https://sputnik.kg/20251205/zhenil-onor-zhayy-eksport-1098365904.html
Керимкул уулу: Россия экспортту мыйзамдаштырууну беш жыл мурун эскерткен
Керимкул уулу: Россия экспортту мыйзамдаштырууну беш жыл мурун эскерткен
Sputnik Кыргызстан
"Легпром" жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин директору Азамат Керимбек уулу жеңил өнөр жай тармагындагы абал тууралуу... 05.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-05T14:44+0600
2025-12-05T14:44+0600
2025-12-05T14:44+0600
радио
кыргызстан
экономика
россия
товар
жеңил өнөр жайы
экспорт
азамат керимбек уулу
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/05/1098371837_0:188:3067:1913_1920x0_80_0_0_fd89d52dc0abf45524872f6794e21889.jpg
Керимкул уулу: Россия экспортту мыйзамдаштырууну беш жыл мурун эскерткен
Sputnik Кыргызстан
Керимкул уулу: Россия экспортту мыйзамдаштырууну беш жыл мурун эскерткен
Россия буга чейин эле "Честный знак" системасы кирип, товар жөнөтүү мыйзам талаасында гана жүрө турганын эскерткен. Бул тууралуу Азамат Керимбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, учурда жеңил өнөр жай тармагында абал оор. Ал Россиянын жаңы мыйзамына ылайык, Кыргызстандын өз юридикалык өкүлү болушу керектигин белгиледи. "Россиянын калкынын саны 145 миллион болсо, рыногунун жарымынан көбү маркетплейс. Анын 60 пайызын Wildberries, 14 пайызын Ozon ээлесе, калган 26 пайызын кадимки базарлар түзөрү 2024-жылдагы расмий маалыматта көрсөтүлгөн. Биздеги ишкерлердин көбү Wildberries аркылуу соода кылат. Алардын арасында мен да бармын. Өзүм өндүрүүчү, сатуучумун. Бирок көп цехтер бизде буюртма менен иштечү. Учурда Россиянын мыйзамдары күчтөнүп, текшерүүлөр жүрүп жатат. Женил өнөр жай тармагында көп жылдан бери иштейм. Ишкерлердин баары эле көмүскө иш алып барган жок. Арасында расмий келишим түзүп, расмий документтер менен иштегендери да бар. 2014-жылдары карго компаниялар ачылып, товарларыбызды аларга тапшырчубуз. Ушул көмүскө система иштеп келген. Бирок бул схема эскирди, мыйзам талаасында ачык иш алып баруучу учур келди. Мамлекет да буга даяр болушу керек болчу. Министрликтин жогорудагы бөлүмү саясат жүргүзүп, абалды алдын ала изилдеши керек эле. 2020-жылы бизди Энергетика жана өнөр жай министрлиги карап турганда семинарга Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги менен "Честный знактан" өкүлдөр келип, эскертүү берип кетишкен. Ошентип атайын ачылышы менен 2024-жылы бизге "Честный знактын " аналогу "Текшер" кирген. "Текшердин" ички системасы үч бөлүктөн (буюртма, код жана маркалоо) турат. Ушул үч талапты аткарган соң "менин цехимден момунча товар кетти" деп акырында кабыл алуучу тарапты да көрсөтүү керек. QR кодго буюртма берип, маркалап, товарды жөнөткөн соң, тосуп алуучу өкүлүбүз жоктугу көйгөй жаратууда", — деди Керимбек уулу. Ал тийиштүү мамлекеттик органдар бүгүнкү көйгөйдүн алдын алышы керек эле деген нааразычылыгын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/05/1098371837_287:0:3016:2047_1920x0_80_0_0_c123a097339e672e06886e9925d40c40.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, россия, товар, жеңил өнөр жайы, экспорт, азамат керимбек уулу, аудио
кыргызстан, экономика, россия, товар, жеңил өнөр жайы, экспорт, азамат керимбек уулу, аудио
Керимкул уулу: Россия экспортту мыйзамдаштырууну беш жыл мурун эскерткен
"Легпром" жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин директору Азамат Керимбек уулу жеңил өнөр жай тармагындагы абал тууралуу айтты.
Россия буга чейин эле "Честный знак" системасы кирип, товар жөнөтүү мыйзам талаасында гана жүрө турганын эскерткен. Бул тууралуу Азамат Керимбек уулу
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда жеңил өнөр жай тармагында абал оор.
"Ушуга чейин ишкерлер өзүбүзчө эле иштеп келдик. Мисалы, Экономика министрлигинде жеңил жана оор өнөр жай бөлүмү бар. Башында эмнеге толук иштешпейт, эмнеге ушул иштерди жасабайт деп баарыбыз ачууланчубуз. Анан барсак, бөлүмдө болгону 15 киши иштейт экен. Жеңил жана оор өнөр жайларынын тармагы көп болгондуктан кадр жетишпестигин көрдүк. Көйгөй да көп. Кабинеттен чыгып, биздин цехтерди кыдырууга убакыттары болбой жатат. Бирок жасашы керек эле. Ишкерлер азыр өндүрүшүн сыртка чыгара албай жатканына мамлекет гана жалгыз күнөөлүү дегенден алысмын. Бул жерде ишкерлердин да күнөөсү бар. Азыр сындашпай бириге турган убак келди. Учурда Россия мыйзамсыз товар киргизүүгө тыюу салып, кошумча нарк салыгын киргизип койду. Мындай көйгөйдүн чыгып жатканынын дагы бир себеби — Россияда кабыл ала турган юридикалык өкүлүбүз жок", — деди Керимбек уулу.
Ал Россиянын жаңы мыйзамына ылайык, Кыргызстандын өз юридикалык өкүлү болушу керектигин белгиледи.
"Россиянын калкынын саны 145 миллион болсо, рыногунун жарымынан көбү маркетплейс. Анын 60 пайызын Wildberries, 14 пайызын Ozon ээлесе, калган 26 пайызын кадимки базарлар түзөрү 2024-жылдагы расмий маалыматта көрсөтүлгөн. Биздеги ишкерлердин көбү Wildberries аркылуу соода кылат. Алардын арасында мен да бармын. Өзүм өндүрүүчү, сатуучумун. Бирок көп цехтер бизде буюртма менен иштечү. Учурда Россиянын мыйзамдары күчтөнүп, текшерүүлөр жүрүп жатат. Женил өнөр жай тармагында көп жылдан бери иштейм. Ишкерлердин баары эле көмүскө иш алып барган жок. Арасында расмий келишим түзүп, расмий документтер менен иштегендери да бар. 2014-жылдары карго компаниялар ачылып, товарларыбызды аларга тапшырчубуз. Ушул көмүскө система иштеп келген. Бирок бул схема эскирди, мыйзам талаасында ачык иш алып баруучу учур келди. Мамлекет да буга даяр болушу керек болчу. Министрликтин жогорудагы бөлүмү саясат жүргүзүп, абалды алдын ала изилдеши керек эле. 2020-жылы бизди Энергетика жана өнөр жай министрлиги карап турганда семинарга Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги менен "Честный знактан" өкүлдөр келип, эскертүү берип кетишкен. Ошентип атайын ачылышы менен 2024-жылы бизге "Честный знактын " аналогу "Текшер" кирген. "Текшердин" ички системасы үч бөлүктөн (буюртма, код жана маркалоо) турат. Ушул үч талапты аткарган соң "менин цехимден момунча товар кетти" деп акырында кабыл алуучу тарапты да көрсөтүү керек. QR кодго буюртма берип, маркалап, товарды жөнөткөн соң, тосуп алуучу өкүлүбүз жоктугу көйгөй жаратууда", — деди Керимбек уулу.
Ал тийиштүү мамлекеттик органдар бүгүнкү көйгөйдүн алдын алышы керек эле деген нааразычылыгын кошумчалады.