00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:44
14 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Тысячи добровольцев в первые дни войны — историк о том как Кыргызстан встретил 1941 год
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик кызматкерлер күнү: кесип, жоопкерчилик жана реформалар
09:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как новый закон о долевом строительстве защитит покупателей квартир в Кыргызстане
10:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Politico: Италия премьери Россия активдери боюнча саммитте чечүүчү адам болду

© AP Photo / Gianluigi Guercia Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони
 Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Россиянын тоңдурулган активдеринин тагдыры чечилген Евробиримдиктин саммитинде Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони көмүскөдөгү кардинал болгонун Politico басылмасы жазды.
Басылманын маалыматында белгиленгендей, Мелони саммиттин биринчи бөлүгүндө сүйлөгөнгө чыккан эмес, бирок келишимди дал ошол адам түзгөн.
Politico аны самиттин жеңүүчүлөрүнүн тизмесине кошкон. Ошол эле учурда Москванын каражаттарын конфискациялоо планы ишке ашпагандыгы Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен үчүн ийгиликсиз кадам болду.
Буга чейин Financial Times гезити Европа дипломатынын айтканына таянып Мелони жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон россиялык активдерди Украинага насыяга берүү планын бузууда маанилүү ролдо болушканын жазган. Басылманын маалыматына ылайык, Макрон менен Мелони алардын улуттук парламенти Бельгиянын талабы боюнча насыяны кайтарууга кепилдик беришсе, келечекте аны төлөөгө милдеттүү болуп калышарына түпөйүл болгонун билдиришкен. Макалада алардын каршы пикири сүйлөшүүлөрдүн маанайын өзгөрткөнү айтылат.
Financial Times Мелонини Евробиримдиктин Россиянын активдерин колдонуу боюнча планын жокко чыгарган негизги фигура деп атаган.
Жума күнү түндө Брюсселде саммит жыйынтыкталган, андагы чечим боюнча, Евробиримдик Россиянын активдеринен убактылуу баш тартып, Украинага өздөрүнүн бюджетинен 90 миллиард евро насыя бермей болушкан. Венгрия, Словакия жана Чехия Евробиримдиктин Киевге ал насыяны берүү чечимине катышпагандыгы айтылган.
РФ президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2025
"Уурулук эмес, карактоо". Путин Россиянын Европадагы активдери боюнча айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0