https://sputnik.kg/20251212/vladimir-oblusu-menen-kyrgyzstan-iygilikke-karay-birge-1098517669.html
Владимир облусу менен Кыргызстан: ийгиликке карай бирге!
Владимир облусу менен Кыргызстан: ийгиликке карай бирге!
Sputnik Кыргызстан
Владимир облусу менен Кыргызстанды соода-экономикалык багыттагы көп жылдан бери өнөктөштүк алака жана кызматташуу байланыштырып келет. Акыркы жылдары облустагы... 12.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-12T09:24+0600
2025-12-12T09:24+0600
2025-12-12T09:25+0600
дүйнөдө
россия
завод
ишкана
айнек
коллекция
мал
дары
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0c/1098518709_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_8fc4524d5a91fb1594c60e28aa52084b.jpg
Владимир облусу менен Кыргызстанды соода-экономикалык багыттагы көп жылдан бери өнөктөштүк алака жана кызматташуу байланыштырып келет. Акыркы жылдары облустагы Экспортту колдоо борборунун мамлекеттик колдоосу менен өнөктөштүк кыйла бекемделгенин көрүүгө болот. Аталган Борбордун кызматынан пайдаланып, дүйнөнүн бир катар мамлекеттерине таанылган региондогу эки ири компания бүгүн Sputnik Кыргызстандын окурмандарына кезектеги продукциясын сунуштоодо. Кенинирээк маалымат биздин материалда. "Ветеринарные препараты" заводу акционердик коому Гусь-Хрустальный шаарында айнек заводунун химиялык цехи катары 1942-жылы эле негизделген. Бүгүн бул — мал ылаңын алдын алуу, дарылоо жана мал чарбачылыгынын объектилерин дезинфекциялоо үчүн продукциянын 40тан ашуун түрүн чыгарган жогорку технологиялык заманбап ишкана. "Биздин заводдо суюк, жумшак жана үбөлөнмө формасындагы дары каражаттарын чыгарган төрт технологиялык өндүрүш цех иштейт, — деп айтып берди ишкананын директорлор кеңешинин төрагасы Иван Яхаев. — Бирок бул жөн эле өндүрүш аянтчасы эмес. "Ветеринарные препараты" — бул өзүнүн лабораториялары бар, өлкөнүн алдыңкы илимий-изилдөө институттары менен кызматташкан окумуштуу-консультанттар жана профессорлор иштеген жай. Мындай кызматташуу өндүрүштүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүүгө, колдогу ветеринардык каражаттарды сыноодон өткөрүп, керектүү сертификаттар менен корутундуларды алууга жардам берет". Завод чыгарган продукциянын баары мамлекеттик каттоодон өтүп, россиялык сапат стандартына ылайык сертификацияланган. Ишкананын продукциясына Россияда эле эмес, Азербайжанда, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Молдова, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда да канча жылдан бери суроо-талап күч. Экспорттун көлөмү ушу тапта 30 пайыздын тегерегинде. "Ветеринарные препараты" — Россияда "Адал" стандарты менен мал чарбачылыгы үчүн дары жана дезинфекциялоочу каражат менен дарыларды чыгарган биринчи завод. Мындан тышкары, Креолин өндүргөн жалгыз ишкана. Өндүрүлгөн продукциянын каталогундагы беш препаратка ЭКО сертификаты берилген. Ишкана продукцияны сатып алган мамлекеттердин санын арбытууну пландап жатат. "Биз байма-бай эл аралык көргөзмөлөргө катышып турабыз. Продукциябызга кызыгуу күч экенин көрүүдөбүз, — дейт Иван Яхаев. — Узак мөөнөттүү кызматташтыкка дилгирбиз. Бүгүнкү күнү максат койгон рынокторубуздун бири — мал чарбачылыгы өнүккөн Кыргызстан". Владимирдеги дагы бир компания ТК "ЭВИС" акционердик коому да Гусь-Хрустальный районунда жайгашып, көркөм айнек өндүрүшү боюнча тарыхы терең. 1845-жылы түптөлгөн айнек заводу узак жолду басып өтүп, буюмдарды колго жасоонун муундан муунга өткөн уникалдуу ыкмасын сактап кала алган. Азыркы тапта ишкана 3829 чарчы метрди ээлеп, Россиядагы укмуштуудай интерьердик вазаларды жана флористикага керектүү айнекти жалаң кол менен жасап чыгарган алдыңкы компаниялардын бири болуп саналат. "Биз айнектен колго жасалган вазалардын сапаты боюнча да, көлөмү боюнча да дүйнөлүк лидерлердин бирибиз, — дейт заводдун директору Игорь Лобов. — Продукциябыз бүтүндөй дүйнөгө, негизинен Европага, Ливан, Австралия жана Японияга экспорттолот. Айнектин сапаты эң жогорку баага татыган, ал эми өндүрүштүн өздүк баасы энергоресурстун үнөмдөлүшүнөн жана айнек даярдоонун алдыңкы технологияларынын колдонулушунан улам Европада эң төмөнкү болуп саналат". Заводдун ассортиментинде жаңы жылдык балатыга илинчү оюнчуктар, шарлар, гипстен жасалган фигуралар, ысытылган массадан кол менен үйлөп же созуп жасалган айнек буюмдары, флористикага, интерьерди жасалгалоого керектүү айнектер, ваза, сувенирлер, айнектен жасалган белекке ылайыктуу буюмдар, шамдар жана биохимиялык, микробиологиялык өнөр жайга керектүү НС маркасындагы айнектен жасалган бөтөлкөлөр бар. "Айнек вазалары буйрутма берген адамдын чийип көрсөтүп бергени боюнча жасалат, — деди Лобов. — Франкфурттун көп жылдык көргөзмө тажрыйбасы жана европалык дизайнерлер менен кызматташуу бизге флористикалык жана интерьерлик вазалардын ири коллекциясын түзүүгө жардам берди. Завод өсүмдүк орнаменттери жана тематикалык сюжеттер колдонулуп силикат жана акрил боёктору менен кооздолгон декоративдүү вазаларды чыгарат. Боектун баары табигый таза. Кол менен үйлөп жасалган айнектин коллекция өндүрүштүн бермети болуп саналат. Бул коллекциядагы буюмдардын баары кол менен жасалган", — деп кошумчалады директор. "Заводдун ишмердүүлүгү жергиликтүү жана чет өлкөлүк кардарлардын идиш-аякка, сувенир, вазага, башкача айтканда, күнүмдүк жашоодо да, майрамда да колдонула турган айнек продукциясына болгон муктаждыгын канааттандырууга багытталган. Мунун баары жайлуу атмосфера жаратып, заманбап интерьер түзүүгө жардам берет, — дейи Игорь Лобов. — Биз экспорттук мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейтүүгө да басым жасап жатабыз: үй жана интерьерге керектүү товарлардын эл аралык көргөзмөлөрүнө катышабыз. КМШда, өзгөчө Кыргызстанда кардарларыбыз көбөйөт деген ишенимибиз чоң". Материал коммерциялык шартта жарыяланды
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0c/1098518709_648:527:2675:2048_1920x0_80_0_0_cf732f001d9acf9f6ec8cca3795b01b9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, завод, ишкана, айнек, коллекция, мал, дары
дүйнөдө, россия, завод, ишкана, айнек, коллекция, мал, дары
Владимир облусу менен Кыргызстанды соода-экономикалык багыттагы көп жылдан бери өнөктөштүк алака жана кызматташуу байланыштырып келет. Акыркы жылдары облустагы Экспортту колдоо борборунун мамлекеттик колдоосу менен өнөктөштүк кыйла бекемделгенин көрүүгө болот. Аталган Борбордун кызматынан пайдаланып, дүйнөнүн бир катар мамлекеттерине таанылган региондогу эки ири компания бүгүн Sputnik Кыргызстандын окурмандарына кезектеги продукциясын сунуштоодо. Кенинирээк маалымат биздин материалда.
"Ветеринарные препараты" заводу акционердик коому Гусь-Хрустальный шаарында айнек заводунун химиялык цехи катары 1942-жылы эле негизделген. Бүгүн бул — мал ылаңын алдын алуу, дарылоо жана мал чарбачылыгынын объектилерин дезинфекциялоо үчүн продукциянын 40тан ашуун түрүн чыгарган жогорку технологиялык заманбап ишкана.
"Биздин заводдо суюк, жумшак жана үбөлөнмө формасындагы дары каражаттарын чыгарган төрт технологиялык өндүрүш цех иштейт, — деп айтып берди ишкананын директорлор кеңешинин төрагасы Иван Яхаев. — Бирок бул жөн эле өндүрүш аянтчасы эмес. "Ветеринарные препараты" — бул өзүнүн лабораториялары бар, өлкөнүн алдыңкы илимий-изилдөө институттары менен кызматташкан окумуштуу-консультанттар жана профессорлор иштеген жай. Мындай кызматташуу өндүрүштүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүүгө, колдогу ветеринардык каражаттарды сыноодон өткөрүп, керектүү сертификаттар менен корутундуларды алууга жардам берет".
Завод чыгарган продукциянын баары мамлекеттик каттоодон өтүп, россиялык сапат стандартына ылайык сертификацияланган.
Ишкананын продукциясына Россияда эле эмес, Азербайжанда, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Молдова, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда да канча жылдан бери суроо-талап күч. Экспорттун көлөмү ушу тапта 30 пайыздын тегерегинде.
"Ветеринарные препараты" — Россияда "Адал" стандарты менен мал чарбачылыгы үчүн дары жана дезинфекциялоочу каражат менен дарыларды чыгарган биринчи завод. Мындан тышкары, Креолин өндүргөн жалгыз ишкана. Өндүрүлгөн продукциянын каталогундагы беш препаратка ЭКО сертификаты берилген.
Ишкана продукцияны сатып алган мамлекеттердин санын арбытууну пландап жатат. "Биз байма-бай эл аралык көргөзмөлөргө катышып турабыз. Продукциябызга кызыгуу күч экенин көрүүдөбүз, — дейт Иван Яхаев. — Узак мөөнөттүү кызматташтыкка дилгирбиз. Бүгүнкү күнү максат койгон рынокторубуздун бири — мал чарбачылыгы өнүккөн Кыргызстан".
Владимирдеги дагы бир компания ТК "ЭВИС" акционердик коому да Гусь-Хрустальный районунда жайгашып, көркөм айнек өндүрүшү боюнча тарыхы терең. 1845-жылы түптөлгөн айнек заводу узак жолду басып өтүп, буюмдарды колго жасоонун муундан муунга өткөн уникалдуу ыкмасын сактап кала алган. Азыркы тапта ишкана 3829 чарчы метрди ээлеп, Россиядагы укмуштуудай интерьердик вазаларды жана флористикага керектүү айнекти жалаң кол менен жасап чыгарган алдыңкы компаниялардын бири болуп саналат.
"Биз айнектен колго жасалган вазалардын сапаты боюнча да, көлөмү боюнча да дүйнөлүк лидерлердин бирибиз, — дейт заводдун директору Игорь Лобов. — Продукциябыз бүтүндөй дүйнөгө, негизинен Европага, Ливан, Австралия жана Японияга экспорттолот. Айнектин сапаты эң жогорку баага татыган, ал эми өндүрүштүн өздүк баасы энергоресурстун үнөмдөлүшүнөн жана айнек даярдоонун алдыңкы технологияларынын колдонулушунан улам Европада эң төмөнкү болуп саналат".
Заводдун ассортиментинде жаңы жылдык балатыга илинчү оюнчуктар, шарлар, гипстен жасалган фигуралар, ысытылган массадан кол менен үйлөп же созуп жасалган айнек буюмдары, флористикага, интерьерди жасалгалоого керектүү айнектер, ваза, сувенирлер, айнектен жасалган белекке ылайыктуу буюмдар, шамдар жана биохимиялык, микробиологиялык өнөр жайга керектүү НС маркасындагы айнектен жасалган бөтөлкөлөр бар.
"Айнек вазалары буйрутма берген адамдын чийип көрсөтүп бергени боюнча жасалат, — деди Лобов. — Франкфурттун көп жылдык көргөзмө тажрыйбасы жана европалык дизайнерлер менен кызматташуу бизге флористикалык жана интерьерлик вазалардын ири коллекциясын түзүүгө жардам берди. Завод өсүмдүк орнаменттери жана тематикалык сюжеттер колдонулуп силикат жана акрил боёктору менен кооздолгон декоративдүү вазаларды чыгарат. Боектун баары табигый таза. Кол менен үйлөп жасалган айнектин коллекция өндүрүштүн бермети болуп саналат. Бул коллекциядагы буюмдардын баары кол менен жасалган", — деп кошумчалады директор.
"Заводдун ишмердүүлүгү жергиликтүү жана чет өлкөлүк кардарлардын идиш-аякка, сувенир, вазага, башкача айтканда, күнүмдүк жашоодо да, майрамда да колдонула турган айнек продукциясына болгон муктаждыгын канааттандырууга багытталган. Мунун баары жайлуу атмосфера жаратып, заманбап интерьер түзүүгө жардам берет, — дейи Игорь Лобов. — Биз экспорттук мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейтүүгө да басым жасап жатабыз: үй жана интерьерге керектүү товарлардын эл аралык көргөзмөлөрүнө катышабыз. КМШда, өзгөчө Кыргызстанда кардарларыбыз көбөйөт деген ишенимибиз чоң".
Материал коммерциялык шартта жарыяланды