https://sputnik.kg/20251206/rossiya-ukraina-aksh-batysh-sayasat-sogush-syn-1098395216.html
Bloomberg: АКШ Европаны украин согушу чечүүчү этапка келгенде сынга алды
Bloomberg: АКШ Европаны украин согушу чечүүчү этапка келгенде сынга алды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Украинадагы согуш маанилүү этабына кирген мезгилде АКШ Европаны сындады. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазганын РИА Новости... 06.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-06T19:21+0600
2025-12-06T19:21+0600
2025-12-08T10:22+0600
дүйнөдө
россия
украина
акш
батыш
саясат
согуш
сын
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e6/07/13/1066173778_0:0:2001:1125_1920x0_80_0_0_73010c1365a4f916d46b8c88a10b0e97.jpg
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Украинадагы согуш маанилүү этабына кирген мезгилде АКШ Европаны сындады. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазганын РИА Новости агенттиги таратты. Агенттик бул стратегия Украинадагы согуш чечиле турган учурга кирип жатканда пайда болгонун белгиледи. Макалада Евробиримдиктин тынчсызданып жатканы, буга Вашингтон Москва менен биргеликте Батышты капитуляцияга кептей турган келишимди иштеп чыгууну каалагандыгы себеп экендиги жазылат. Путин шейшемби күнү кечинде Кремлде Америка лидеринин атайын чабарманы Уиткофф менен күйөө баласы, Affinity Partners компаниясынын негиздөөчүсү Жаред Кушнерди кабыл алган. Россия тараптан жолугушууга Путинден тышкары анын жардамчысы Юрий Ушаков жана мамлекет башчынын чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүлү, Россиянын инвестициялар фондунунун башкы директору Кирилл Дмитриев катышкан. Сүйлөшүүлөр дээрлик беш саатка созулган. Ушаков жолугушуу пайдалуу жана натыйжалуу болду деп билдирген. Ал тараптар Америка тараптын Украинадагы тынчтыкты орнотуу сунушунун маңызын талкуулашканын, бирок азырынча бир кепке келише электигин белгилеген.
https://sputnik.kg/20251205/ukrainanyn-artynan-nato-menen-eb-kiyrayt-1098362464.html
украина
акш
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/13/1066173778_0:0:1717:1288_1920x0_80_0_0_1da24d2ce56bf4f9a4c6ab02c9783fdf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, акш, батыш, саясат, согуш, сын
дүйнөдө, россия, украина, акш, батыш, саясат, согуш, сын
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Украинадагы согуш маанилүү этабына кирген мезгилде АКШ Европаны сындады. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазганын
РИА Новости агенттиги таратты.
"Президент Дональд Трамп кол койгон 33 барактан турган Улуттук коопсуздук боюнча стратегияда Европа маданияты менен саясатын өзгөртпөсө жок болуп кетүү коркунучу бар экендигин Ак үй билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Агенттик бул стратегия Украинадагы согуш чечиле турган учурга кирип жатканда пайда болгонун белгиледи.
Макалада Евробиримдиктин тынчсызданып жатканы, буга Вашингтон Москва менен биргеликте Батышты капитуляцияга кептей турган келишимди иштеп чыгууну каалагандыгы себеп экендиги жазылат.
Путин шейшемби күнү кечинде Кремлде Америка лидеринин атайын чабарманы Уиткофф менен күйөө баласы, Affinity Partners компаниясынын негиздөөчүсү Жаред Кушнерди кабыл алган. Россия тараптан жолугушууга Путинден тышкары анын жардамчысы Юрий Ушаков жана мамлекет башчынын чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүлү, Россиянын инвестициялар фондунунун башкы директору Кирилл Дмитриев катышкан. Сүйлөшүүлөр дээрлик беш саатка созулган.
Ушаков жолугушуу пайдалуу жана натыйжалуу болду деп билдирген. Ал тараптар Америка тараптын Украинадагы тынчтыкты орнотуу сунушунун маңызын талкуулашканын, бирок азырынча бир кепке келише электигин белгилеген.