https://sputnik.kg/20251203/rossiya-menen-akshnyn-suyloshuusu-pikir-1098328114.html
Сүйлөшчү эч ким жок калат. Европа жолдо калып, Киевге капитуляция шарты жөнөтүлөт
Сүйлөшчү эч ким жок калат. Европа жолдо калып, Киевге капитуляция шарты жөнөтүлөт
Sputnik Кыргызстан
Президент Владимир Путиндин Вашингтондун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусуна бир нече күн даярдык көрүлдү. Бул жөн эле ишарат эмес, саясий мааниси терең... 03.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-03T19:11+0600
2025-12-03T19:11+0600
2025-12-03T19:11+0600
дүйнөдө
россия
акш
украина
владимир путин
стив уиткофф
сүйлөшүүлөр
билдирүү
шарт
согуш
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/03/1098322454_0:71:1350:830_1920x0_80_0_0_528097763d714f34d7b72bd4811efcfe.png
Президент Владимир Путиндин Вашингтондун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусуна бир нече күн даярдык көрүлдү. Бул жөн эле ишарат эмес, саясий мааниси терең аракеттердин жыйындысы болду дейт россиялык журналист, баяндамачы Виктория Никифорова. Макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.Алгач өлкө башчысы Бириккен аскер топторунун башкаруу пунктуна барып, жетекчилердин Красноармейскинин жана Харьков облусундагы Волчанскинин бошотулушу тууралуу докладын укту. Инвестициялык форумда сүйлөп жатып Россия президенти өлкө экономикасынын олку-солкулукка бекем туруштук берген туруктуулугу тууралуу айтып, батыш жетекчилерине башкаруунун командалык-административдик ыкмасы да жардам бербей жатканын белгиледи. Дал ушул "кемчилиги" үчүн батыштагылар Россияны жемелеп келишкенин да какшыктай эске салды. Муну менен катар эле Путиндин Индияга боло турчу сапарына даярдык токтогон жок, ал эми Сергей Лавров Кытайдын тышкы иштер министри менен сүйлөшүү жүргүзүп жатты. Дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттери Россия тарапта экени дагы бир ирет тастыкталды. Кечинде россиялык президент европалыктар тынчтык орнотуу процессине бут тосуп жатканын белгилеп, "Россиянын Европа менен согушуу ниети жок экенин, бирок Европа согуш отун тутанта турган болсо, Россия мына азыр даяр" экенин ачык айтты. Путин Европа менен жүрө турган согуш азыркы атайын операциядай болбой турганын, натыйжада "сүйлөшө турган эч ким жок калышы мүмкүн" экенин эскертти. Муну менен катар өлкө башчысы россиялык кемелерге каршы жүргүзүлүп жаткан пираттыкка каршы күрөшүүнүн планын да ачыктады: украин портторуна жана ага кирген кемелерге сокку уруунун номенклатурасын кеңейтүү, мындай террорчулукту колдогон мамлекеттердин кемелерине сокку уруу ыктымалдыгы, эң акыркы чара катары Укринаны деңизден биротоло ажыратуу каралган. Президент каалоочуларды Красноармейскиге чакырып, аймакты россиялык армия толугу менен көзөмөлдөп жатканына ынанып кетүүнү сунуштады. Мунун баары Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен сүйлөшүүгө "даярдык" эле. АКШ президентинин өкүлү менен күйөө баласы бул маалда Москваны суктана кыдырып, орустун тамактарын даамдап жүрүшкөн. Саат сегиз ченде (Бишкек убактысы менен саат 23.00) жолугушуу башталып, сүйлөшүү дээрлик беш саатка созулду. Талкуу жүргөн убакыттын өзү эле Кремль Украина маселесин өзгөчө көңүл бурарын айгинелейт. Эгер Москва коопсуздук жаатында артка чегине турган болсо, бул өлкө чек арасында өтө кооптуу кырдаалды жаратат. Россия кылымдарга созула турган тынчтыктын орношун кааласа, абалды жөнгө салуу боюнча документтерди кылдат карап, ар бир деталын сыдыргыга салгандай көздөн өткөрүшү зарыл. Жоопкерчиликтүү мамиленин дагы далили — тараптардын сүйлөшүүнүн маңызын купуя кармашы. Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков айткандай, "баарлашуу өтө жашыруун мүнөздө өттү". Бул орус дипломатиясынын өзгөчөлүгү, анда ураалаган айкырыкка, жалган маалыматка, ар кандай божомол имиштерге орун жок. Деген менен сүйлөшүүнүн орчундуу жери аймактык маселе болгону маалым, азырынча тараптар мунасага келе элек. Ушаковдун аймытында, жолугушуунун максаты Украинада узакка созулчу тынчтык орнотуу. Дагы бир маанилүү маселе — келечекте Россиянын да, АКШнын да экономикасын жаңы баскычка көтөрө турган масштабдуу экономикалык кызматташуу. Азыр эки жак тең бул багытта анча жакшы эмес күндөрдү башынан кечирүүдө. Талкуу пайдалуу жана жемиштүү болду. Ушаков да, Кирилл Дмитриев да ушундай пикирде. Ошентсе да эки тараптын тең алдында чоң иштер турат. Диалог учурунда Путин европалыктардын терс аракетине баа берди, алардын планы эске алынган эмес сыяктуу. Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер аркылуу Владимир Путин салам дубай жөнөттү, бул жөн гана сыпайылык эмес. Бул — атайын каналдар аркылуу эң талуу маалымат менен алмашуу, ошондой эле жогорку деңгээлдеги жылуу, достук мамиле. Украина маселесин жөнгө салууга Дональд Трамп да жоопкерчиликтүү мамиле жасоодо. Буга эски досу Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнерди тартканы да бекеринен эмес. Эки ири держава лидерлеринин Украина боюнча позициясы, көз караштары белгилүү. Европа ара жолдо калды. Киевчи? Киевге Россиянын сунуштары, башкача айтканда, капитуляция шарты берилет. Багынууну каалабаса — кийинки шарт мындан катаал, мындан оор болот.
https://sputnik.kg/20251203/kreml-putin-menen-uitkofftun-zholugushuusu-tuuraluu-1098309198.html
https://sputnik.kg/20251203/yevrodeputat-ukraina-zhanzhal-sozdukturuu-sebebi-1098310380.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Виктория Никифорова
https://sputnik.kg/img/07e8/02/0c/1082638801_183:0:405:222_100x100_80_0_0_c2ba56ad525738c704949fa7e475ec9e.png
Виктория Никифорова
https://sputnik.kg/img/07e8/02/0c/1082638801_183:0:405:222_100x100_80_0_0_c2ba56ad525738c704949fa7e475ec9e.png
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/03/1098322454_75:0:1275:900_1920x0_80_0_0_7464ac4c9baad83ff8e5737765d75bd7.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Виктория Никифорова
https://sputnik.kg/img/07e8/02/0c/1082638801_183:0:405:222_100x100_80_0_0_c2ba56ad525738c704949fa7e475ec9e.png
дүйнөдө, россия, акш, украина, владимир путин, стив уиткофф, сүйлөшүүлөр, билдирүү, шарт, согуш, тынчтык
дүйнөдө, россия, акш, украина, владимир путин, стив уиткофф, сүйлөшүүлөр, билдирүү, шарт, согуш, тынчтык
Президент Владимир Путиндин Вашингтондун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусуна бир нече күн даярдык көрүлдү. Бул жөн эле ишарат эмес, саясий мааниси терең аракеттердин жыйындысы болду дейт россиялык журналист, баяндамачы Виктория Никифорова. Макала РИА Новости агенттигине жарыяланды. Алгач өлкө башчысы Бириккен аскер топторунун башкаруу пунктуна барып, жетекчилердин Красноармейскинин жана Харьков облусундагы Волчанскинин бошотулушу тууралуу докладын укту.
Инвестициялык форумда сүйлөп жатып Россия президенти өлкө экономикасынын олку-солкулукка бекем туруштук берген туруктуулугу тууралуу айтып, батыш жетекчилерине башкаруунун командалык-административдик ыкмасы да жардам бербей жатканын белгиледи. Дал ушул "кемчилиги" үчүн батыштагылар Россияны жемелеп келишкенин да какшыктай эске салды.
Муну менен катар эле Путиндин Индияга боло турчу сапарына даярдык токтогон жок, ал эми Сергей Лавров Кытайдын тышкы иштер министри менен сүйлөшүү жүргүзүп жатты. Дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттери Россия тарапта экени дагы бир ирет тастыкталды.
Кечинде россиялык президент европалыктар тынчтык орнотуу процессине бут тосуп жатканын белгилеп, "Россиянын Европа менен согушуу ниети жок экенин, бирок Европа согуш отун тутанта турган болсо, Россия мына азыр даяр" экенин ачык айтты. Путин Европа менен жүрө турган согуш азыркы атайын операциядай болбой турганын, натыйжада "сүйлөшө турган эч ким жок калышы мүмкүн" экенин эскертти.
Муну менен катар өлкө башчысы россиялык кемелерге каршы жүргүзүлүп жаткан пираттыкка каршы күрөшүүнүн планын да ачыктады: украин портторуна жана ага кирген кемелерге сокку уруунун номенклатурасын кеңейтүү, мындай террорчулукту колдогон мамлекеттердин кемелерине сокку уруу ыктымалдыгы, эң акыркы чара катары Укринаны деңизден биротоло ажыратуу каралган. Президент каалоочуларды Красноармейскиге чакырып, аймакты россиялык армия толугу менен көзөмөлдөп жатканына ынанып кетүүнү сунуштады.
Мунун баары Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен сүйлөшүүгө "даярдык" эле. АКШ президентинин өкүлү менен күйөө баласы бул маалда Москваны суктана кыдырып, орустун тамактарын даамдап жүрүшкөн.
Саат сегиз ченде (Бишкек убактысы менен саат 23.00) жолугушуу башталып, сүйлөшүү дээрлик беш саатка созулду. Талкуу жүргөн убакыттын өзү эле Кремль Украина маселесин өзгөчө көңүл бурарын айгинелейт. Эгер Москва коопсуздук жаатында артка чегине турган болсо, бул өлкө чек арасында өтө кооптуу кырдаалды жаратат. Россия кылымдарга созула турган тынчтыктын орношун кааласа, абалды жөнгө салуу боюнча документтерди кылдат карап, ар бир деталын сыдыргыга салгандай көздөн өткөрүшү зарыл.
Жоопкерчиликтүү мамиленин дагы далили — тараптардын сүйлөшүүнүн маңызын купуя кармашы. Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков айткандай, "
баарлашуу өтө жашыруун мүнөздө өттү". Бул орус дипломатиясынын өзгөчөлүгү, анда ураалаган айкырыкка, жалган маалыматка, ар кандай божомол имиштерге орун жок.
Деген менен сүйлөшүүнүн орчундуу жери аймактык маселе болгону маалым, азырынча тараптар мунасага келе элек. Ушаковдун аймытында, жолугушуунун максаты Украинада узакка созулчу тынчтык орнотуу.
Дагы бир маанилүү маселе — келечекте Россиянын да, АКШнын да экономикасын жаңы баскычка көтөрө турган масштабдуу экономикалык кызматташуу. Азыр эки жак тең бул багытта анча жакшы эмес күндөрдү башынан кечирүүдө.
Талкуу пайдалуу жана жемиштүү болду. Ушаков да, Кирилл Дмитриев да ушундай пикирде. Ошентсе да эки тараптын тең алдында чоң иштер турат. Диалог учурунда Путин европалыктардын терс аракетине баа берди, алардын планы эске алынган эмес сыяктуу.
Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер аркылуу Владимир Путин салам дубай жөнөттү, бул жөн гана сыпайылык эмес. Бул — атайын каналдар аркылуу эң талуу маалымат менен алмашуу, ошондой эле жогорку деңгээлдеги жылуу, достук мамиле.
Украина маселесин жөнгө салууга Дональд Трамп да жоопкерчиликтүү мамиле жасоодо. Буга эски досу Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнерди тартканы да бекеринен эмес.
Эки ири держава лидерлеринин Украина боюнча позициясы, көз караштары белгилүү. Европа ара жолдо калды. Киевчи? Киевге Россиянын сунуштары, башкача айтканда, капитуляция шарты берилет. Багынууну каалабаса — кийинки шарт мындан катаал, мындан оор болот.