00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Потоп в госпитале, спасение хищников и штраф за сирень: социальный обзор недели
14:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
6 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
22–40 жаштагы альтернативдик кызмат өткөн жарандар кайсы учурда акча төлөп, мобилизациялык талапты аткарат?
15:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Стоп-кадр
«Мафия» тасмасы: «Стоп кадр» программасында криминалдык дүйнө ачылат
17:07
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
История в лицах
Орден «За храбрость» через полвека: история затерянного представления и верного боевого братства
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутаттар биринчи жыйында карай турган маселелердин тизмеси айтылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген VIII чакырылышы ишин башташы үчүн ЖК аппараты даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу анын жетекчиси Алайбек Алымбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
Анын айтымында, жыйынга алгач чогулган күнү кароого тийиш болгон маселелер "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамында белгиленген.
Борбордук шайлоо комиссиясы биринчи жыйын 17-декабрга пландалып жатканын билдирген болчу.
"Шарт боюнча, жыйын мамлекеттик гимн менен башталып, аны жаш курагы улуу депутат алып барат. Андан кийин сөз Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына берилет. Ал шайлоонун жыйынтыгын айтып, депутаттарга күбөлүк жана төш белги тапшырат. Андан кийин эл өкүлдөрү ант берип, ишке киришет да, даярдоочу топтун иши жыйынтыкталат", — деди Алымбаев.
Карала турган маселелер:
төраганы жана анын орун басарларын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү;
добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссияны түзүү;
төраганы жана анын орун басарларын шайлоо;
Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитүү;
комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо;
Жогорку Кеңештин комитеттеринин курамдарын түзүү.
Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ырааттуулугу жыйналыштын күн тартиби менен аныкталат.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелерге башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
Алымбаев президенттин иш башкармалыгы менен биргеликте депутаттардын иш бөлмөлөрү, жыйындар залы даярдалып жатканын белгиледи.
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2025
БШК 87 адамды Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады
Жаңылыктар түрмөгү
0