00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Агартуу министрлиги "Учкун" басмаканасынан 5-класстын окуучулары үчүн чыгарылган математика предмети боюнча окуу китептерин алганын кабарлады. Китептер окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 87 150, ал эми орус тилинде окуткан билим жайлары үчүн 66 030 нускада даярдалган. Министрликтен эми китеп тартыш болбой турганын айтышты.
Кыргызстанда эми "Түндүк" тиркемесинен жер тилкеси жана кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматты текшерип алууга болот. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.Анын айтымында, бул үчүн кыймылсыз мүлккө менчик укугун тастыктаган маалым каттар жайгаштырылган "Менин кыймылсыз мүлкүм" бөлүгүнө кирүү керек. Ал эми "Мамлекеттик реестрден көчүрмө" деген бөлүктөн менчик ээси тууралуу, ошондой эле анын кадастрдык кодун киргизүү менен жер тилкесине укугун тастыктаган маалыматтарды алууга болот. Жер тилкелери менен кыймылсыз мүлк объектилеринин коддору кадастр картасындагы darek.kg тиркемесинде жеткиликтүү.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактарда Кыргызстан менен Кытай жарандарынын ортосунда никелешүү көбөйүп жатат деген маалымат боюнча үн катты. Ага ылайык, 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө катталган мындай никелердин саны болгону 129ду түзөт. Алардын көпчүлүк бөлүгү Кытай жарандары болуп саналган ар кандай этникалык топтордун, анын ичинде этникалык уйгурлардын, дунгандардын жана башка өкүлдөрдүн ортосунда түзүлгөн. Ошол эле учурда титулдук улуттун өкүлдөрү менен кытайлыктардын ортосундагы никелердин саны 44тү түзөт, алардын көпчүлүгү Кытайга туруктуу жашоого кеткендер. Бул процесстер Кыргызстандагы жалпы демографиялык кырдаалга таасир этпейт. УКМК расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.
Ош мэриясынын имаратынын чатырына күн панелдери орнотулат. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти. Маалыматтарга караганда, шаар бийлиги энергияны үнөмдөө жана имараттын энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында ушундай чечим кабыл алынганын айтты. Учурда муниципалитет жана президенттин облустагы өкүлчүлүгү жайгашкан имаратты оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Кыргызстандык спортчулардын виза маселесинен улам Бириккен Араб Эмирликтеринде өтө турган бокс боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш салтанатын 4-декабрга жылды. Бул тууралуу Мамлекеттик спорт агенттиги билдирди. Эскерте кетсек, биринчилик бүгүн, 3-декабрда, башталмак. Буга чейин кыргыз спортчуларынын виза албай калганы маалымдалып, кийинчерээк Бокс федерациясы көйгөй чечилгенин айткан болчу. Турнир Дубай шаарында өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0