония" диалогунун биринчи саммитине катышканын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Анда Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдарлыгын айткан. Ал Кыргызстан менен Япониянын экологияны, туруктуулукту, коммуникация жана адам ресурстарын өнүктүрүүгө багытталган кызматташуусун колдой турганын ырастап, Кыргызстан үчүн климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү негизги көйгөйлөр экенин белгилеген.
Жапаров мөңгүлөрдүн эриши, суу ресурстарынын азайышы, сел агымдарынын жана сейсмикалык активдүүлүктүн өсүшү калкка, инфраструктурага түздөн-түз коркунуч келтирип жатканына басым жасаган. Япониянын катышуусунда эртерээк эскертүүнүн аймактык системасын түзүүнү жана табигый коркунучтарды болжолдоо боюнча маалымат алмашууну өнүктүрүүнү сунуштаган.
Мамлекет башчысы Кыргызстан "жашыл" экономикага, кайра жаралуучу энергетиканы жана таза технологияларды өнүктүрүүгө умтулаарын белгилеп, Камбар-Ата – 1 ГЭСин негизги стратегиялык долбоор деп атаган. Ошондой эле япондордун "жашыл" технологияларындай иштөөгө жана экологиялык долбоорлорду каржылоонун жаңы механизмдерине кызыкдар экенин билдирген.
Президент япон тараптын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалап, өнөктөштөрдү Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга, ал эми инвесторлорду "Асман" экологиялык таза шаар долбоорун курууга катышууга чакырган.
"Кыргызстандын Евразиянын борборундагы ыңгайлуу географиялык жайгашуусу транспорттук, логистикалык, соода жана финансылык агымдар үчүн аймактык хаб болуу мүмкүнчүлүктөрүн ачат", — деген өлкө башчы.
Жапаров Кыргызстан кара жол, темир жол тармагын, жарандык авиацияны, транспорттук-логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө, өлкөнүн эл аралык каттамдарга катышуусун кеңейтүүгө багыт алганына да токтолгон. Айрыкча, Япония менен маалыматтык технологиялар жаатында кызматташууга даяр экенин, Кыргызстандын жогорку технологиялар паркы биргелешкен санариптик долбоорлорду ишке ашыруу, алдыңкы япон технологияларын трансферлөө, ошондой эле инженердик жана IT-кадрларын даярдоо үчүн аянтча болорун белгилеген.
Мындан тышкары, Япониянын алдыңкы университеттеринде, биринчи кезекте маалыматтык технологиялар жана инженерия багыттары боюнча билим берүү квоталарын кеңейтүүгө кызыкдар экенин да айткан.
Жапаров туризм тармагындагы кызматташтык эки өлкөнү жакындаштыруучу маанилүү фактор деп белгилеп, маданий көп түрдүүлүктү сактоо, адистештирилген музей комплексин түзүү боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстан туристтик инфраструктураны өнүктүрүп жатканын, анын ичинде "Ала-Тоо Резорт" ири тоо лыжа базасынын долбоору ишке ашырылып жатканын белгилеп, япониялык өнөктөштөрдү аны өнүктүрүүгө катышууга чакырган.